Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:25

Бүгүн Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюму ага мүчө өлкөлөрдө түстүү ыңкылаптарды алдын алуу боюнча талкуу уюштуруп жатат.

Минскиде өтүп жаткан тегерек үстөлдү Жамааттык коопсуздук жана келишим уюму Беларустун Коопсуздук кеңеши менен биргеликте уюштурууда. Анда аталган уюмга мүчө өлкөлөрдөгү түстүү ыңкылаптарды алдын алуу үчүн бийлик өкүлдөрү менен коомдун байланышы талкууланат.

Уюмдун маалымат катчысы Владимир Зайнетдинов “Азаттыкка” билдиргендей, жыйынга ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа баштаган уюмга мүчө өлкөлөрдүн эксперттери, саясат таануучулар катышмакчы:

- Чындыгында эле дал ушундай тегерек үстөл өткөнү жатат. Анда ЖККУ баш катчысы Николай Бордюжа атайын доклад окуйт. Тегерек үстөл бул багыттагы эксперттердин катышуусу менен өтөт.

ЖККУнун расмий сайтында жарыялангандай, тегерек үстөлдө Грузия, Украина, Кыргызстан, Ливия, Тунис сыяктуу түстүү ыңкылап орун алган өлкөлөрдүн мисалында сырттан кийлигишүүнүн механизмдери, сырткы күчтөрдүн чагымчыларды колдонуу ыкмалары, коомдук-саясий абалды дестабилдештирүү үчүн каржылоонун жолдору талкууланат. Ошондой эле мындай ыңкылаптарды уюштурууда бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын, социалдык тармактардын мааниси тууралуу да сөз болмокчу.
ЖККУнун Москвада өткөн жыйыны. 16-май, 2012-жыл.

ЖККУнун Москвада өткөн жыйыны. 16-май, 2012-жыл.

ЖККУ жакындан тарта дал ушундай тегерек үстөл талкууларды уюштурууну колго алды. Буга чейин коопсуздук, аймактагы саясий абал жаатында бир катар тегерек үстөлдөрдү өткөрүп келген. Ал эми бул жолку талкуу түстүү ыңкылаптарды алдын алуу темасына арналганын бир катар эксперттер Украинадагы соңку окуялардан улам дүйнөлүк саясаттагы өзгөрүүлөргө байланыштырып жатышат. Маселен, мындай пикирди жактагандардын бири - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев:

- ЖККУнун катчылыгынын расмий сайтын карай турган болсок, акыркы учурда мындай тегерек үстөлдөр абдан арбын өтө баштады. Борбор Азияны алсак, Ооганстандан эл аралык күчтөр чыгарылган соң коопсуздук маселелерин сактоого байланыштуу болуп келген. Бирок Украинадагы окуялар күн тартипти өзгөртүүгө мажбур кылды. Ошондуктан бүгүнкү тегерек үстөл Украинадагы окуялардан улам уюштурулуп жатат деп ойлойм.

Мамасалиев кошумчалагандай, ЖККУнун мындай тегерек үстөлдөрдү өткөрүп, ар түрдүү ыңкылаптардан сактануу аракети эң ириде Орусиянын геосаясий көз карашына төп келүүдө:

- ЖККУга жумшалган каражаттын 80 пайызын Орусия көтөрөт. Ошондуктан бул уюмга, анын жүргүзгөн саясатына бул өлкөнүн таасири канчалык болоору көпчүлүккө эле белгилүү. Сөзсүз түрдө ЖККУ саясий курал катары Орусиянын колунда жүрөт.
Канттагы авиабазадагы ЖККУ менен Орусиянын желеги. 12-август, 2012-жыл.

Канттагы авиабазадагы ЖККУ менен Орусиянын желеги. 12-август, 2012-жыл.

Ал эми Кыргызстандын коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министри Токон Мамытов дал ушундай кырдаалда аймактагы коопсуздук маселелерин талкуулап туруу ЖККУнун милдети экенин белгилейт:

- Албетте ЖККУ, НАТО сыяктуу глобалдык оюнчуга айланган уюмдардын өз кызыкчылыгындагы аймактар болот. Дал ушул аймакта туруксуздук, козголоң чыгып, саясий-аскердик кырдаалды оордоткон шартты алдын алууга жөндөмдүү болушу керек. Уюштурулуп жаткан тегерек үстөлдөрдү мына ушундай иш-чара катары баалашыбыз керек. Маселен, НАТО деле Украина баш болуп, Косоводогу, Балкандагы окуяларга аралашып, өз таасирин тийгизип жатпайбы.

Дал ушундай эле пикирди генерал Марат Иманкулов да колдойт. Бирок Иманкулов кайсы бир мамлекетте бийлик демократиялык системаны орното албаса, ЖККУ сыяктуу уюмдар канчалык аракет кылса да саясий өзгөрүүлөрдү алдын алууга мүмкүн эмес деп эсептейт:

- Ар кыл ыңкылаптарды болтурбоо үчүн эң алгач ар бир мамлекет аракет кылышы керек. Ошол мамлекеттеги авторитаризмге жол бербей, коррупциялашкан системаны орнотпошу зарыл. Болбосо, ЖККУ сыяктуу уюмдар канчалык аракет кылбасын, калыстык жок мамлекетте мындай ыңкылаптарды болтурбай коюу мүмкүн эмес.

Негизи, постсоветтик аймакта түстүү ыңкылап деген түшүнүк 2003-жылдагы Грузиядагы Роза ыңкылабы менен кирген. Андан соң 2004-жылы Украинада Кызгылтым ыңкылап жана 2005-жылдагы Кыргызстандагы бийлик алмашууну саясий эксперттер дал ушундай ыңкылаптардын катарына кошкон. Мындай ыңкылаптарды ишке ашырууда сырткы күчтөр маанилүү рол ойногонун адистер белгилеп келишет.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG