Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

“Артынан кылапат айтпагыла” дейт. Мындагы “кылапат” деген сөз: “Ал жөнүндө сөз кылбагыла. Аны жөнү жок эле билип-билбей жамандай бербегиле” деген маанини билдирет. “Ажыкыз” деген сөз бар, “ажыкыз” деген эркектин да аялдын да жыныстык белгилери бар адам же “кызтеке” деген түшүнүк. Мунун экинчи бир мааниси “обужок, орунсуз” сөздөрдү көп айткан эзме киши дегендикти да туюнтат. “Абдыш аябай ажыкыз неме окшойт, көп сүйлөй берип башты оорутту” дейт.

Азыр “айдайкел” деген сөздүн анык маанисин билбегендер көп. Өз демилгеси менен иштебеген, тапшырма берсе иштеп, бербесе жата берген жалкоо адамдарга айтылчу сөз ушул.

Акыркы мезгилде “саркеч” деген сөз лексикабызга кирди. Бирок менин айрым бир кесиптештерим радио менен теледен “саркеч” деген сөздү туура эмес колдонуп, “саркеч адамдарга тигилген кийимдер” деп сүйлөчү болушту. “Саркеч” деген өзгөчө үлгүдө жасалган буюмдар же тигилген кийим-кечелер” деген түшүнүк. Бул сөз эч качан адамдарга карата айтылбайт. Демек “саркеч адамдар” дегендин өзү туура эмес болуп саналат. Токтогулдун айтылуу “Алымкан”аттуу ырындагы “Саркечтеп түйгөн жоолугуң, Алымкан сарсанаа кылат жоругуң” деген саптарды эстегилечи?

“Кара жамгыр” деп коет. Шатырата төгүп, катуу жааган жамгырды “кара жамгыр” деп коет. Кээде муну “Нөшөрлөгөн жаан” же “Кара нөшөр” деп да айтат. Мисалы, “Нөшөрлөп жааган жаан кечке жуук карга айланды” дейт. “Ак жаан” деген да бар. Майдалап, узакка жааган жамгырды “ак жаан” деп атайт. “Шамал басылары менен күн ак жаанга айланды” дейт.

“Сүткор” деген сөз бар. Өзү үчүн пайда алып келүү максатында бирөөгө процент менен карыз акча, мал же жана башка бере турган адамды “сүткор адам” дейт.

Кыргызда “Ырабат” деген сөз бар. Илгери кудай алдында күнөөгө батып, кийин акыл-эсине келгенде сооп издеген байлар тогуз жолдун тоомуна салдырган кербен сарайды “Ырабат” деп аташкан. Буга мисал катары Ат-Башыдагы “Таш - Ырабатты” айтсак жетиштүү болот.

“Шашке” деген түшүнүк бар. “Күн шашке болуп калды” деп коет. Эртең мененки убак, күн көтөрүлүп каалган маалды “шашке” дейт. Бирок кыргыздар “Эрте шашке, чоң шашке, улуу шашке” деп да айткан. “Эрте шашкеси” Күн көтөрүлүп калгандагы учур. “Улуу шашкеси” түшкө жакындап калгандагысы же жалган түш мезгили.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG