Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Режиссерго мукураган театрлар


Кыргыз артисттери.
Кыргыз артисттери.

Бүгүнкү күндө кыргыз театрында режиссер тартыш. Таланттуу режиссерлордун мектеби бүгүн бөксөрүп, кээ бир спектаклдерди чет өлкөлүк режиссерлорду чакырып койдурган учурлар бар. Режиссердук кесиптин кадыры кеттиби?

Кыргыз театрынын гүлдөгөн мезгили Бообек Ибраев, Жалил Абдыкадыров, Медербек Назаралиев, Искендер Рыскулов, Алмаз Сарлыкбеков сыяктуу таланттуу режиссерлор иштеп турган кездерге туура келет. Алар өзгөчө чыгармачылык жигер менен иштеп, актерлордун дүйнөсүн аңтарып, талантын ачууга чоң салым кошуп, көрүүчүнү тамшандыра алышкан. Бүгүн ошондой кудуреттүү режиссерлордун катары азайып кеткенин театр сүйүүчүлөрү көп кеп кыла башташты.

Режиссердун каатчылыгын “Учур” мамлекеттик жаштар театрынын директору Шаршенбек Шейшенов да бышыктады:

- Кыргыз театрында режиссер өтө тартыш. Бул чынында көкөйдү кескен маселе. Беш-алтоо эле десек болот. Режиссерлордун жетишсиздигинен улам учурда артисттер режиссерлук кыла баштады. Мисалы, Кыргыз академиялык драма театрынын режиссеру Марат Козукеев кесиби боюнча артист. Ошол эле учурда артист Назым Меңдибаиров да режиссерлук кылып, спектакль коюп келет. Чынында режиссерлордун тартыштыгынан улам артисттер режиссерлукка багыт алып жатышат.

Жогоруда айтылгандай, бүгүн Кыргыз академиялык улуттук драма театры үчүн кесиби боюнча актер Марат Козукеев көрүүчүлөрдүн сынынан өтүп, көч улаган кийинки муундагы саналуу режиссерлордун бири. Кыргыз академиялык драма театрынын директору Темирлан Сманбеков мына ушуну белгиледи:

- Бүгүнкү күндө өзүнүн жаңы көз карашы, өзүнө тиешелүү кол тамгасы менен Марат Козукеев деген жаңы режиссер пайда болду десек болот. Учурда Улуттук драма театрында иштеп жатат. А чын-чынына келгенде режиссерлук жагынан бир топ тартыштыктар бар. Бир топ театрларыбызга кесипкөй режиссерлор жетишпей жатканы чындык. Тартыштык болбош үчүн биз таланттуу балдарыбызга колдон келишинче жардам берип, окутуп, билим алдырып, анан алып келип пайдаланышыбыз керек.

Анткен менен режиссер Шамил Дыйканбаев кыргыз маданиятынын очогу саналган драма театрлар үчүн режиссерлорду даярдоону мамлекет камкордукка албай жатат деп кейиди:

- Ар бир театрдын штатында жок дегенде экиден режиссер иштеш керек эле. Силер карап көргүлөчү, азыр көпчүлүк театрларда бир дагы режиссер жок. Анын эң башкы маселеси баягы эле, канча жолу айта берип тил тешилди, бул кадрларды даярдоо маселеси. Мисалы, азыр сыртта окуп жаткан бир эле балабыз бар. Улан Мырза деген. Ал азыр Санк-Петербургда театралдык окуу жайда экинчи курста окуп жүрөт. Эми ошону күтүп жатабыз. Келип бизге иштеп берет деп.

Маалыматтарга караганда, Кыргызстандын өзүндө деле бул адистикке даярдоо солгун экен. Бүбүсара Бейшеналиев атындагы маданият жана искусство университетинин режиссердук адистигине окуганы киргендер арасында деле башка адистикке өтүп кеткендер көп болуп, ашып кетсе бир-экөө режиссер деген адистикке ээ болуп чыгат. Буга биринчи кезекте иштин жана иштөөгө шарттын, чыгармачылык колдоонун жоктугу себеп болуп жатат. Мындай жагдай драмалык режиссердун кадырын билбестиктен чыгып жатканын актер Жолдошбек Жанжигит уулу айтты:

- Мисалы, азыр Нурлан Асанбеков, Нурлан Абдыкалыков, Шамил Дыйканбаев, Камат Касенов сыяктуу таланттуу театр режиссерлору бар. Азыркы кезде Шамил Дыйканбаев шаардык театрга Жусуп Мамайдын “Манасын” коюп жатат. Калганы бир жылда бир жолу иштебесе калган учурда бош жүрөт. Башка жактан чакыргандан көрө өзүбүздүн адистерди колдонсок жакшы болот эле.

Актер акыркы кездери тигил же бул спектаклдерди коюуда башка өлкөлөрдөн режиссерлорду чакырып жаткан көрүнүштү дегеле колдобойт.

Театр ишмерлери союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетов болсо режиссер Отунчу Сарбагышев өңдүү таланттар дайыма эле чыга бербестигин белгилеп, муну адистик билимге эмес, биринчи кезекте талантка көз карандылыгы менен негиздеди:

- Режиссерлордун каатчылыгы бүгүнкү эле маселе эмес. Европалык типтеги кыргыз театры уюшулгандан бери эле режиссерлор дайыма тартыш болуп эсептелет. Режиссерлук адистикке ээ болгондор топ-топ болуп чыкпайт. Режиссерлор бирден же экиден даярдалып, он, он беш жылда акырындап пайда болот.

Ошол эле мезгилде театр тармагын жетектегендер бул өксүктү чет өлкөлүк алдыңкы театрлар менен тыгыз кызматташуу, чыгаан режиссерлордун тажрыйбасын үйрөнүү аркылуу жойгусу келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG