Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

Бишкекте жаштарды маданий агартуу мекемелерге тартуу тренингдери өтүп жатат. Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө да театр, китепкана, музейге барган жаштардын саны азайып баратканы проблема бойдон калууда.

Жаңы муун маданий агартуу мекемелери өздөрүнүн иштөө ыкмасын азыркы заманга ылайыкташтырбагандан улам жаштарды өзүнө тарта албай жатканын белгилешет.

Шаар борборунда курдаштары менен эс алып жүргөн 15 жаштагы Айдай “жаштар эмне үчүн бош учурунда маданий мекемелерге барбайт?” - деген соболубузга мындайча жооп берди:

- Президент Барак Обама балдар менен чогуу ар кандай шоу-программаларга катышып жүрөт. Бизде деле чоң кишилер театрга, китепканаларга, музейлерге барып, жаштарга үлгү көрсөтсө жакшы болмок. Алар маданий мекемелерден эмне көргөнүн, кандай таасир алганын теледен айтып берсе, биз деле барабыз. Мисалы, бизде жыл сайын өтүп келген президенттик балатыга ар бирибиз катышкыбыз келет. Себеби ага президент өзү келип, өз колу менен белек берет. Башка балдар да белек алып калабызбы деп үмүттөнөт. Ал эми берки театрларга эч ким барбаса, аты чыкпаса аларга эч кимдин деле баргысы келбейт.

Айдайдын пикиринде, учурда Кыргызстандагы маданий мекемелердин дээрлик баары совет доорундагы эски система, эски жасалга, эски усулдар менен иштейт.

Көркөм сүрөт музейинин илимий кызматкери Бактыгүл Капалова учурда өлкөдө маданий мекемелер техникалык жактан азыркы заманга ылайыкташа элегине кошуларын айтып, ошол эле учурда кыргыз коомчулугунда маданий жайларга баруу маданияты дагы да болсо калыптана элек деген оюн билдирди:

- Чет өлкөдөгү музейлердин босогосун аттап киргенде эле балдар үчүн да атайын шарттар түзүлгөнүн көрөбүз. Мисалы, музейлерде чакан буфеттер бар. Ал жерде тамак ичсе болот. Балдарды ойното турган атайын аянтчалар бар. Музейдеги экспонаттар да заманбап техникалык жетишкендиктер менен жабдылган. Үн, жарык менен коштолот. Зоомузейде куштардын сайраганын уксаңыз болот. Суулар агып турат. Айтор, кайсы тармактагы музейге кирсеңиз имараттын ичинде ошол дүйнөгө кирип кеткендей болосуз.

Капалова чет өлкөлүк музейлердин мындай аракеттери жеке эле жаштарды эмес, бардык муун өкүлдөрүн өзүнө тартуу аракети экенине токтолду.

Жаштарды маданий агартуу мекемелерине тартуу тренингине катышып жаткан Бактыгүл Мидинова учурда жаштар маданий жайларга окуу жайлардын тапшырмасы менен гана бара турганын айтып, тренингде айтылган тажырыйбалар менен бөлүшө кетти:

- Мисалы, Санкт-Петербургда “Балдар маданияты” жумалыгы белгиленет. Мында маданий мекемелер биргелешип иштеп, балдар аталган шаардагы маданий мекемелердин баарын кыдырып чыгышат. Ага атайын багыттама түзүлөт. Ага ылайык билет сатылат. Мында ата-энелер балдары менен чогуу программа боюнча маданий мекемелерди кыдырып чыгат. Анда шарттары жазылган. Көпчүлүк иш-чаралары оюн түрүндө өткөрүлөт. Негизинен мында балдарды кийинки жылы да келүүгө үндөгөн аракеттер бар.

Мидинова Кыргызстанда маданий агартуу мекемелеринин ички ресурустары бай экенин, бирок аны көрүүчүлөргө сунуштоо ыкмалары өнүкпөгөнүн белгиледи.

Акыркы жылдарда кыргыз коомчулугу маданий баалуулуктардан четтеп, артыкча саясатташып кеткени айтылып келет. Учурда жаңы чыккан китепке, бет ачары өткөн спектаклге караганда кайсы бир саясатчынын жеке маселеси чоң талкууга алынат. Парламенттин депутаты Садык-Шер-Нияздын айтымында, коомдун мындай абалга келишине ММКнын да таасири бар:

- Биз көбүнчө мамлекеттеги механизмдерди так иштете албай жатабыз деген ойдомун. Мисалы, бизде мамлекеттик казынадан каржылаганган телерадио каналдар бар. Алардын коомдун аң-сезимин, маданиятын өстүрүүгө багытталган атайын программалары болушу керек эле. Менимче алардын андай программалары жок. Тескерисинче биз ал каналдарды саясый ишке көбүрөөк пайдаланган учурларыбыз кездешет. Мындай иште алар өздөрү ыкчамдык көрсөтүп жатышат.

Садык Шер-Нияз журналисттер коомчулукка саясий тирешүүлөрдү эмес, дүйнөлүк жана улуттук маданияттын үлгүлөрүн сунуштап турса деген ойдо.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Марлен Солянов жаштарды маданиятка үндөө боюнча мамлекеттик иш-чараларга жалпылап токтолуп кетти:

- Жыл сайын студенттер аралык театралдык сынак өтүп турат. Быйыл окуучулар арасында да сынак уюштурулду. Жаштарга маданият жана искусство боюнча билим берүү багытында орто окуу жайлардан баштап, эки жогорку окуу жайы иштеп жатат. Мындан сырткары ар бир райондо айылдык китепканалар ачылган. Ошол эле учурда жергиликтүү маданият үйлөрүндө сүрөт, бий, ыр ийримдери иштейт. Мындан улам Маданият министрлиги жалпы өлкө боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп келет десек болот.

Кыргызстанда жалпысынан 78 музей бар. Ал эми 18 мамлекеттик, ондон ашык жеке менчик театр, эки миңден ашуун китепкана бар экени айтылып келет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG