Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:40

Алайдын абасынан бүткөн талант


Бактыгүл Бокоева акыркы жылдары Жакомо Пуччининин “Мадам Баттерфляй” операсындагы баш каарман Чио Чио Санды аткарып жүрөт. Сопрано үндүү ырчы, искусство төрүнө кантип келип калган?

XX кылымдын башы. Жапония, Нагасаки. Жапон гейшасы Чио Чио Сан менен америкалык деңиз флотунун лейтенанты Пинкертон ушул жерден таанышат. Жаш офицер Пинкертон утурумдук кумар үчүн кызга үйлөнөт. Бирок Чио Чио Сандын ага болгон сезими тунук болчу. Күйөөсү үчүн христиан динин кабыл алат. Туугандарынан чыгат. Көп убакыт өтпөй Пинкертон Америкага кетип, ал жактан башкага үйлөнөт. Чио Чио Сан ал чыккынчылыктан кабарсыз, күтүү менен күн өткөрөт. Акыры бардык чындык ашкере болгондо өзүнө-өзү канжар уруп, жан берет.

XX кылымдын башында жазылган Жакомо Пуччининин “Мадам Баттерфляй” операсындагы Чио Чио Санды кыргыз сахнасында узак жылдар бою Кайыргүл Сартбаева ырдап келгени маалым. 2009-жылдан бери аны Бактыгүл Бокоева аткарып жүрөт. Ырчы операнын оордугун, кээде ролго кирип кетип, андан чыга албай кыйналарын айтууда:

- Мен дайыма эмнеге Чио Чио Санга келгенде ооруп калам деп ойлой берем. Өзүңдү жакшы сезип келесиң да, анан эле премьерага 3 күн калганда алсырай баштайсың. Дене табым 38-39 градусту көргөзүп турганда да ырдаган учурлар болду. Башка операларда бир арияны, квинтет же квартеттерди аткарган соң эс алганга убакыт табылат да. Мында болсо үч саат сахнадан жылбайсың. Бирок кандайдыр бир касиети бар. Жардам берет.



Бактыгүл Бокоевага “Мадам Баттерфляйды” сахнага алып чыгарда Эл артисти Кайыргүл Сартбаева кеп-кеңешин айтып, даярдаган экен. Жада калса баскан-тургандан өйдө үйрөткөнүн айтат:

- Кайыргүл Сартбаева эжебиз Чио Чио Санды ырдаарда мага аябай жардам берди. Кантип туруп, кантип басканга чейин үйрөттү. Эми гейшалардын кылыктанганы да башкача го. Аны туурай албай биртоп убара тарттым. Эже анда “Алайда жүргөндөй эле басып кетип жатасың, сахна деген ыйык” деп урушуп калчу.

Бактыгүл Бокоеванын Чио Чио Санды ырдаганына Жапониядан келген атайын өкүлдөр да күбө болушуптур. Улуу тоодо өскөн кыздын деңиз жээгиндеги жапон аялдын трагедиясын ийине жеткире аткарганына баа беришкен экен.

- Кайсы бир жылы бизге жапон дирижеру келди. Концертте мен Чио Чио Сандын ариясын ырдап чыктым. Анан бүткөндөн кийин кимоно кийигизип жатышпайбы мага. Түйүнчөккө түйүп алыптыр. Сахнадан алып чыгып, сарпай кийгизгендей эле кийгизген. Ошондон кийин мен Чио Чио Санды дайыма ырдаганга өзүмө сөз бергем.

"Айчүрөк" касиеттүү чыгарма

Бактыгүл Бокоева Алайдын кызы. Айылда жүргөн кезде ырчы болуу ниети жок экен. Музыка мугалими болом деп борборго келип, окууга өтпөй калат.

- Улуу эжем музыкадан сабак берчү да. Аны көрүп кызыгаар элем. Мектепти бүткөндөн кийин азыркы Арабаев атындагы институттун музыкалык факультетине тапшырып, эки жыл катары менен өтпөй калдым. Анан филармониянын алдындагы студияга барып, дагы куладым. Буйрук экен операнын студиясына тапшырып, өтүп кеттим.

Бактыгүл Бокоеванын устаты Кыргыз эл артисти Эсен Молдокулова. Опера эмне экени түшүнө кирбеген кыз алгачкы студенттик күндөрүн күлкү менен эскерип отурду:

- Опералык студияга кирсем Эсен эже отурган экен. Буга чейин эч кимди окуткан эмесмин, сени биринчи алдым деп калды. Анан үн кантип чыгат, сопрано деген эмне, бас деген эмне баарын түшүндүрүп кирди. Жарым сааттан кийин менден “у тебя какой голос?” деп сурап атпайбы. Айылдан келсем кайдан билмек элем, “человеческий” деп жооп бергем. Эже "ачык кыз экенсиң" деп далайга күлгөн болчу. 2009-жылы жеке концертимди берсем, “человеческий голос кайдан келген десем, Алайдан келген турбайбы” деп айткан эле. Алайдын абасы таза, суусу таза, ошон үчүн үнүң да таза деп азыр да айтып калат.

Ырчы сахнага биринчи жолу “Айчүрөк” операсындагы келиндин образы менен чыккан. Жүрүп олтуруп, акыры Айчүрөктүн өзүн ырдай баштаган:

- “Айчүрөктү” азыр тоготпой жатышпайбы. Бирок касиеттүү чыгарма. Өтө кыйын. Менимче, ар бир операны берип атканда анын каармандары келет болушу керек. Айчүрөктү ырдап атканда сахнада мен эмес, башка бирөө жүргөндөй болот.

"Аиданы" сөзсүз ырдашым керек

Опера ырчылары жарышка түшкөн аргымак сымал. Күн сайын машыгып турушу шарт. Ошол эле маалда көкүрөгү жарык, акыл-көрөңгөсү да бийик болуусу кажет. Бир сөз менен айтканда, түйшүгү оор. Ошондон уламбы бир кезде Бактыгүл Бокоева менен чогуу окууга тапшыргандын жарымы эстрадага ооп кетишкен. Ырчы учурда театрда операны чындап сүйгөндөр калганын айтат:

- Үнгө да камкордук керек. Биринчи жылытып аласың. Антпесең кээ бир ноталарды алуу кыйын. Чынын айтыш керек, биздики оор жумуш. Ырдап бүткөнчө кара терге түшөсүң. Ич көйнөгүңдү сыксаң, кадимкидей суу чыгат. Бул жерде эми ишин сүйгөндөр эле иштейт. Айлыкты деле биринчи орунга койбойбуз.

Сахна адамынын аткарсам, ырдасам деп дегдеген бир ролу же ыры болот эмеспи. Бактыгүл айым дагы акыркы кезде Жузеппе Вердинин “Аида” операсындагы Аиданы аткарсам деп жүргөн чагы экен. Же Нил боюнда сүйгөнү менен кучакташып, тирүүлөй көмүлгөн Эфиоп падышасынын кызы кыргыз ырчысына белги таштадыбы?

- Акыркы кезде, “Аида” менен “ооруп” жүрөм. Үй салдырып атканда, пирамидага окшош таш таап алгам. Көздүн сүрөтү бар экен. Каректерин атайлап бирөө бойогондой. Класска алып келсем, ар ким ар кандай айтты. Колдоочуң бар экен, кишиге көргөзбө дегендер болду. Анан мен “Аиданы” жаттап атам да. Бир күнү нота жазылган китепти алсам, сыртында жанагы таштагы сүрөт жүрөт. Аян берип атат да мага. "Аиданы" сөзсүз ырдашым керек.

Бактыгүл Бокоева Консерваториянын бүтүрүүчүсү. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 1998-жылдан бери иштейт. Бир катар эл аралык фестивалдарга катышкан. Ааламга кеткен жол айылдан башталат демекчи, Алайда өскөн кыз дүйнөлүк искусствонун уучун улантып жүрөт.
XS
SM
MD
LG