Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:31

Кино таануучулардын айтымында, 60-70-жылдары тартылган кинолор "Кыргыз керемети" деген ат менен атагы чыккан. Анын кайра жаралуусу эгемендик жылдарга туура келгендей.

Белгилүү болгондой, СССР учурунда кинолор атайын көрсөтмө менен тартылчу. Союздун урашы менен киного акча бөлүү токтоп, режиссерлордун улуу мууну Москвадан келген акча менен иштеп жүрүшкөндүктөн өз алдынчалыкка көнө алышкан жок.

Мындай мезгилде Актан Арым Кубат, Эрнист Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Марат Саруулу сыяктуу өз алдынча иштей билген жаңы багыттагы режиссерлор пайда болду.

Темир Бирназаров кыргыз режиссерлору жараткан эмгектер чет элден баалуу сыйлыктарга ээ боло баштаган кезде гана мамлекет кыргыз киносуна көңүл бура баштаганын айтат:

"Ээнсиреген үй" тасмасын тартуу учуру

"Ээнсиреген үй" тасмасын тартуу учуру

- 1990-жылдан 2000-жылга чейин мамлекет кыргыз киносуна таптакыр көңүл бурган эмес. Биз көбүнчө чет мамлекеттен алган гранттардын негизинде гана кино тартчубуз. Эл деле кыргыз киносуна маани бербей калган. Андыктан биздин улуттук өзгөчөлүгүбүздү чагылдырган фильмдер чет элдик кароо-сынактар үчүн гана тартыла баштады.

Темир Бирназаров мындай мезгилде кино театрларда кыргызча тасма көрүүнү элестетүүгө мүмкүн болбой калганын, ал кандайдыр бир деңгээлде улуттук идеологияга тескери таасир тийгизгенин да кошумчалады. "Ушундай учурда сапатка эмес, санга карап болсо да кыргыз тилиндеги кинолорду көбөйтүү, көрүүчүлөрдү тартуу талабы келип чыкты", - дейт режиссер.

Кино артынан кино

Жаңы багытта иштеген жаш режиссерлордун эл аралык сынактарда ийгиликке жете баштаганы башкаларды да кызыктырууда. Улуттук кино өндүрүшүнүн өнүгүшүнө баам салсак, 2000-жылдардын башында кино жаратууну эңсегендердин эйфориясы башталды. Алардын ичинен банктан кредит алып кино тарткандар да болгон дейт бул тармакты жакындан билгендер. Айрымдары жеке компанияларын түзгөнгө да жетишип, аз убактын ичинде Бишкекте 16 жеке кино компания пайда болгон экен. Бул акыркы 14 жыл аралыгында кино артынан кино тартыла баштаган көрүнүштү жаратты. Камера кармагандардын ичинде таланттуусу да, талантсызы да, ырчысы да, сынчысы да бар эле.

Ушул жылдар аралыгында өзүн режиссер катары да көрсөткөн Жаныш Кулмамбетов төмөнкүдөй пикирде:

- Биринчиден, адамдын чыгармачылыкка болгон укугу деген бар. Адамдын дегеле жашоого, андан башка нерселерге болгон да өзүнүн укугу бар эмеспи. Аны ким тыйыш керек? Ал кааласа кино тартат, кааласа курулушчу болот. Биз аны ошол укугунан ажырата албайбыз да. Экинчиден, баары бир кылка болуп кала турган болсо, анда жашоонун кызыкчылыгы эмнеде? Эгер баарынан Шекспирди көргүбүз келип жатса, анда бул чоң жаңылыштык.

Анткен менен коомчулукта жеңил-желпи тасмалар көп тартылып жатканын, айрым аттуу-баштуу режиссерлор ай сайын ондогон жаш режиссерлорду окутуп чыгара баштаганын сындагандардын катары да калың. Бирок режиссер Жаныш Кулмамбетов мындай пикирлерге кошулбайт.

- Жеңил-желпи кинолор көбөйүп кетти деген түшүнүк Советтер Союзунан калса керек. Биз дайыма идеологиялашкан чыгармаларга, ошондой түшүнүктөргө көнүп алганбыз. Ал кезде биз бир нерсени эске алчу эмеспиз, коомдогу адамдардын табити эч качан бирдей деңгээлде болбойт. Мисалы, бир адамдын интеллектиси жогору болушу мүмкүн, бир адамдыкы өзүнүн жашоо чөйрөсүнө карата андан төмөн болушу мүмкүн.

Кулмамбетовдун пикиринде чыгармачылыкка эч кандай чек койгонго болбойт. "Чыгармалар талапка карата жаралат", - дейт ал.

“Кинонун убактылуу коноктору”

Режиссер Темир Бирназаров да ушундай пикирде. Ал базар экономикасынын шарданында мындай көрүнүш боло келгенин айтат:

- Биздин система ошондой. Базар экономикасында биз эч кимдин сөз эркиндигин муунта албайбыз. Алар эч кимден тыйын сурабай, өздөрүнүн демилгеси менен тартып жатат. Алар үчүн кинодо көтөрүлүп жаткан маселе кызыктырбайт. Аларга ошол тема акча алып келсе эле болду.

Жаш режиссер Бакыт Турдубаев болсо тасма тартууну ишкерликтин бир түрүнө айланткандарды “кинонун убактылуу коноктору” деп эсептейт. Убакыттын кайсы бир чегинен кийин алар же кино дүйнөсүнөн кетишет, же олуттуу тасма тартууга аракеттене башташат.

- Азыркы мезгилде тандалуу доору жүрүп жатат. “Курманжан датка” фильми азыркы кыргыз фильмине болгон чек болду. Кыскасы азыр улуттук кинодо сандан сапатка өтүү процесси башталды.

Турдубаев учурда кыргыз кино тармагында акча табуу үчүн тартылган тасмаларга эл келбей калганын, акыркы мезгилде кино тарткан бир нече режиссер чыгымга учураганын айтты.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG