Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

“Дордойдон чыккан асыл таш”


Жаш режиссер Элнура Осмоналиеванын “Дордойдон чыккан асыл таш” аттуу даректүү тасмасы коомчулуктун көңүлүн буруп, кино адистеринин баасына татыды.

Аталган тасмада Бишкекте ар кайсы жумуштарда иштеп жан баккан Алмаз аттуу өспүрүмдүн тагдыры аркылуу кичинекей баланын оор турмушун, социалдык көйгөйлүү маселелерди чагылдырат.

“Дордойдон чыккан асыл таш” даректүү тасма башталганда башкы каарман Алмаз аттуу өспүрүм баланын тоо арасында кыялданып, көк асманда каалгып бараткан булуттарды карап, ой-санаасы булуттар менен кошо алыска көчүп баратканы чагылдырылат.

Келечекке үмүттүү караган бул бала жашоодо талбай аракет кылса бардык ийгиликтерге жетүүгө мүмкүн экендигин, татыктуу турмуш курууга өзүнүн эрки, билими менен жетүүгө боло турганына ишенимдүү кирпик ирмеп, алыска телмирет.

Андан кийинки окуя Голландияда өтөт. Алмазды Бишкекте англис тилине окуткан голландиялык ыктыярчы Софи аны үй-бүлөсү менен тааныштырып, шаар кыдыртып, сейилдеп жүрүшөт.

Тасмадагы каарман Алмаздын ата-энеси алыскы Нарында иш жок, турмуш шартынын начардыгынан 1997-жылы жашоонун айынан Бишкекке көчүп келишет.

Беш жаштагы кичинекей Алмаз Бишкектин батыш автобекетинде максым сатып, бөтөлкө чогултуп, ата-энесине жардам берип, тырмактайынан жашоонун түйшүгүн жон тери менен сезет.

Алмаздын апасы камырды тактага жайып, кесме жасап атып, балдары менен баштарынан өткөргөн азаптуу күндөрдү эскерип, жашып отурду.

-Ушул үйдү салып жатканда кичинекей Алмаз колуна ак баштыгын көтөрүп алып вокзалга соода кылганы жөнөйт. "Дордойго" барып иште десем болбой койду. Бул жакка көнүп калдым деп. Мен болсо бул үйгө уста жалдап тапканымды аларга берем.

Ал ошондой эле жалданып таң эртеден кечи киргенче талаада жашылча-жемиш отоп, улуу кызы жана баласы менен күнүгө 20 сомдон алышарын, анысы күнүмдүк тамак-аштан ашпай бир топ азап-тозокту баштан өткөргөнүн кошумчалады.

Кичинекей Алмаз автобекетте суусундук сатып, бөтөлкө чогултуп жүргөндө Бишкектеги балдарды коргоо борбору кароосуз калган балдарды чогултуп, голландиялык ыктыярчылар аларга англис тилин окутат.

Күтүлбөгөн суук кабар

Алмаз жан дили менен тил үйрөнүп, бардык ишин таштап, көшөрүп окуп дүйнө таанымы өзгөрөт. Анын зирек акылына, зээндүүлүгүнө баа беришкен ыктыярчылар балага бир туугандай мамиле кылышат.

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде тооканадай кепеде жашаган Алмаздын апасынын айтымында, баласы кичинесинде ашказаны ооруп, догдурлардын жардамы менен аман калат.

Апасы: -Догдурлар “злокачественный опухоль” экен деп, ашказанын ачып эле жаап коюшту. Он күндөн кийин эле химиялык дарылоосун баштады. Бир айда бир-эки эс алдырат. Кыйналып, болгон бир туугандарымдан жардам алдым, иши кылып депуттардан да жардам алдым. Кыскасы балам аман калды.

Алмаз: - Апам кантип чыдады экен деп таң кала берем. Ооруканадан чыккандан кийин апама жасаган мамилемди, кылыктарымды эстеп көрдүм. Өзүмө өзүм жиним келди. Ошондогу кылыгым үчүн мени өлтүрүп эле салчу баладай болуп калат экем. Себеби мен апамды аябай кыйначумун.

Апасы: - Жанагы химиялык дарылоону алганда өлүп эле тирилет экен. Тим эле күйгүзөт экен. Жанагы отко салып куйкалагандай эле кыйналчу.

Кыскасы “Дордойдон чыккан асыл таш” даректүү тасмада балдардын укугу, социалдык маселе, эне-баланын мамилеси, ички миграция маселеси камтылган. Ошондой эле кичинекей бала максым, суусундук сатып, бош бөтөлкөлөрдү чогултуудан башка дагы окуп, терең билим алып жашоону өзгөртүүгө болоорун далилдейт.

Кыргыз киносунда жанган жылдыз

Тасманын режиссеру Элнура Осмоналиева фильмди тартуу максатына кыскача токтолду.

- Жаштар өз күчү менен зор ийигиликтерге жетишсе болот. Сөзсүз эле бирөөгө акча берип окууга же жумушка кирүүнүн кажети жок. Өзү окуган билимдүү киши, өз күчү менен алдыга чыгып, максатына жетет деген ойдо тарткам. Жаштарды өз алдынча аракет кылууга, психологиясын өзгөртүүгө түрткү болобу деп аракет кылдым.

Кино өнөрүн изилдөөчү Гүлбара Төлөмүшованын пикиринде, жаш режиссер Элнура Осмоналиева кийинки мезгилде биринчи болуп кыргыз киносунда даректүү тасма тартууда жаңылык киргизип, толук метраждуу 58 мүнөт 30 секунддук фильм аркылуу чоң проблемаларды ачып, турмушта билим аркылуу көп нерсеге жете турганын далилдүү көрсөтүп берди.

Элнура Осмоналиева
Элнура Осмоналиева келечекте кыргыз тил маселесин, кароосуз калган балдар, социалдык, экологиялык көйгөлөр тууралуу даректүү тасма тартаарын, кино тартууга Кыргызстан идеяларга бай өлкө экендигин айтты.

Бул тасманын режиссеру Элнура Осмоналиева Жалал-Абад облусундагы Кербен айылында орто мектепти аяктап, Америка Кошмо штатында окуп келип, Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетине окууга өтөт. Ал жерде эл аралык саясат факультетин бүтүрүп, бир нече убакыт эл аралык жана коомдук уюмдарда иштейт.

АКШда окуп жүргөндө оператордук кесиптин ыкмаларын үйрөнүп, монтаж кылганды өздөштүрөт. Белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” көркөм тасмасында эпизоддук ролдо ойноп, кино өнөрүнө кызыгуусу артат.

Өз алдынча биринчи жолу 2009-жылы “Шамчырак” деген кыска метраждуу тасма тартып, автордук кинолордун II фестивалында Борбор Азиядагы жаш режиссерлордун башкы сыйлыгына татыктуу болот.

Кыргызстанда 15 жылдан бери биринчи жолу 58 мүнөттүк толук метраждуу тартылган “Дордойдон чыккан асыл таш” даректүү тасмасы былтыр Алматада өткөн “Шакендин жылдыздары” эл аралык кинофестивалда, КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн ачык фестивалында, даректүү тасмалардын бүткүл орусиялык “Жердин тузу” аттуу фестивалда, Бишкекте өткөн адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө” эл аралык фестивалында байгелүү орундарга татыктуу болгон.
XS
SM
MD
LG