Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Тасмадагы сүйүү менен уяттын талашы


"Ээнсиреген үй" тасмасы ачык сценалары үчүн коомдун кескин сынына кабылган

"Ээнсиреген үй" тасмасы ачык сценалары үчүн коомдун кескин сынына кабылган

Өкмөт порнографиялык жана башка тыюу салынган түрлөрү боюнча чыгармачылык ишмердиктин жыйынтыктары категориясына кирген аудио жана видео чыгармалардын тартиби жөнүндө жобонун долбоорун коомчулук талкуусуна койду.

Долбоорду иштеп чыккан эксперттик топтун маалыматына караганда, бул жобо ишке кирсе, ага төп келбеген тасмалар колдонуудан алынып салынат. Кино тармагынын ишмерлери болсо чыгармачылыкты тескөө катары кабылданбашы үчүн бул маселени өтө кылдат ишке ашырууга чакырууда.

Жогорку Кеңеште 2001-жылы кабыл алынып, былтыр өзгөртүлгөн “Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамга ылайык порнографияга, улут аралык жик салууга жана зордук-зомбулукка үгүттөө мазмуну бар тасмаларга Кыргызстанда тыюу салынат. Бирок бул мыйзамдын буга тиешелүү беренелери иштебегенин айтат Кино департаментинин жетекчиси Муктаалы Бектеналиев:

- Бир беренесинде уят кадрларды жана ар кандай радикалдык кадамдарга үгүттөөлөрдү көрсөтүүгө тыюу салынган. Тилекке каршы, бизде ал берене такыр иштебей келген. Анан калса сөз болуп жаткан берененин иштей турган механизмдери да жазылган эмес. Былтыр ал беренеге өзгөртүү киргизип, мыйзам долбоорун өткөрүп алдык. Быйыл комиссия түзүп, жобосун иштеп жатабыз.

Муктаалы Бектеналиевдин айтымында, комиссияга Ички иштер, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү, Маданият министрликтери сыяктуу бардык мамлекеттик мекемелерден адистер кирди. Жобо долбоору коомдук талкуудан кийин да толукталып, өкмөттүн токтому менен бекитилиши керек:

- Ошону азыр иштеп чыгып, интернет сайттарга жайгаштырдык. Аны жарандар окуп, сунуштарын берип жатат. Токтом азыр даяр. Токтом менен эрежени бекитебиз, мекемелер аралык комиссия түзөбүз жана иштей баштайбыз.

Коомдун канчалык деңгээлде бузулганын баарыбыз эле билебиз да. Ошонун бир үзүмүн алып чагылдырып койсо эле чуу чыгып кетип жатпайбы.

Бектеналиев жобо иштелип чыкса, мыйзам тыюу салган тасмаларды кинопрокаттар көрсөтө албай калышарын белгиледи. Мындай чектөөлөр дүйнөлүк тажрыйбада бар экенин эскерткен кинорежиссер Жаныш Кулмамбетов өкмөт чектөө критерийлерин так аныктап алышы керектигин айтат. Ансыз “бөрк ал десе баш алуучулук” болуп, чыгармачылык эркиндик менен укуктарга доо кетип калышы мүмкүн:

- Эротика менен порнографиянын айырмасын так иштеп чыгуу керек. Экөөн ажыратып, критерийлерин тактап алуу зарыл. Болбосо эротиканы деле порнография деп, порнографияны эротика деп талашып жүрө беребиз. Мындай учурда мыйзамды айрым бир топтор бири-бирине курал катары пайдаланышы толук мүмкүн. Ушундай кооптонуу бар.

Режиссер Темир Бирназаровдун пикиринде, Мамлекеттик кино департаменти тасмалардагы шектүү кадрларга так аныктама бере турган критерийлерди толук иштеп чыга элек:

- Эротика деген сулуулукту эстетикалык жактан жогорку деңгээлде чагылдырат. Эротиканы сулуулукту чагылдырат десек болот. Ал эми порнография бул - сулуулук эмес, натурализм.

Темир Бирназаров

Темир Бирназаров

Бирназаровдун айтымында, “Кыргыз керемети” деп аталган тасмалардын көпчүлүгүндө ачык эпизоддор бар. Бирок алар жогорку искусство катары берилген. “Мисалы, “Биринчи мугалим” тасмасында Алтынайдын жылаңачтанып жуунуп жатканы анын ыпластыктан кутулуп, тазалыкка сапар алышы”,- дейт адис.

Кинематографисттер бирлигинин төрагасы Таалай Кулмендиев кыргыз совет режиссерлору буга чейин эротика менен порнографиянын айырмасын тактап бергенин, азыркы тасмалар бүгүнкү турмушту чагылдырып жатканын белгиледи:

- Искусство деген андай нерселерди өз жолу, көркөм чеберчилиги менен бере билет. Көркөм каражаттар менен чагылдырат. Ал жерде болгон нерселердин баарын эле порнография дей берген туура эмес болуп калат го. Анын үстүнө коомдун канчалык деңгээлде бузулганын баарыбыз эле билебиз да. Ошонун бир үзүмүн алып чагылдырып койсо эле чуу чыгып кетип жатпайбы.

Буга чейин "Аталар керээзи", "Ээнсиреген үй" сыяктуу кыргыз тасмалары ачык сценалары үчүн коомдун кескин сынына кабылып, талаш-тартыш жараткан эле.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG