Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Оштогу Сулайман-Тоонун айланасында курулуштар токтобогондуктан Кыргызстандын ЮНЕСКОго кирген жалгыз тарыхый мурасы ал тизмеден чыгарылышы мүмкүн.

Бул тууралуу тарыхый жана маданий мурастарды иликтеп жүргөн окумуштуулар билдиришти. Ал ортодо Сулайман-Тоо жергиликтүү жана борбордук бийликтер ортосунда талашка айланууда.

Кыргызстандын Тарых жана маданий мурастар институтунун директору Жеңиш Жунушалиев өлкө эгемендик алгандан бери руханий дөөлөттөр көз жаздымда калды деп кабатыр болууда. Анын оюнча, мамлекеттик чиновниктер, алтурсун жетекчилер да руханий байлыктарга караганда материалдык пайда түшчү чөйрөлөргө кызыгат.

- Биз жылына демөөрчүлөрдөн келген гранттын жардамы менен 6-7 экспедиция уюштурабыз. Бирок мунун бир жаман жери бар экен: грантты демөөрчүлөр өздөрүн кызыктырган маселелерге гана бөлөт. Кайсы маселе кызыктырса, ошого грант беришет. Өзүбүздүн элибизге, жерибизге, илимибизге, археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөнгө каражат жок. Абалыбыз ушундай. Эптеп-септеп бир нерсе кылабыз. Анан ошого да тоскоолдук жасашат.

Окумуштуулар Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу көзгө басар мурасы - Сулайман-Тоонун абалына көңүл бурууда. Толтура түйшүк жана аракет менен эл аралык уюмдун каттоосуна алынган Сулайман-Тоонун алигиче документи ырастала элек.

Кезинде Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун каттоосуна киргизүү ишине катышкан, ошол долбоордун координатору Бакыт Аманбаеванын пикиринде, тиешелүү документ берилсе, ыйык тоо боорундагы курулуштар токтомок:

- Тоо 2000-жылы Маданият министрлиги, облустук администрация тарабынан, 2006-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген. Ошого карабай шаардык каттоо кызматы документ бербей жатат. Бул - жергиликтүү бийликтин кызыкчылыгы бар дегенди түшүндүрөт.

Сулайман-Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин жетекчилигинин айтымында, өкмөттүн токтомуна карабай мэрия өз токтомун чыгарган. Ага ылайык тоонун чеке белинде 10 жылдан бери ар кыл курулуш иштери жүрүп келет. Маселенин өзөгү ошентип, Сулайман-Тоонун нагыз кожоюну ким экендиги аныкталбай жатканында дейт музей комплекстин илимий иштер боюнча жетекчи орун басары Чынарбек Жолдошев.

- Шаарга, же облуска өтөт дегендей проблема бар. Мындай ЮНЕСКОго кирген объекттер түздөн-түз премьер-министрге гана баш ийиш керек. Ошонун карамагында турса, ушундай мыйзамсыз курулуштарга жол берилбейт. Мындайча айтканда тарыхый эстеликтерди коргоо мыйзамы иштебей жатат.

Эки тарап Сулайман-Тоого ким кожоюн экенин талашып жаткан чакта тоонун көрүнүшү бузулуп, улам кунарынан кетип жатат. Кытай сепилинин, Египет пирамидаларынын катарында дүйнөлүк мурас катары турган Сулайман-Тоого ушундай мамиле улана берсе, ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калуу коркунучу бар.

Бирок Кыргызстандын маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов тарыхый жана маданий мурас бардык эл аралык талаптарга жооп берет деп ишендирүүдө.

- Сулайман-Тоонун абалы начарлап баратат дегенге такыр кошулбайм. Себеби бул ЮНЕСКОнун тизмесине кирген. Тизмеге кирген жерлерде бир нерсе курганга мүмкүн эмес. Ошого карабай чет жакаларына кафелер, чайханалар курулуп атканына бушайман болуп атышат. Ошол аймакка биздин уруксат жок курулуп жатканы үчүн катуу сөз болуп атат.

Кыргызстанда дүйнөлүк мурастар казынасына татый турган башка да тарыхый жайлар бар. Мурдагы маданият министри Султан Раев бул дөөлөттөрдү эл аралык каттоого киргизиш абдан кыйын экенин түшүндүрдү.

- Саймалуу-Ташты киргизели дегенбиз. Анан мен министр болуп турганда баштаган трансулуттук номинацияны киргизебиз. Бул - Улуу Жибек жолундагы тарыхый жерлер. Ошол боюнча азыр иштеп жатабыз. Кыргызстандан 5-6 трансулуттук объект кирип жатат. Биз жеке-жекеден, мисалы, Таш-Рабатты такыр киргизе албайбыз. Бурананы, Өзгөндү киргизе албайбыз, аны киргизиш кыйын.

Быйылкы жыл башында Чүй облусунун Кызыл-Суу (Краснореченск) айылындагы археологиялык жайды дыйкандар айдап баштаганы жөнүндө сөз болгон. Орусиялык археологдор ал жерди казып, сөөк оюлган табылгаларды Эрмитажга алып кетишкен. Дүйнөдө сейрек учураган тарыхый жана маданий жайлар же кароосуз калып жатканы, же четинен жеке менчикке берилип жатканы да айтылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG