Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Залкар кыргыз жазуучусу Төлөгөн Касымбековду адабиятчы Абибилла Пазылов эскерди.

“Азаттык”: Кыргыз адабиятында Төлөгөн Касымбековдун орду кандай? Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков өңдүү жазуучулардан аны эмнеси айырмалап турат?

Абибилла Пазылов: Ар бир жазуучунун орду, өз мезгили бар. Албетте бул жазуучуларды бир жагынан салыштырууга да болот, салыштырууга да болбойт. Себеби ар кимдин өзүнүн орду бар.
"Сынган кылычты" үч жолу Токтогул сыйлыгына көрсөтүп, бирок үч жолу тең бербей коюп, кыскасы артынан түшкөн учурлар болгон.

Бирок Төлөгөн Касымбековдун орду чыныгы романчы, прозанын ичинен да роман жанрына көп кайрылган. Ошондой эле башкаларга салыштырмалуу тарыхый романга, айрыкча "Сынган кылычты" эске тутканда ушул тарыхый романды балына келтирип, ийине жеткире жазган. Тарыхый роман аркылуу биздин окурмандардын жүрөгүнө жеткен жазуучу катары эсептесек болот.

“Азаттык”: Жазуучу кыргыз тилине да салым кошкон дешет...

Абибилла Пазылов: Анын чыгармаларында кыргыздар Кокон хандыгынын курамында турганда сүйлөнгөн ар кыл сөздөрү "Сынган кылыч" романында көп жолугат. Маселен, “атабачы”, “аталык” деген аскерий терминдер Касымбековдун "Сынган кылычында" абдан жыш учурайт. Бул боюнча атайын изилдөөлөр болгон, мындан ары да болмокчу.

“Азаттык”: Т.Касымбековду эң оболу "Сынган кылыч" аркылуу тааныйт эмеспизби. Анын чыгармаларындагы тарыхый чындык жөнүндө айтып берсеңиз?

Төлөгөн Касымбеков
Абибилла Пазылов: Касымбековдун өзүнүн оозунан да уккам, изилдөөчүлөр да бул жөнүндө жазган. Ал киши Кокон хандыгынын тарыхын жеринен барып изилдеп, ошол боюнча чыккан адабияттарды, эл оозундагы айтылып калган көп нерселерди кулагына куюп калган.

Мисалы, Кокон хандыгынын учурундагы Мусулманкулдун бейнеси, Мусулманкул баштаган аскерлер, кыпчактардын кырылышы боюнча тарыхта кандай болуп өткөн болсо, ошол окуя романга өзүнүн бойогу менен, чен өлчөмдөрү менен абдан таасирдүү киргизилген.

“Азаттык”: Жазуучу убагында куугунтукталган, партиядан чыгарылган учуру болгон дешет.

Абибилла Пазылов: Бул маселе "Сынган кылыч" менен, ал романга улай жазылган "Кел-кел" романы менен байланыштуу. Т.Касымбеков Орусия падышачылыгынын Орто Азиядагы орточулугуна байланыштуу, анын аскерлери, айрыкча генерал Скоболевдин азыркы Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын аймагындагы орточулугун көрсөткөндүгүнө байланыштуу совет доорунда, "улуу эл достугуна кайчы, каршы келип атат" деген ар кандай шылтоолор менен Т.Касымбековду съезддерге чакырып, пленумдарда сындап, партиянын борбордук комитетине, бюролоруна чакырган учурлар көп болгон.

Ошондой эле мезгилдүү басма сөздөрдөн ар түрдүү сын-пикирлерди жаадырып, "Сынган кылычты" үч жолу Токтогул сыйлыгына көрсөтүп, бирок үч жолу тең бербей коюп, кыскасы артынан түшкөн учурлар болгон жана окуганбыз.

“Азаттык”: Ушул тапта Төлөгөн Касымбековдун жолун улаган, тарыхый чындыкты көркөмдөп жазган муун барбы?

Абибилла Пазылов: Албетте кызыккандар бар. Бирок азыр Төлөгөн Касымбековдун деңгээлинде биздин 19-кылымдагы тарыхыбызды бул же тигил жазуучу жазып жатат деп айта албайм. Бирок тарыхка кызыккан жазуучуларыбыз жаш муундардан бар.

“Азаттык”: Т.Касымбековдун өмүрүнүн акыркы учурларын эскерип айтып берсеңиз, чыгармачылыкта бул киши эмне менен алектенди, кыргыз элине эмне бере алды?

Абибилла Пазылов: Т.Касымбековдун акыркы жылдары бир аз ооруга, карылыкка байланышкан жылдары болду. Акыркы китептерин чыгарып, эл алдында көбүрөк мезгилдүү басма сөз аркылуу коомдогу акыркы окуяларга өзүнүн оюн билдирип атты. Жаштар менен көбүрөк аралашып атканын көрдүм.

Биздин окурмандардын күткөнүбүз ушундай экен, ар бир жазган чыгармасы "Сынган кылычтай" болуп турсун дедик эле, бирок андай болгон жок. Ошентсе да Касымбеков акыркы учуруна чейин жазуучулук менен шугулданып, акыркы учурга чейин калемин колунан түшүргөн жок.
Төлөгөн Касымбековдун орду чыныгы романчы, прозанын ичинен да роман жанрына көп кайрылган.

“Азаттык”: Адатта ушундай улуу инсандар өткөндө “көзү тирүүсүндө сыйга татыбай калды” деген сөздөр болот эмеспи. Касымбековго келгенде кандай айтса болот, жазуучуга сый-урмат толук болдубу?

Абибилла Пазылов: Орден, медал, наамдар көп күтүп болсо дагы берилип, Төлөгөн Касымбековго айрыкча эгемендүүлүк келген жылдардан баштап өкмөт да, коомчулук да башкача көз караш менен карап, бардык сый-урматын көрсөттү. Бирок, аттиң дүйнө, бизде азыр коомдо болуп аткан ар кандай көрүнүштөр элдин, коомчулуктун чыгармачылыкка, искусствого болгон кызыгуусунун тайыздашы, искусство, адабияттын өкүлдөрүнө болгон кадыр-барктын дагы тайыздашына алып келип жатат.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG