Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:54

Болот Миңжылкыевдин соңку концерти


Сүрөт Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын сайтынан алынды.

Сүрөт Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын сайтынан алынды.

1970-жылдардын башы… Кыргыз маданияты менен адабиятындагы “күмүш доордун” күчүнө келип турган кез. Чыңгыз Айтматовдун “Ак кемеси” жаңы эле Москвадан басылып, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычы” колдон колго өтүп окулуп, Бүбүсара Бейшеналиева ойногон “Чолпон” фильми экранга чыгып, Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиев, Геннадий Базаров менен Мелис Убукеевдер союздук аренада кинодогу “Кыргыз кереметин” ар кандайынан көрсөтүп турган убак. Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Болот Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева, Советбек Жумадылов экран менен театр сахналарын көркүнө чыгарып турган убак.…

Ошол кудай кыргыздарга бергенде да берешендик менен берип, кыргыз маданиятынын ооматы ташып, кел-кели келип турган чакта биздин опера театрынын сахнасынан дагы бир кереметтин тушоосу кесилди. Үндүн үнү, күчтүн күчү талап кылынган Мефистофелдин ариясын (“Фауст” операсы) атын эч ким биле элек жаш ырчы Болот Миңжылкыев ырдап чыкты. Бирде жолборстой күркүрөп (Коңурбай, “Манас” операсы), бирде эл баштаган жоокердей шарактап (Филипп, “Дон Карлос” операсы), бирде жүрөгү эзилип, тагдырына таарынган падыша болуп күңгүрөнгөн (Борис Годунов, “Борис Годунов” операсы) Болот чынында да операдагы керемет эле.

Кудайга шүгүр, ошол кереметти убагында баалап, Совет өкмөтү жаш ырчыны Италиянын атактуу "Ла Скала" театрына (1975) эки жылга стажировкага жөнөттү. Болоттун бактысына Барра жана Мерлини деген эки таанымал устат ага жетекчилик кылып, кыргыз ырчысын опералык өнөрдүн кыл чокусуна жеткиришти. Ошентип Болот Миңжылкыев тез убакыттын ичинде билим жагынан да, тажрыйба жагынан толук бышып жетилип, бара-бара Кыргызстан эле эмес, бүтүн Советтер Союзундагы таанымал опера жылдыздарынын бирине айланганы баарыбыздын эсибизде. Болот Миңжылкыевдин бактысына ошол кезде опера өнөрү мамлекеттик престиж катары эсептелип, улуттук маданияттын чоң деңгээлге жеткендигинин негизги белгилеринин бири катары саналгандыктан ырчы тез эле республиканын маданий мактанычына айланды. 36 жашында СССРдин Эл артисти деген наамга жетти.

Негизгиси, ырчы Советтер Союзунун эң мыкты деген сахналарында эң татаал жана эң атактуу деген партияларды аткарып, кыргыз элинин атын чыгарды. “Фауст”, “Борис Годунов”, “Дон Карлос”, “Севилдик чачтарач”, “Риголетто”, “Кармен”… Айта берсек, тизме дагы көпкө созулмак. Дүйнөлүк музыка маданиятынын туу чокусу саналган бул өнөр ошентип Кыргызстанга да кеңири таралып, жалгыз эле Болот эмес, Артык Мырзабаев сыяктуу, Салима Бекмуратова, Кайыргүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Сталбек Алмазбеков өңдүү ырчыларыбыз нечен эң опералардын көркүн чыгарып, миңдеген музыка сүйүүчүлөрүнүн кумарын кандырды, руханий дүйнөсүн байытты.

Бирок Болот Миңжылкыевдин ырчылык карьерасындагы эң сонун окуя - 1975-жылы Нью-Йорк шаарындагы бүт дүйнөгө белгилүү “Метрополитен-Операга” Москвадагы Чоң театрдын мыкты деген артисттери менен гастролго барганы десек туура болот го. Анда Болот “Борис Годунов” операсындагы башкы ролду - Борис падышанын партиясын аткарып, Американын музыкалык элитасына дуулдатып алакан чаптырган эле.

…Баса, “Оомат келсе ооздун желине нан бышат” деген накыл кеп бар эмеспи. Анын сыңары, ошол 1975-жылы Нью-Йорк шаарында кыргыздын үч атактуу уулу туз-насип буйруп дегендей, кудайдын буйругу менен жолугушуп калганы өзүнчө кызыктуу окуя. Көрсө, ошол учурда Нью-Йоркто Чынгыз Айтматов да атайын чакыруу менен жүргөн экен. Аны ошол шаарда башынан бери жашаган Азамат Алтай тосуп, Болот Миңжылкыев гастролдо жүргөнүн Чыкебизге кабарлап, акыры үчөө Азамат агабыздын дасторконунда даамдаш болуп, айтор, атайын уюштурсаң да мүмкүн болбогон нерсе иш жүзүнө ашып кеткен экен. "Эки азамат бир келсе, аяй турган жан барбы, сойбой турган мал барбы деп, атайын Канададан жайдары кой алдырып, үчөөлөп союп, Нью-Йоркто да кыргыздын шаан-шөкөтүн жасап жибергенмин" деп Азамат ага мага бир жолу сөз кылып да берген эле.

Балким ошол жолугушуу Кыргызстандын башына келген бир бакыт, оомат болсо керек жана ошол ооматтын келген кезин билдирген бир белги, жышаан болсо керек деген ой кетет…

Улуу ырчы деген качан болсо сыйлуу адам экен - Болотту 1989-жылы Санкт-Петербург шаарындагы Мариинский театры негизги ырчы-солист катары чакырып кетти. Чакырганда да азыркы учурдагы эң таанымал жана абдан атактуу дирижер Валерий Абесалович Гергиев чакырып кетти. Ошентип, Болоттун опера дүйнөсүндөгү экинчи доору башталды. Кайрадан Европанын мыкты деген сахналарында ырдай баштады.

Болоттун Кыргызстандагы эң соңку ырчылык бенефиси 1995-жылы августта Филармонияда өтүп, аны ырчы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесине арнады. Эл сагынган экен, концерттин соңунда узакка чейин кол чаап отурушту. Астына ат мингизип, үстүнө тонубузду жаптык. Бетинен өөп, аны менен сыймыктанаарыбызды билдирдик. Бирок бул концерт Бокебиздин Кыргызстандагы соңку концерти экенин ким билиптир… Кудайдын буйругу экен, улуу ырчы 1997-жылы Санкт-Петербург шаарында жүрөгү согуудан калып, күтүлбөгөн жерден а дүйнө салды.

Бирок анын аты, Болот Миңжылкыев деген улуу кыргыз ырчысынын ысымы улуттук маданиятыбыздын эле эмес, дүйнө операсынын тарыхына кирди. Ал каза тапкандан кийин дүйнөнүн ар кайсы шаарларында, Санкт-Петербургда, Прагада, Астанада, Ташкенде кыргыз опера жылдызына арналган эскерүү кечелери өттү.

Улуу ырчы 1997-жылы каза болгондон кийин Бишкектеги опера жана балет театрында эки жолу “Миңжылкыев фестивалы” өттү, ага маэстро Валерий Гергиев өзү жетекчилик кылды.

Келе турган 2015-жылда ырчынын 75 жылдык юбилейи болот. Буюрса, биздин Маданият министирлиги ырчынын атын дагы бир эскерип, “Миңжылкыев фестивалы” ишин кайра жандандырат го деген үмүт бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG