Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча Жол картасы ушул жылдын аягына чейин бекитилип, андан кийин мыйзамдарды тууралоо сыяктуу башка аракеттер көрүлө баштайт.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Жол картасы боюнча иштер азыр план боюнча жүрүп жатат, даярдалган долбоор ушул жылдын октябрь айында Кыргызстандын президенти Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен жолугушуусунда бекитилиши күтүлүүдө.
Жол картасы – бул Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча кадамдардын планы.

"Анда уюмга мүчө болуу үчүн кайсы мыйзамдарды тууралап жана системага кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү көрсөтүлгөн", - дейт Экономика министрлигинин Тышкы соода бөлүмүнүн башчысы Римма Киселева.

- Жол картасы кабыл алынгандан кийин биримдикке кирүү боюнча анда каралган конкреттүү иштерди жасай баштайбыз. Булар: бажы, санитардык, ветеринардык, салык жана башка мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Башкача айтканда, мыйзамдар уюмдун талабына ылайык туураланат. Статистикалык маалымат алмашуу үчүн атайын система орнотулат. Ага каражат таап, кызматкерлерди окутуш керек. Кыскасы, ушул Жол картада каралган иш-чаралар этабы менен ишке ашырыла баштайт.

Киселева өлкөнүн жетекчилери Кыргызстан биримдикке 2015-жылда киребиз дегендиктен, негизги кадамдар ага чейин жасаларын, бирок Жол картасындагы пландарды ишке ашыруу мүчө болгондон кийин да улана берээрин кошумчалады.

Белгилүү болгондой Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна да мүчө. Бирок Кыргызстандын Экономика министрлигинин аталган уюмдагы өкүлү Анархан Рахманова бул уюм Бажы биримдигине кирүүгө тыюу салбай турганын айтат. Анын сөзүнө караганда, тарифтик саясат боюнча айырмачылыктар азыр талкууланып, орток чечим кабыл алынат.

- Кытай менен соода азайбайт, анткени ал биздин биринчи өнөктөшүбүз, чек арасы жакын. Биз Бажы биримдигине киргенден кийин аларга бизден сырткары дагы үч өлкөгө жол ачылат. Ал эми бажы төлөмдөрү боюнча маселелер сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет. Сүйлөшүүлөрдө кандай чечим кабыл алынса, ошондой болот.

Дүйнөлүк соода уюмунун эрежеси боюнча Кытайдан Кыргызстанга келген товарларга 5 пайыздан жогору эмес салык кошулуп жатат. Ал эми Бажы биримдигине мүчө болбогон өлкөлөрдөн келген товарларга 10 пайыздын тегерегиндеги тариф коюлган. Бул шарт Кыргызстан биримдикке киргенден кийин реэкспорт менен жашаган "Дордой" жана "Кара-Суу" сыяктуу ири базарларда соода жүгүртүү кескин кыскарып, атүгүл жабылып калуу ыктымалдыгы божомолдонуп жатат.

Бирок Кыргызстанды Бажы биримдигине киргизүү боюнча жумушчу топтун жооптуу катчысы Федор Черницын: "Бул тарифтик саясат өлкөгө Кытайдан сапаттуу товарларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Кыргыз ишкерлери Казакстан, Орусия жана Беларуска барып, жергиликтүү ишкерлер менен тең укукта бизнес ачса да болот" деп маалымдады.

Бирок кыргызстандык ишкерлер буга анчейин ишенбей турат. Маселен экономист Искендер Шаршеев Бажы биримдигинин кагаздарында артыкчылыктар көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө алар иштебей жатканын белгиледи. Анын айтымында, Казакстан Бажы биримдигинде болгону менен казак ишкерлери Орусияда ар кандай шылтоолор менен бизнес ача албай жатат.

- Бажы биримдигине кирген Казакстандын ички өндүрүшү оор күндөрдү кечирип жатат, анткени алардын товарларын орустар өткөрбөй жатат. Бирок Орусия менен Беларустун товарлары Казакстанга тоскоолдуксуз кирип жатат. Бул эки өлкөнүн кошунабызга импорту күчөдү, бирок Казакстандын экспорту күчөгөн жок.

Шаршеев Бажы биримдиги Кыргызстанда товарлардын баасынын жогорулашына алып келээрин айтып, биримдикти Орусиянын гана кызыкчылыгын коргогон саясий уюм деп сыпаттады.

Бажы биримдиги 2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын ортосунда түзүлгөн. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ортосунда товарлар үчүн бажы текшерүүлөрү болбойт жана салык алынбайт, ал эми сырттан келген товарларга бирдиктүү салык кошулат. Кыргызстан бул уюмга кирүү ниетин 2011-жылы билдирип, ошондон бери сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындай сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстан Бажы биримдигине 2015-жылы кирүүсү күтүлүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG