Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Казакстандык саясат таануучу Айдос Сарым Бажы биримдиги Казакстанга эмне берип, эмнеден кур калтырганын жана бул уюмга киргенде Кыргызстанды кандай кыйынчылыктар күтүп турганы жөнүндө "Азаттык" менен ой бөлүштү.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 31-август - Эгемендик күнү аянтта сүйлөп жатып, Кыргызстан жаңы жылды алянстын мүчөсү катары тосууга чечкиндүү кадам таштаганын дагы бир жолу билдирди. Президент Жогорку Кеңеш “макул” жана “каршы” аргументтерди тыкыр иликтеп, өкмөт тарабынан жактырылган Бажы биримдигинин документтер топтомун колдорун да айтты.

Бирок казакстандык саясат таануучу Айдос Сарым Кыргызстанды Бажы биримдигине кирүүгө шашылбоого чакырып, алянстын келечеги жок экенине токтолду.

“Азаттык”: Орусия менен Батыштын “санкция согушу” жүрүп жаткан кезде Кыргызстанда Бажы биримдигине кирүү процесси жандандууда. Бул убакта алянстын алгачкы мүчөсү болгон Казакстандын күткөнү акталдыбы?

Алыска кетүүнүн кереги жок, ошол эле Казакстанда Бажы биримдиги өз жемишин бере элек жана качандыр бир кезде берери да күмөн. Бул уюмду негиздеген үч өлкө башынан эле ар башка максатты көздөгөн. Казакстан менен Беларус үчүн бул саясий айла-амал, маневр, ал эми Орусия үчүн бул саясий долбоор болгон.

Сарым: Тилекке каршы, Казакстанда да, Кыргызстанда да сыртка ыктаган, бул процесстердин оператору болгон саясатчылар арбын. Алар ачык айтканда, жеген нанын актап жатышат. Ал эми күткөн жыйынтыктар боюнча айтсак, кырдаал саясатчылар айткандай оңой эмес. Алыска кетүүнүн кереги жок, ошол эле Казакстанда Бажы биримдиги өз жемишин бере элек жана качандыр бир кезде берери да күмөн. Бул уюмду негиздеген үч өлкө башынан эле ар башка максатты көздөгөн. Казакстан менен Беларус үчүн бул саясий айла-амал, маневр, ал эми Орусия үчүн бул саясий долбоор болгон. Бирок биз азыр көрүп турабыз, Украина менен болгон чатактан кийин Орусиянын өзүндө абал оорлоп, экономикалык көрсөткүчү күндөн күнгө начарлоодо. Азыр Орусия Бажы биримдиги сыяктуу долбоорлорду каржыламак тургай, келечекте өзүн-өзү камсыздай алабы деген суроо жаралууда.

“Азаттык”: Кыргыз бийлиги азыр кандайдыр бир каршы пикирлерге карабастан, Бажы биримдигине кирүүгө чындап дитин койгондой. Мындай ашыгуу өзүн актайбы?

Сарым: Кыргызстанда азыр баарын тең салмактап, анализдеп көрүүгө убакыт бар. Үйү күйүп жаткан коңшуга жакындаган опурталдуу. Орусия бүгүн күйүп жаткан үй, андагы абал качан жөнгө салынары белгисиз. Кыргыз коомчулугу шашылыш кадамга үндөгөн саясатчыларды сындап, акылга чакырып турушу кажет. Андан көрө Казакстан менен Беларус Бажы биримдигинде кантип өнүгөрүн, ар кандай саясатчылардын үгүтү бизнеске, рынокко жана баага кандай таасир этип жатканын байкап турган оң.

Кыргызстанда азыр баарын тең салмактап, анализдеп көрүүгө убакыт бар. Үйү күйүп жаткан коңшуга жакындаган опурталдуу. Орусия бүгүн күйүп жаткан үй, андагы абал качан жөнгө салынары белгисиз.

Казакстан менен Орусиянын рыногу бири-бирине көз каранды болгондуктан, биринде болуп жаткан кырдаалдын капшабы сөзсүз экинчисине тиет. Айталы, үч жума мурда Казакстандын өкмөтү күйүүчү май кымбаттабайт деп айткан, бирок биз азыр баа өсүп жатканына күбөбүз. Мунай өндүргөн өлкө экенибизге, аны иштеткен төрт заводубуз барына карабай ушундай болуп жатат. Мындай абал соода тармагына, тамак-аш жаатына да жетиши мүмкүн. Анын карапайым калкка тийгизген таасири кандай болорун боолгоп гана турабыз. Ошол эле Орусиянын өзүндө баа күн сайын өсүп жатат.

Менимче, Кыргызстан эгер мүмкүн болсо бардык мамлекеттер менен эки тараптуу, ишенимдүү, бекем жана эксклюзивдүү алакада болуп, ар кандай экономикалык долбоорлордон баш тартуусу кажет. Бажы биримдигинин да, Евразия экономикалык шериктештигинин да келечеги жок. Андай болгон соң пайдасыз биримдикке өзүн алдап баруунун пайдасы канча?

“Азаттык”: Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү учурда Кремлдин жоругун чечкиндүү сындап жаткан өлкөлөр менен мамилесине таасир этеби?

Сарым: Казакстандын негизги демөөрчүсү азыр Орусия эмес. Демөөрчү деп мен инвесторлорду айтып жатам. Бүгүн алар: Батыш Европа, АКШ жана Кытай. Бүгүн Казакстан инвестициялык мыйзам долбоорун либералдаштырып, инвесторлорду жана анын ишенимин сактап калуу максатын көздөп жатат. Кыргызстанда абал Казакстандан да жаман болушу мүмкүн. Бул республиканын көбүрөөк континенталдуулугу жана жардылыгы менен байланыштуу. Андыктан Кыргызстан бизнес климатты жакшыртып, инвесторлордун ишенимин жогорулатып, өнөктөштүк алакаларды жакшыртуу үстүндө иштеши зарыл.

Эгер Кыргызстан Орусиянын гана орбитасында калса, азыр инвестиция салып жаткандардын балким кызыгуусу жоголбойт, бирок көңүлү калат. Кыргызстанды эркин, өз алдынча көргөн мамлекеттер өлкөнүн ар бир маселени чечүү үчүн Кремлге чуркап турганын жактырбаса керек.

"Азаттык": Кыргызстан Бажы биримдигине кире элек, бирок бир нече объекттерди Орусияга сатуу боюнча келишимге кол койду. Мисалы, ошол эле “Кыргызгаз” жана гидроэнергетикалык долбоордун баары Орусиянын колунда. Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине мүчө болуудан өзү күткөндөй жыйынтык албай калып, Орусияны кыртышы сүйбөгөн мамлекеттер менен алака түзмөй болсо, жогорудагы экономикалык долбоорлор баш оору жаратпайбы?

Бүгүн «Кыргызгаз» сатылды, эртең «Аэрофлот» сыяктуу чоң оюнчулар келсе, чоң көйгөйлөр жаралбасына кепилдик жок. Андыктан кандай гана алянс болбосун келишимди денонсация кылып чыгып кетүү оңой, бирок мүлккө болгон укук жагы чатагыраак.

Сарым: Мен Бажы биримдиги Казакстан менен Беларус үчүн саясий маневр же айла-амал экенин жана айтпадымбы. Казакстанга өз суверенитетин сактап калуу менен толук өнүгүүгө дагы 10-15 жыл керек. Албетте силерде да убакытты өткөрүү менен ута турган проблемалар бар. Кыргызстан деле оюн кылса болот, бирок ага кыргыз коомчулугу канчалык даяр, маселе ошондо.

Мен буга чейин ММКда Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү ойлонулбаган кадамы үчүнчү революцияга шыкак берерин айткам. Өлкөнүн кайра иштеп чыгаруучу бир ууч өнөр-жайы жана Кытайдан товар ташыган өндүрүшү Бажы биримдигине кирүү менен анын аймагында иштеген регламенттерден катуу жабыркашы ыктымал. Мындан ансыз да жакыр өлкө Орусияга толук көз каранды болот. Жаңыдан баш көтөрүп келе жаткан чакан бизнестер өлөт.

Бүгүн «Кыргызгаз» сатылды, эртең «Аэрофлот» сыяктуу чоң оюнчулар келсе, чоң көйгөйлөр жаралбасына кепилдик жок. Андыктан кандай гана алянс болбосун келишимди денонсация кылып чыгып кетүү оңой, бирок мүлккө болгон укук жагы чатагыраак. Эртең ал Кыргызстан Бажы биримдигинен чыккан кезде кайсы бир экономикалык көйгөйүн чечүү ордуна арбитраждык сотко байлап коюшу ыктымал.

Маек орус тилинен которулду. Аны менен бул жерден таанышсаңыз болот. (ST)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG