Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:27

Орусиянын оюн "санаалаштары" колдободу


Бажы союзундагы Орусия, Беларус жана Казакстандын президенттери.

Бажы союзундагы Орусия, Беларус жана Казакстандын президенттери.

Беларус жана Казакстан Орусиянын Украинадан импорттолчу товарлардан пошлина алуу сунушуна каршы чыгышты.

Мындай сунуш Евразия экономикалык комиссиясынын 23-июнда Сочиде өткөн жыйынында жасалган эле. Бул жөнүндө комиссиядагы Беларустун мүчөсү Сергей Румас береги жыйындан кийин маалымдады.

Орусия Украинадан Бажы үчилтигине ташылчу товарларга импорттук пошлина киргизүүнүн зарылдыгын Киевдин Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койгону жатканы менен түшүндүргөн. Сунушка Беларус тарап кескин каршы болуп, Украина келишимге кол койо элек болгондуктан, салык киргизүүдөн Бажы үчилтигинин экономикасы кандай зыян тартары белгисиз деп чыккан. Бул жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясындагы Беларустун өкүлү Сергей Румас билдирди. Беларустун мындай позициясын Казакстан да колдогон. Азыр Бажы союзуна Орусия, Беларус, Казакстан мүчө. Ага болочокто Кыргызстан, Тажикстан, Армения да кошулмакчы.

Украина жана Евробиримдик Москванын куйкасын куруштурган келишимге 27-июнда кол коет деп болжолдонууда. Келишимдин саясий бөлүгүнө эки жак 21-мартта кол койгон. Жаңы келишим эки арада эркин соода зонасын түзүүгө жол ачат. Ушул жума күнү Молдова менен Грузия да Биримдик менен ушундай келишим түзгөнү жатат.

Украина Евробиримдик менен келишимге кол койгонгонго байланыштуу Орусия ички рыногун коргоо үчүн конкреттүү чара көрөрүн Кремл мурда эскертип жүргөн.

Бажы союзунун азыркы жобосуна ылайык, Москва Казакстан жана Беларус менен макулдашпай туруп, бажы тарифин жогорулата аларын Орусиянын вице-премьери Игорь Шувалов Сочидеги жыйындан соң кулак какты кылган.

Бул абалды беларус эксперти Ярослав Романчук “Азаттык” радиосуна берген интервьюда мындай деп комментарийледи:

- Бажы союзунун логикасы боюнча уюмдун бардык мүчөлөрү бирдей келишимге кол коюшат. Эгер Беларус же Казакстан кол койгондон баш тартышса, чектөөнү Орусия өзү киргизе алат. Бирок Орусия чектөө киргизчү болсо, Бажы союзуна кол шилтеп, биз эмне кааласак, ошону жасайбыз жана Украинага каршы соода согушун уланта беребиз дегенди билдирет.

Беларустун Москванын Украинага каршы соода согушуна кошулбоосу Минсктин экономикалык кызыкчылыгы менен түшүндүрүлөт.

2013-жылы Беларус жана Украина 7 миллиард доллардан көпкө соода кылган. Бул 2012-жылдагыдан 3 процентке аз. Беларустан Украинага негизинен мунай продукцияларын экспорттоо кыскарган. Соодага Украинадагы башаламандыктардын кесепети тийгенин президент Лукашенко 7-июнда Киевде президент Петро Порошенконун инагурациясынан кийин берген маалымат жыйынында айткан.

"Орусиянын Евразия экономикалык биримдиги - ЕЭБни Украинага каршы колдонуу аракети ушуну менен эле токтоп калбайт", деген ойдо казакстандык саясий талдоочу Дос Кошим:

- Орусия ЕЭБни саясий максатта дагы пайдаланууну каалаганын экономикалык союз болобуз дегенде ачык айткан. Эми ошонусун айгинелеп туру. Азыр, менин оюмча, Украина-Орусия арасында эч кандай экономикалык проблема жок. Саясий маселелер курчуп турат. Орусия Украинага Евразия экономикалык биримдиги аркылуу экономикалык кысым жасоону каалайт. Орусия келечекте бул сыяктуу саясатта айтылган “кара технологияны” дагы колдонушу этимал.

2013-жылы Казакстан-Украина соодасынын көлөмү 4, 3 миллиард долларды түздү. Анын ичинде экспорт 2 млрд. доллар, импорт 2, 3 млрд. доллар болду. Казакстан Украинага темир, марганец, хром, асбест, мунай, мунай продукцияларын, жер семирткичтерди ж.б.сатат. Украинадан кант, эт, сүт азыктарын, кондитердик азыктарды, цемент, түтүк, трактор ж.б.сатып алат.

Кээ бир казакстандык экономисттер Орусиянын украиналык товарларга бажы салыгын көбөйтүү сунушун Москванын Казакстандын ички рыногуна кийлигишүү аракети ирети баалашты. Себеби, украин товарларына пошлина киргизүү соода балансын бузуп, Украина менен болгон саясий-экономикалык мамилеге зыян этиши кажетсиз,- дейт эксперт Жанибек Нурхалыков.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG