Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси менен мүлктөрү тууралуу декларация толтуруу өнөктүгү башталды.

Ал ортодо адистер коррупцияны жоюуга багытталган бул иш-чарадан майнап чыкпайт деп жатышат. "Арай көз чарай" талкуусу ушул маселеге арналды.

Талкууга Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Чолпонкул Арабаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев, КырТАГ маалымат агенттигинин башкы директору Улан Исаков катышты.

Талкуунун биринчи бөлүгү



“Азаттык”:
Чолпонкул мырза, январдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси менен мүлктөрү тууралуу декларация толтуруу өнөктүгү башталды. Жалпысынан канча мамлекеттик кызматкер ушул декларацияны толтурушу керек?

Чолпонкул Арабаев: Мыйзамдын негизинде бул өнөктүк быйыл 8-жолу өткөрүлүп жатат. Орто эсеп менен быйыл 17 856 мамлекеттик кызматкер өзүнүн айкындамасын толтуруш керек. Былтыр 100% толтуртканга жетиштик. Бул оңойго турбайт. Мамлекеттик кызматкерлердин бардыгы эле декларация толтурууга бирдей карабайт. Кээ бир кызматкерлердин, ошонун ичинде саясий мамлекеттик кызматкерлердин артынан сая түшүп толтуртканга аракет жасадык.

“Азаттык”: Эми ушулардын бардыгы эле декларацияны толтуруп беришеби? Артынан сая түштүрбөй эле ар бир мамлекеттик кызматкер мыйзам боюнча кирешелери тууралуу декларацияны толтурууга милдеттүү да...
Мамлекеттик кызматта иштегендердин айлыгы ченелүү өлчөмдө болот. Аны менен кымбат унаа же кымбат үй сала албайт, же батир ала албайт. Ошондуктан жашырганга аракет кылышат. Азамат Арапбаев

Чолпонкул Арабаев: Негизинен ошондой болушу керек. Биринчиден, мыйзамды сыйлабаган, мыйзамга анча маани бербей, убагында толтурбай, "кийин деле беребиз, боло берет” деген да мамиле бар. Кээде иш сапарга кетип калган учурлар болот экен. Ошондуктан биз майрам күндөр бүтөөрү менен маалымат каражаттары аркылуу эртелеп таратып жатабыз.

“Азаттык”: Азамат мырза, өзүңүзгө деле маалым болсо керек. Өткөн жылы декларация толтуруу өнөктүгүнөн кийин сиздин айрым бай деп эсептелген кесиптештериңиздин эски унаасы менен батиринен башка мүлкү жок болуп чыккан. Эмне үчүн мамлекеттик чоң кызматтагы адамдар дүнүйөсүн ачык көрсөткүлөрү келбейт?

Азамат Арапбаев: Декларация толтуруу бизде бир аз формалдуу турдө өтүп атат. Бул боюнча мыйзам бар, бирок декларация берип жаткан маалыматтар үчүн жоопкерчилик каралган эмес. Ошондуктан көп мамлекеттик кызматкерлер айылда бир канча малым, тоогум, коюм бар дегенге чейин жазып беришет. Ошонун бардыгын тактап чыксак жүз канча миллион кой болуп кетиши мүмкүн. Жоопкерчиликти сезбей толтурушат.

Кыргызстан коррупциялашкан мамлекеттердин алдыңкы катарында турарын баары билет. Коррупция дегенде баарыбыз эле эмес, мамлекеттик кызматта отургандар коррупциялашкан деп эсептейбиз. Ошондуктан ал мүлктү мамкызматкер кантип табат? Өзүңүздөргө белгилүү, мамлекеттик кызматта иштегендердин айлыгы ченелүү өлчөмдө болот. Аны менен кымбат унаа же кымбат үй сала албайт, же батир ала албайт. Ошондуктан жашырганга аракет кылышат.

Талкуунун экинчи бөлүгү



“Азаттык”: Эксперт, серепчилер коррупцияны жоюуга багытталган бул иш-чарадан майнап чыкпай турганын белгилешүүдө. Ачык-айкындуулукту камсыз кылат деген бул өнөктүк чын эле ачыктыкты камсыз кыла алабы?

Улан Исаков: Совет доорунан бери ОБХС келатат дегенде үч коюн эки кой, бир кой деп көрсөтүп, тирандык режимден коркуунун кесепети. Бул жалпы эле КМШ өлкөлөрүнүн бардыгында бар. Бир гана мен Грузияда жашап атканда президент Саакашвили акчанын айлануусун тездетүү үчүн бир жыл декларация сурабай койду. Экинчиден, биз көмүскө экономикадан таза жана ачык саясатка чыга элекпиз. Анткени азыр түрмөнүн мыйзамы, ортодо демократиянын мыйзамы менен жашай калабыз. Анан митингдин мыйзамы менен. Биздин негизги көйгөйүбүз ушул. Андан сырткары менталитет маселесинен арыла элекпиз, толук капиталисттик системага кире элекпиз.

“Азаттык”: Кыргызстанда мамлекеттик чоң кызматтагы адамдар мал-мүлкүн ачык көрсөтүшү үчүн эмне кылуу керек? Мыйзамдарды күчөтүп, алардын жоопкерчилигин арттыруу керекпи? Же бул маселени алардын өз абийирине койгон оңбу?

Улан Исаков: Азыр чынын айтканда Кыргызстанда көп кишинин бети "бетон" болуп калбадыбы. Өз абийирине койгондо деле маселе чечилбейт. Декларация толтургандын артында эмне болот? Мамлекеттик кадр кызматы дагы ушул жагынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү абзел. Балким чиновник ошону билбейт, бирок өзү коркуп атат.
Канада менен Америка тууралуу айтсак, ал жерде баары ачык-айкын, кашкайып көрүнүп турат. Ал жакта ким бай болсо, ага көз артып, көрө албастык кылуу деген жок. АКШ сенатынын жарымы эле миллионерлер. Анын баары ачык эле интернет сайттарда жазылып турат.
Аскарбек Мамбеталиев

Талдоочу Аскар Мамбеталиев: Мамлекеттик кызматкерлердин эмне үчүн байлыгын жашырганын билбейт экем. Бирок эгер аны жашырып жатса, демек анын кандайдыр бир туура эмес жолдор менен алынган жайы болушу мүмкүн. Ошон үчүн жашырат. Бул биринчи себеби болушу мүмкүн. Экинчиден, азыр Кыргызстанда бейбаштык өкүм сүрүп жатат. Жеке менчик дегенди сыйлоо жок. Кокус бир нерсе болсо менчигиме кол салабы деген да кооптонуу болушу мүмкүн. Бул экөөсүнөн башка мүлктү жашырууга себеп жок.

Мен Европада, андан башка да көп эле жерде болдум. Бирок Канада менен Америка тууралуу айтсак, ал жерде баары ачык-айкын, кашкайып көрүнүп турат. Ал жакта ким бай болсо, ага көз артып, көрө албастык кылуу деген жок. АКШ сенатынын жарымы эле миллионерлер. Анын баары ачык эле интернет сайттарда жазылып турат. Негизги айлыгы 150 миң доллар, андан башка да жыйып койгон мүлктөрү бар.

Эң аз айлыкты канадалыктар алат. Үч жыл мурдагы белгиленген өлчөм боюнча 157 миң доллар алат. Бул өлкөлөрдүкү интернет булактарда ачык эле жазылып турат. Азыр бул жакта отуруп, мен деле “Гуугл” издөө системасына кирип, Американын сенаторлорунун айлыгы десем, баары жылмайган сүрөттөрү менен чыга келет. Аларды эч ким эч нерсе кылбайт. Эгер топурап келип, басып алабыз дей турган болсо мамлекет күчтүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG