Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Капчыктуу делген чоңдор "жарды" болуп чыкты


Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламенттеги ант берүү аземинде, 2011-жылдын 27-январы.
Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү парламенттеги ант берүү аземинде, 2011-жылдын 27-январы.

Мамлекеттик чоң кызматты ээлеген адамдардын өз кирешелери тууралуу декларацияны иликтөөлөр - эл оозунда миллионер делген айрым чиновниктердин үстүндөгү үйүнөн башка мүлкү жок экенин көрсөттү.

Декларация эл башкарган адамдар канча адилет жана таза кызмат кылаарын көрсөтөт. Серепчилер декларацияда мал-мүлкүн жашырган чиновниктер келечекте жоопко тартылып калуусу мүмкүн экенин айтышууда.


Бийлик төбөлдөрүнүн кимиси бардар?


Канча байлык-мүлкү бар экени тууралуу декларация толтурган өкмөт мүчөлөрүн салыштырып, алардын эң байы - премьер-министр Алмазбек Атамбаев экенин байкоого болот. Ал 2010-жылга карата 500 миң долларлык үйү, 6 миллион долларлык кыймылсыз мүлктөрү, активдери, кымбат унаалары бар экенин көрсөткөн.

Декларацияга ишенсек, өлкөдөгү эң эле байлардын бири деп эл оозунда айтылып жүргөн биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун 2009-жылы 12 миң долларга алган батири, 7 миң долларга алган унаасынан башка байлыгы жок. Ага караганда Маданият министри Нурланбек Шакиев бир батирин, эки жер участогун, 15 миң долларлык жана 5 миң долларлык эки унаасын декларацияга жазып, Бабановго караганда алда канча бардар киши болуп чыга келди.

Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов болсо өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык үч үйү, бир батири жана баасы 6-7 миң долларлык үч унаасы бар экенин көрсөтүп, өкмөттөгү бардар кишилердин бири болуп калды. Калган министрлердин бир же эки үйү, бир же эки унаасынан башка байлыгы деле жоктой.

Президент Роза Отунбаеванын Бишкекте бир батиринен башка мүлкү жок. Президентке баш ийген тутумдардан Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев 3 үйү, 3 унаасы жана бир жер участогу бар экенин декларацияга жазган. Президенттин Аппарат башчысы Эмил Каптагаев болсо, СССР маалында 5000 рублга алган үйү, айыл-чарба иштерине жана турак-жайга алган 4 жер участогу, унаасы бар экенин көрсөтсө, анын орун басары Сабырбек Байназаров бир батирин, шаар четинде дачасын, үч унаасын жазган.


Чоңдор мал-мүлкүн эмнеге жашырышат?


Кыргыз парламенти негизинен капчыктуу адамдардан куралган. Мамлекеттик кызматтарда жүрүп эле материалдык зор байлыкка жеткендер катарына Акматбек Келдибеков, Марат Султанов, Нариман Түлеев, Карганбек Самаков, Камчыбек Ташиев, Нарынбек Молдобаев, Акылбек Жапаров, Феликс Кулов, Исхак Пирматов, Болот Шер сыяктууларды кошсо болот. Бизнестен келген бай депутаттар тизмесине Чыныбай Турсунбеков (“Акун” ишканасы), ага-ини Тумановдор, Турсунтай Салимов (“Мадина” базары), Мамытбай Салымбеков (“Дордой”), Эркин Сакебаев (“Абдыш-Ата”), Өмүрбек Абдырахманов (“Азат” мебель) сыяктуу депутаттар илинет. Роман Шин сыяктуу байлыгынын аркасы менен кайсы бийликтин тушунда болбосун депутаттыктан ажырабай келаткандар да бар. Маркум депутат Баяман Эркинбаевдин жубайы Чолпон Султанбекова да бай депутаттардын катарында экени айтылат.

Булардын дээрлик бардыгы 2009-жылы “Асман-пресс” гезитинин сурамжылоосу боюнча өлкөдөгү эң бай 100 адамдын катарына киришкен.

Ошол эле кезде төрага Акматбек Келдибеков толтурган декларацияга караганда, анын болгон эле байлыгы - белекке берилген үйү менен 1986-жылы 7000 рублга сатып алган унаасы, андан тышкары 130 миң долларлык дагы башка мүлкү экен. Бирок ал үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык төрт үй, төрт батир жана 35, 45 миң долларга алынган эки унааны декларацияда көрсөткөн.

Байлык-мүлкүн ачык көрсөтүп, декларация боюнча эң эле бай депутат болуп чыга келген Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбековдун 13 батири жана бир үйү бар. Андан тышкары ал 3 миллион доллардын тегерегиндеги активдерин, имарат-жайларын ачык көрсөткөн.

“Республикадагы” депутат Чолпон Султанбекова кирешелер декларациясында үч үйүн, үч батирин, 4 миллион долларга бааланган активдерин көрсөтүп, Турсунбеков сыяктуу эң эле акчалуу эл өкүлү болуп чыга келди.

Ал эми “Ата Журттагы” депутат Марат Султанов өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык төрт батири, эки жер участогу, эки унаасы жана 500 миң долларга чукул турган активдери бар экенин жазган.
Алмазбек Атамбаев 2010-жылга карата 500 миң долларлык үйү, 6 миллион долларлык кыймылсыз мүлктөрү, активдери, кымбат унаалары бар экенин көрсөткөн.

Кирешелер декларацияларын карап, “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди да парламенттеги бай депутаттардын бири деп санаса болот. Ал там-ташынан тышкары айына 7-8 миң доллар киреше алып келген үй-бүлөлүк бизнесин көрсөткөн.

“Ата-Журт” фракциясынын төрагасы Камчыбек Ташиев бир жер участогу, үйү, унаасы жана 400 миң доллардан ашык бааланган мүлкүн белгилесе, “Ата Мекендеги” Карганбек Самаков беш батир, бир үй жана эки унаасын декларацияга жазган.

“Ар-Намыс” фракциясынын төрагасы Феликс Кулов болсо, жалгыз батири жана бир үйүнөн башка мүлкү жок экенин белгилеген.

Эксперттердин баамында, Ф.Кулов, Ө.Бабанов, А.Келдибеков сыяктуу депутаттар декларацияда көрсөтүлгөндөн алда канча бай адамдар, кыргыз миллионерлери болуп саналат. Ошол себептүү декларацияда жазылгандардын баарына эле ишенүү кыйын.


Декларация чиновниктин жеп-жебесин көрсөтөт


Бишкек ишкерлер клубунун мүчөсү Бакай Жунушовдун айтымында, бүгүн кирешелер декларациясын толтуруу, аны изилдөө, баа берүү чаралары аткарылбай келатат. Буга чиновниктердин мал-мүлкүн көрсөткүсү келбегени, ошондой эле Салык инспекциясы жана Мамлекеттик каттоо кызматы сыяктуу органдардын ортосунда жакшы маалымат алмашуу жүрбөгөнү, алсыз мыйзамдык база себепчи болууда. Ошол себептүү декларациясын туура эмес толтургандар жоопкерчиликке тартылбай келатат.

Жунушовдун пикиринде, Кыргызстан чакан өлкө болгондуктан, кимдин канча байлыгы, кандай бизнеси бар экени элдин көзүнө ачык көрүнүп турат. Бирок толтурулган декларацияларды карап көрүп, бир катар чиновниктер байлыгын жашырарын байкоого болот:

- Премьер-министрдин декларациясын карап көрсөм, баары эле чындыкка жакын жазылыптыр. Кээ бирлердикин, мисалы биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов толтурган декларацияны карасак, такыр эле ишеничтүү эмес болуп атат. Анткени арзан эле машине, анан бир батирди жазыптыр. Билбеген кишиге башка мүлкү деле жок го деген ой келет. Бирок биз баарыбыз тең билебиз да, Өмүрбек Токтогулович өлкөдөгү эң бай адамдардын катарына кирет...

“Сереп” аналитикалык борборунун аткаруучу директору Эсен Момункуловдун ырасташынча, кирешелер декларациясы коррупцияны тизгиндөөдө абдан маанилүү. Анткени эгер бир чоң чиновник толтурган декларациясында бир батир, бир унаасын эле жазып, кийин кызматтан кеткенден кийин миллиондогон байлыгы бар экени аныкталса, аны толук түрдө жоопко тартууга болот.

Бирок айрым чиновниктер бүгүнкү күнү ага анча маани бербей, келечекте жоопко тартылып каларын аңдабай атышат:

- Биздин Кыргызстан кичинекей болгону үчүн саясий лидерлер жашыра албайт байлык-мүлктөрүн. Бизде кандай тажрыйба бар? Туугандарга жаздыруу, башка бир тааныш-билиштердин атына жаздыруу тажрыйбасы тээ союз кезинен бери бар. Мисалы, биринчи президент Аскар Акаевдин дагы бир эле “Волга” машинеси бар эле. Ошондой эле декларация боюнча бир батири болсо керек эле жаңылышпасам. Ошонун негизинде биз Акаевди жоопко тартсак болот, мурунку президентибизди.

Башка бир мүлк бир жерден чыгып калса, декларацияда жок болгондон кийин ал мүлк аныкы эмес да демек. Анда ал сотто “бул меники” деп өз укугун коргой албай калат. Ошондуктан чиновниктер мүлкүн азыр көрсөтпөсө, анда бул кийин, келечекте алар үчүн проблема болушу керек. Ушундай тартип сакталганда гана алар ачык-айкын көрсөтө башташат, коррупциянын азайышына көмөкчү болот...


Мамлекеттик чиновниктердин кирешелер тууралуу декларацияны толтурушун, Мамлекеттик кадр кызматы көзөмөлдөйт. Бул мекеменин директору Чолпонкул Арабаев деле байлык-мүлкү тууралуу маалыматтарды туура жазуу, ар бир чиновниктин абийирине эле коюлуп атканын, эгер маалыматтар туура эмес болсо, жоопкерчиликке тартуу маселеси мыйзамда каралбаганын айтып келатат:

- Бүгүнкү күндөгү кабыл алынып, иштеп аткан мыйзамдарга ылайык, маалыматтардын тууралыгы ошол киреше толтуруп аткан мамлекеттик кызматкердин абийирине эле коюлган нерсе. Анын чындыгына жетип, изилдеп, анализдеп, анан тийиштүү чара көрүү жолдору мыйзамда ачык көрсөтүлгөн эмес. Бул жагынан биз коомчулуктун пикирлерин эске алып, эмки киргизилип аткан мыйзамда булардын бардыгын жазабыз сөзсүз түрдө.

Кирешелер тууралуу декларацияны толтуруу эл аралык тажрыйбада кеңири колдонулат. Бул бийлик өкүлдөрүнүн байлык-мүлкү тууралуу ачык-айкындыкты камсыз кылат. Мунун коррупциялык иштерге жол бербөө максаты да бар. Кыргыз Республикасында бардык эле жарандар бул декларацияны толтурушу керек. Бирок декларациядагы жазылган маалыматтардын так эместиги боюнча жоопкерчиликке тартуу жагы мыйзамда так каралган эмес.

Адистер белгилешкендей, өзгөчө чиновниктердин декларациясынын тууралыгын көзөмөлдөө, жаап-жашырган фактылар болгон учурда жоопкерчиликке тартуу жагын мыйзамга киргизүү абзел. Бул жагы кайра эле өлкөнүн бай адамдары топтолгон Жогорку Кеңештин колунда эмеспи...

XS
SM
MD
LG