Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:00

“Арай көз чарайдын” кезектеги чыгарылышында Кыргызстандагы коррупция жана коалициялык өкмөттүн өлкөнү чырмаган бул илдетке каршы күрөшүү боюнча жаңы демилгеси талкууга алынды.

Талкуунун катышуучулары:

Нурипа Алиева – “Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкер кеңеш” аттуу бейөкмөт уюмдун башчысы, Өмүрбек Абдырахманов – Жогорку Кеңеш депутаты, “Кыргыз парламентарийлери коррупцияга каршы” аттуу бейөкмөт уюмдун башчысы, эксперт Кубанычбек Өмүралиев.

“Азаттык”: Жаңы саясий системанын негизинде үч партия түзгөн жана азыр иштеп жаткан коалициялык өкмөттүн Кыргызстанда бардыгын эч ким танбаган коррупцияга каршы күрөшүү пландарын коомчулук уга элек болчу. Бирок ушул апта башында толук айкындалбаса да азыркы өкмөт коррупция менен кандай багытта күрөшөөрү бир аз айкын болгонсуду.

Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Шамил Аттахановдун алдыдагы реформаларды талкуулоого арналган форумда айтканына караганда, реформалар ийгиликтүү жүрүшү үчүн ириде сот жана тартип коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу керек. Бул үчүн эми өкмөт атайын мекеме уюштурган жаткан экен. Ал мурдагылардан айрымаланат экен. Жаңы мекемеби, же бөлүмбү тартип коргоо органдарындагы, сот системасындагы, мамлекеттик башка мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдү, схемаларды жашыруун аныктайт. Вице-премьер буга чейин коорупцияга каршы системалуу мамиле болбогондугун, эми ушундай мамиле жасаларын эске сала кетти.
Азыр коррупция менен күрөшүүгө эң сонун ыңгай түзүлдү. Каалаган адам коррупцияны чукуп чыгып, көргөзүп, элге айта турган шарт бар.


Нурипа айым, сиз жетектеген “Коррупцияга каршы ишкер кеңеш” бул илдеттин тигил же бул мамлекеттик органдардагы деңгээлин сурамжылоолордун негизинде аныктап жүрөсүздөр. Жаңылбасам акыркы сурамжылоону апрелде жүргүздүңүздөр. Жыйынтыктары кандай болду, кайсыл тармак эң көп коррупцияланышкан экен?

Нурипа Алиева: Биз изилдөөнү былтыр апрель айынан быйылкы жылдын апрель айына чейин жүргүзгөнбүз. Анда коррупциянын масштабын аныктаганбыз. Биздин изилдөөгө 2313 киши катышкан. Мамлекеттик органдарды алып көрсөк, тартип коргоо органдары эң коррупцияга малынган органдар деп эсептелет.

Кубанычбек Өмүралиев
Андан кийин коммуникация, транспорт, архитектура, сот системасы, мамлекеттик сатып алуу системасы, салык кызматы жана бажы кызматы. Бирок биздин изилдөөнүн натыйжасында айтсак болот, бизде коррупциясыз мамлекеттик органдар жок, баарында эле бар. Бирок бир мамлекеттик мекемеде коррупциянын деңгээли жогору болсо, экинчиде төмөнүрөөк.

“Азаттык”: Бизде паранын жогорку, ортоңку, төмөнкү өлчөмү канча, ушуга кызыгып көрө алдыңыздарбы?

Нурипа Алиева: Ооба, кызыгып көрдүк. Эң жогору турган паракорчулук мамлекеттик сатып алуу системасында. Анын жогорку деңгээли 1 миллиондон өйдө чыгып кеткен. Орточо деңгээли 100 миң сомдун тегерегинде.
Эң жогорку деңгээлде турган чиновниктерде саясий эрк жок. Анча-мынча чиновниктер коркпосо да, азыр карай турган парламенттик көзөмөлдөө аз да болсо бир рычаг бар.


Экинчиси, сот системасы. Алардыкы да жогорку деңгээли 1 млн.дон ашат, орточосу 60 миңдин тегерегинде. Андан кийин тартип коргоо органдары, ал жакта да паракорчулуктун жогорку деңгээли 1 миллиондон ашып атат, орточо 30 миң сомдун тегерегинде.

“Азаттык”: Кубанычбек мырза, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча буга чейин да агенттиктер, мекемелер болгон. Өкмөттүн жашыруун, оперативдик ыкмалар менен күрөшүүчү мекеме уюштуруу демилгеси кубаттоого арзыйбы?

Кубанычбек Өмүралиев: Акыркы беш жылда коррупцияны алдын алуу боюнча агенттик түзүлгөн. Бирок ал агенттик кандай жумуш кылды? Бизге ушундай агенттик кичинекей командасы менен керек эле. Себеби бизде Кыргызстанда эң көп проблема алдын албагандыктан, ошонун ичинде мыйзамдын аткарылбагандыгынан чыгат.

Коррупциялык уюм түзүлүшү мүмкүн. Ушундай коркунуч бар. Ошон үчүн системдүү мамиле керек. Өзгөчө мыйзамдарды кабыл алуудан баштап терең өзгөрүүлөргө чейин барыш керек.

“Бечаралар” көп...

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, өкмөттүн жаңы демилгесине мамилеңиз кандай? Азыр Кыргызстан жаңы саясий системада жашап жатат. Парламенттеги саясий күчтөр, анын ичинде “Ата Мекен” партиясы саясий атаандаштарынын былыгын чукуп, коррупциянын бетин ачууга аракеттенип жаткандай. Экинчи тарап муну саясий күрөштүн аргасы катары баалап жатат.

Ошентсе да азыр чоң кызматтагыларда, чечим кабыл алуучулардан, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендердин жеңүүчүлөрүн аныктагандар кыңыр ишим билинип калат деп коркуу, чочулоо сезимдери жаралып жатат деп айтууга болобу, же буга эртелик кылабы?

Өмүрбек Абдырахманов: Сөздү баштоодон мурун коррупцияны ким кылат деген суроого жооп беришибиз керек. Эл коррупцияны жасабайт, аны бийликтин башында тургандар жасайт. Ошон үчүн бийлик өзү менен өзү уурдап атып, анан биздин уурулугубузду карма деп агенттик түзгөнү бул абсурд. Мындай агенттиктерди Бакиев, Акаев да түзгөн. Бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.
Бирок биздин изилдөөнүн натыйжасында айтсак болот, бизде коррупциясыз мамлекеттик органдар жок, баарында эле бар.


Азыр парламенттик системага өтүп, коррупция менен күрөшө турган мезгил жетти. Бирок биздин өкмөт аны менен күрөшмөк турсун, коррупциялык системаларды көбөйтүп аткан кези. Жакында эле биринчи вице-премьер-министр Бабановдун коррупциялык бүт системасын көтөрүп чыктык эле.

Ал киши өмүр бою салык төлөбөптүр, Максимге окшоп. Ал өзүнүн декларациясына бечара болуп 12 миң долларлык батирим, 6 миң долларлык унаам бар деп жазыптыр. Андан тышкары бардык чиновниктердин декларацияларын карасаңар так ушундай жазылган. Ал эми ошол эле чиновниктердин жашаган үйлөрүн карап көргүлөчү, баарында 2 кабаттан кем эмес 500 миңдик, миллиондук тамдар бар.

Коррупция менен өкмөт күрөшпөйт, президент күрөшкөн жок, кайра өздөрү шыкакчы болуп коррупционерлерди кызматка коюп атышат. Муну система түрүндө оппозициялык партиялар күрөшүп атат, ошонун ичинде “Ата Мекен” бардык былыктарын чукуп чыгып атат. Эгер биз парламенттик системаны мындан дагы тереңдетип, мындан дагы реформаларды жасай турган болсок коррупция менен чыныгы күрөш башталат.

“Азаттык”: Азыр чоң кызматтагыларда коркуу, чочулоо сезими пайда болду деп айтсак болобу?

Кубанычбек Өмүралиев: Жаңы парламент келгенден бери, анын ичинде оппозиция туруп көзөмөл күчөгөндө кичине байкалууда. Декларация жөнүндө мыйзам эң сонун алынган. Бирок ал аткарылбайт. Эң жогорку деңгээлде турган чиновниктерде саясий эрк жок. Анча-мынча чиновниктер коркпосо да, азыр карай турган парламенттик көзөмөлдөө аз да болсо бир рычаг бар. Акыркы алар үчүн чара колдонот деген ишенимдемин.

“Балык башынан сасыйт”

“Азаттык”: Менимче коррупциядан такыр эле арылабыз деген жомок болсо керек, бирок анын деңгээлин төмөндөтүү зарылдыгы талашсыз. Кыргызстан мына быйыл көз карандысыздыгынын 20 жылдыгын белгилейт. Эгемендиктин башында коомду чырмаган бул илдет жөнүндө ачык айтылчу эмес, 2000-жылдардан бери кызуу эле талкууланып, анын жоюу үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Бирок натыйжа жоктой.

Балким иштин чар-жайыт жүргөндүгү себептир, бардык чөйрөдө коорупциядан бир учурда арылабыз деген кыял себептир. Ошон үчүн да көңүлдү алгачкы үч жылга конкреттүү бир тармакка, милицияга, же сотко буруп, конкреттүү бир чөйрөнү коррупциядан арылуу аргасын жасап, жыйынтык көргөндөн кийин гана экинчи-үчүнчү тармакка өтүү керектир, кандай дейсиздер?
Азыр парламенттик системага өтүп, коррупция менен күрөшө турган мезгил жетти. Бирок биздин өкмөт аны менен күрөшмөк турсун, коррупциялык системаларды көбөйтүп аткан кези.


Өмүрбек Абдырахманов: Дүйнөлүк практиканы карап көрсөк, кайсы жерде демократиялык система курулган болсо, ошол жерде коррупциянын деңгээли өтө төмөн. Ал эми кайсы жерде авторитардык, же башка система болсо, ал жерде коррупциянын деңгээли аябай көп.

Мына биз мактаган Орусияда, Путин башкарып атат деп атабыз, ал жерде коррупциянын деңгээли Мозамбик менен барабар экен. Ошон үчүн биз демократиялык жолго түшүшүбүз керек. Биз Конституцияны кабыл алып, фундаментти гана койдук, ал эми анын дубалдарын коюшубуз керек, дубалдары бул реформа деген сөз, тартип коргоо органдарын, сот системасын жана өзүн-өзү башкаруу деген эң негизги демократиялык нерсени реформа кылышыбыз керек.

Биздин өкмөт болсо, тескерисинче, алардын баарын реформа кылбай эле, же түшүнбөсө керек, кайра эле вертикалдуу өкмөт жасайбыз, акимди, айыл өкмөтүн өзүбүз дайындайбыз деп Атамбаевдин бийлиги азыр айтып аткан кези. Алар жанталашып, азыр президенттик шайлоо болсо биз акимдердин, айыл өкмөттөрдүн башчыларынын күчү менен шайланып алсак деп, коррупцияны ойлобой эле, системаны өзгөртпөстөн, жөн гана өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп аткан кези.

Биз ошон үчүн оппозициялык партиялар буларды аябай катуу сындап жатабыз. Жаңы системаны кургандан кийин жаңы заманды баштап, бийликте тургандар жөнөкөй болуп, коррупцияга жолобогон иштерди кылсак ошондо гана кыргыз эли бизге ишенип, өнүгүү башталат.

Нурипа Алиева
Кубанычбек Өмүралиев: 15-20 жыл мурун да бул мекемелер коррупцияга малынган. Азыр ал жерде коррупция такыр жок деп айта албайм. Көч бара-бара оңолот дегендей, азыр бул тармакта коррупция өтө эле азайды.

Бизде билим берүү системасында бүт өлкө боюнча тестирлөө киргизгенде, аз да болсо 5-6 миң жылда бөлүнө турган мамлекеттин эсебинен бюджеттик стипендияны Ат-Башыдан болобу, Алайдан болобу, Таластанбы, же Чүйдөнбү, бардыгы бирдей мүмкүнчүлүк алып атпайбы. Ушундай нерселерди системалык өзгөрүү десек болот. Ушундай нерселерди башка тармактарда да жасаса болот. Биринчи башкаруу системасын өзгөртүш керек. Башкаруу системасын жер-жерде өз алдынча койсо, 5-10 жылда оңолот.

Өмүрбек Абдырахманов: Балык башынан сасыйт деген сөз бар. Азыр бийликтин баарын өкмөт башчысына бердик. Өкмөт башчысынын ушуну жок кылам деген саясий эрки болуш керек. Финполиция деген абдан коррупцияланган орган бар, муну он күндүн ичинде жоготобуз деп Атамбаев да, Отунбаева да элдин астында убада берди эле. Бирок алар бир кишисин да кыскарткан жок. Ушундай кризис убагында өкмөт элди карап койбой шарактап той берип атса, демек булардын коррупция менен күрөшкөнгө эч кандай саясий эрки жок.

Үмүт жашай берет

“Азаттык”: Кыргызстан былтыркы жылдын жыйынтыгында, дүйнөдөгү коррупцияны иликтеген “Транспаренси Интернешнл” уюмунун рейтингинде 178 өлкөдөн 164-орунда аяктаган. 2003-жылы 133 өлкөдөн 119-орунда болчу. Бул эки көрсөткүчтү салыштырсак артына 14 өлкөдө туруп калат. Эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Кыргызстандын рейтинги канча жылда оңолуп калат деп болжолдойсуздар?
Аз да болсо былтыркы жылдан бери Конституция кабыл алынды. Кылмыш чөйрөсүнө каршы күрөш жүрүп атат, көмүскө экономика аз да болсо кыскарды.

Нурипа Алиева: Быйыл биздин рейтингибиз өзгөрбөйт го деп ойлойм. Себеби коррупцияга каршы олуттуу чаралар көрүлгөн жок. Бул саясий эрктин жогунан болуп атат.

Эл, мамлекеттик уюмдар, биздин ишканалар коррупцияны кандай сезишти, эмне деп ойлошот, ошонун негизинде жасалат изилдөө. Ошон үчүн биздин мекемелер коорупция жок деп айта алышпайт. Биздин рейтингибиз төмөн түшпөй, жок дегенде ушул деңгээлде кармалып турса деп ойлойбуз.

Өмүрбек Абдырахманов: Азыр коррупция менен күрөшүүгө эң сонун ыңгай түзүлдү. Азыр монополдук бир бийлик жок. Каалаган адам коррупцияны чукуп чыгып, көргөзүп, элге айта турган шарт бар.

Өмүрбек Абдырахманов
ММКлар да эң активдүү буга каршы иштеш керек. Жайнаган бейөкмөт уюмдар бар Кыргызстанда, ошолор да колдоп чыгышы керек.

Эң негизги нерсе – биз жаңы мыйзамдарды кабыл алып атабыз, бардык жерде башчылар жогору жактан бекитилбей, шайлоо аркылуу шайлансын деп.

Жогорку окуу жайлардын ректорлору, акимдер, айыл өкмөттөрү шайлоо жолу менен келсе, ошол жердеги эл көзөмөл кылып, аларды коррупцияга барбашына шарт түзөт эле. Азыр өкмөт иштейби, иштебейби, биз ушундай шарттарды жасай беребиз. Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү динамикасы мындан дагы күчөй бермекчи.

Кубанычбек Өмүралиев: Аз да болсо былтыркы жылдан бери Конституция кабыл алынды. Кылмыш чөйрөсүнө каршы күрөш жүрүп атат, көмүскө экономика аз да болсо кыскарды. Бул биздин рейтингди өтө көтөрүп жибербейт. Бирок былтыркы жылдан 5-6 баскычка түзүк болот деген ишеним бар.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG