Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Грузияда полиция реформасы кантип ишке ашты?


Шота Утиашвили "Азаттыктын" кабарчысы Жанар Акаевдин суроолоруна жооп берүүдө. Тбилиси, 28-апрель.
Шота Утиашвили "Азаттыктын" кабарчысы Жанар Акаевдин суроолоруна жооп берүүдө. Тбилиси, 28-апрель.

Грузин полициясынын өкүлү Шота Утиашвили "керемет реформа" кантип ишке ашканын "Азаттыкка" айтып берди.

Грузияда 2003-жылдагы революциядан кийин келген жаңы бийлик күч органдарында “керемет реформа” жасап салганы айтылып жүрөт. Азыркы грузин полициясы таптакыр пара албайт, айлыгы жогору жана эл арасында чоң кадыр баркка ээ. Алар мындай реформаны аз убакыттын ичинде кантип ишке ашырды? Мунун сырын ушул күндөрү Тбилисиде жүргөн кабарчыбыз Жанар Акаев Грузин полициясынын маалымат-аналитикалык департаментинин башчысы Шота Утиашвилиден сурады.

- Шота мырза, Кыргызстанда бир катар жаш саясатчылар кыргыз милициясын Грузиядагыдай реформа кылууну бийлике сунуш кылып жатышат. Силер реформаны кантип жасадыңар, маңызын айтып бериңизчи?

- Реформанын негизги маңызы - Грузин полициясы коррупцияга каршы күрөшүш керек болчу. Эгерде полиция пара албаса, акыйкат иштесе анда уюшкан кылмыштуулукту, дегеле кылмыштуулукту жоюуга да болор эле. Биз муну түшүндүк.

Полициянын эң негизги милдети бул карапайым калкты тейлөө, ошон үчүн калк полициянын ишине нааразы болбошу керек. Соңку жети жыл ичинде Грузин полициясынын рейтингин карап көрсөңүз 80% адамдар полицияга ишенип калды, бизде полиция бар, алар бизди коргойт деген ишеним элде пайда болду.

Тбилисидеги полиция имараты.
- Мен Тбилисиге келип эле полиция иштеген имараттарга абдан таң калдым. Баары эле айнектен жасалыптыр, министр отурган имараты баш болуп. Эмне себептен имараттарды ушундай кылып курдуңар?

- Ачык-айкындуулук бул биздин негизги принцип. Полициянын милдети элди тейлөө болгондон кийин эл аларды көрүп билип турушу керек. Полициянын бөлмөсүндө кимдер отурат, алар кантип иштеп жатышат баары ачык айнектен көрүнүп турушу керек. Ачыктык - бул элдин полицияга болгон ишенимин кайтарат. Элдин ишеними биз үчүн абдан маанилүү. Ошон үчүн полициянын бардык имаратын айнектен куруп чыктык.

- Революцияга чейин милиция болуп иштегендердин баарын кызматтан бошотуп салдыңар, азыр алар кайда болду экен, же баары жумушсуз калыштыбы?
Криминал ар дайым чабал аймакты издейт, милициясы пара алган, бийлик криминал менен алака-катыш кылса боло турган өлкөлөрдө криминал доор сүрөт.

- Мурда Грузияда 80 миң милиция болгон, азыр болсо 26 миң гана полиция бар. Кызматтан бошогондор бизнеске кетишти, көпчүлүгү жумушсуз калышты, кээлери жаңы кесипке өтүштү. Бирок бизде башка жол болгон эмес. Элден пара алып, баңгизат сатып алектенген милициянын бизге эмне кереги бар, андан көрө алардын жумушсуз калганы жакшы.

- Грузин бийлиги милицияны реформа кылгандан кийин криминалды өлкөдөн таптакыр кууп чыккан деп айтылат. Кыргыз бийликтери да азыр криминал менен күрөшүп жатабыз дешүүдө. Силер криминалдан кантип арылдыңар?

- Анын жолу жөнөкөй эле. Полиция иштеген мамлекетте криминал деген болбошу керек. Грузияда полиция реформасы ийгиликтүү ишке ашып, полиция пара албай калганда криминал да дароо түшүндү, алар Грузиядан качып чыгып кетишти. Криминал ар дайым чабал аймакты издейт, милициясы пара алган, бийлик криминал менен алака-катыш кылса боло турган өлкөлөрдө криминал доор сүрөт. Биз аларга катуу күрөш жарыялагандан кийин аз убакыттын ичинде Грузиядан качып чыгып кетишти. Азыр көпчүлүгү Москвада дешет.

- Азыр Грузин полициясынын айлыгы канча?

- Мурда болжол менен айына 40 АКШ долларын алчу экен. МАИ кызматкерлери болсо мамлекеттен айлык күтпөй эле коррупция менен жашап калышкан. Азыр полиция болуп ишке киргендер 400 АКШ долларын алышат, тажрыйбасы көбөйгөндө 2 миң АКШ долларына чейин маяна болот.
Ийгиликтүү реформа жасаш үчүн биринчи кезекте саясий эрк керек. Бул техникалык маселе эмес, саясий маселе.

- Мен Тбилисинен көчөлөрүнөн бир дагы МАИ кызматкерин көргөн жокмун. Грузияда жол коопсуздугу кандайча камсыздалат?

- Билесизби мурда бизде МАИ кызматында 16 миң кызматкер иштеген. Сиз кызыгып сурап жаткан полиция реформасын биз дал ушул МАИ кызматкерлеринен баштадык. Алгач 16 мин кызматкердин баарын жумуштан бошотуп, 2 миң МАИ кызматкерин алдык. МАИ кызматкерлерин жумуштан бошотуп жатып айттык, "жигиттер, эми мындан ары мындай коррупция менен жашоого болбойт" дедик. Андан кийин 2 миң полиция МАИнин милдетин аткарып баштады, элестетип көрүңүз мурдагыдан 7 эсе аз кызматкер калды.

Грузин полициясы мына ушундай айнек кеңседе иштейт.
Аларга жаңы имидж түздүк, айлыгын бир топ жогору коюп бердик. Аларды кызматка алганда компьютерлештирилген ыкма менен сыноодон өткөрүп, андан соң үч жума полиция академиясында окутуп, анан көчөгө чыгардык.

Жаңы машина, жаңы каражаттар, жаңы форма менен чыгышты, пара алууга катуу тыюу салдык. Алгач эле пара алгандары да болду, бирок аларды катуу жазага тарттык, кийинкилери такыр пара албай калды. Азыр сиз көчөдөгү карапайым адамдардан сурамжылоо кылсаңыз деле полиция пара алат деген сөздү укпайсыз.

- Коррупция азыр бардык кыргызстандыктардын жүрөгүн өйүгөн чоң көйгөй. Айтыңызчы, биз коррупцияны кантип жойсок болот? Сизди азыр балким Кыргызстандын ички иштер министри жана башка аткаминерлер окуп калышы мүмкүн?
Эң негизги нерсе - азыр Грузин полициясы өзүнүн жумушу менен сыймыктана алат. Алар пара албайт, эл алдында жүзү жарык.

- Ийгиликтүү реформа жасаш үчүн биринчи кезекте саясий эрк керек. Бул техникалык маселе эмес, саясий маселе. Эгерде бийликтегилердин реформа жасайбыз деген каалоосу болсо, милиция эле эмес бардык тармакта жасаш керек. Эгерде комплекстүү реформа жасабаса бир тармакты реформа кылабыз деген идеясы ишке ашпайт. Биринчиден - саясий эрк, экинчиден, реформаны тез аранын ичинде ишке ашырыш керек. Реформа кылабыз деп популисттик сөздөрдү айта берсе эл ишенбей калат, аны иш жүзүндө ашырыш керек. Ошондо эл бийликтин реформа жасаганын көзү менен көрүп, ишеним артат, үмүт пайда болот.

- Реформа жасаш үчүн акча керекпи? Силер акчаны кайдан таптыңар?

- Мен сиздин пикириңизге макул эмесмин. Мисалы биздеги МАИ кызматын реформалоону айтайын, мурда 16 миң адам иштесе азыр 2 миң кызматкер иштейт. Бул деген акчаны үнөмдөө жана жаңы каражаттарды сатып алуу дегенди билдирет. Албетте биздин кызматкерлер деле мурда азыраак акчага иштеп турушту, андан соң айлыкты көтөрүп бердик, алардын ишинин акыбети кайтты. Эң негизги нерсе - азыр Грузин полициясы өзүнүн жумушу менен сыймыктана алат. Алар пара албайт, эл алдында жүзү жарык. Ошон үчүн азыр көпчүлүк грузин жаштары чоңойгондо полиция болууну кыялданып калышты.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG