Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 136 млн. доллар бөлө турганын банктын башкаруучу директору Нгози Окоджо-Ивела Бишкекте билдирди. Бул каражат өлкөнүн бюджетин колдоо максатында жарымы грант, жарымы жеңилдетилген насыя түрүндө берилүүдө.

ЕврАзЭШтин антикризистик кору Кыргызстан сураган 106 млн. долларга байланыштуу маселени 4-июнда талкуулайт. Мындан сырткары кыргыз өкмөтү Эл аралык валюта корунан 100 млн. доллар жардам келет деп күтүп жаткан чагы.

Эксперттер Кыргызстан сырттан акча сурабай, экономикасын өзү көтөрүүгө аракет жасашы керектигин белгилешүүдө.

КарыЗы бардын ырысы барбы?

Кыргызстанга алгачкы жолу келген Дүйнөлүк бактын башкаруучу директору Нгози Окоджо-Ивела 2010-жылы өлкөдө болгон окуялар, дүйнөдө тамак-аш продуктуларынын, күйүүчү жана майлоочу майдын кымбатташы кыргыз экономикасына терс таасирин тийгизгенин белгиледи. Ошонун айынан өткөн жылы экономиканын деңгээли 1,1% түшүп кеткен.

Окоджо-Ивела айым Дүйнөлүк банк соңку окуяларга байланыштуу Кыргызстанга 136 миллион доллар бөлө турганын билдирди. Каражат негизинен өлкө бюджетин колдоо максатында берилмекчи.

- Кыргыз бийлиги коррупция менен күрөшүүгө жана жалпы абалды жакшыртууга күчү жетет деп ишенебиз. Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жардам берүүгө даяр.

Биз негизинен 60 млн. доллар беришибиз керек эле. Бирок биз бул сумманы ушул жылы эки эсеге көбөйттүк.

Кайсы бир өлкөгө каражат бөлгөндө эч кандай шарттар жөнүндө сүйлөшпөйбүз. Негизинен биз ошол өлкөдө туруктуулук болуп жана башталган реформалардын ишке ашышын каалайбыз. Бирок ошого карабай кыргыз өкмөтү менен фискалдык тартыштык жөнүндө сүйлөштүк. Каражаттын 45% грант, калганы жеңилдетилген насыя түрүндө 40 жыл мөөнөткө берилет.


Окоджо-Ивеланын айтымында, каражаттын 30 млн. доллары июль айында берилмекчи.
Башка бирөөнүн мойнуна илинип, бирөөнүн эсебинен жашасак анда эгемендүүлүк эмнеге керек? Ошондуктан реформа жасаш керек.


Мындан сырткары өкмөт Эл аралык валюта корунан (МВФ) 100 млн. доллар каражат келет деп күтүп жатат. Буга байланыштуу программа 2-июнда Эл аралык валюта коруна жөнөтүлгөнүн өкмөт аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Толкунбек Абдыгулов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, программаны эки аптанын ичинде Директорлор кеңеши карап чыгат.

- Эл аралык валюта кору менен буйруса маселе чечилди. Канча сумма келээри азырынча белгисиз, бирок үч жыл ичинде 100 млн. доллар келет деп ойлоп атабыз. Бул каражат жеңилдетилген 0,75% жылдык үстөк пайыз менен берилип атат. Ал түзмө түз бюджетти колдоого жумшалат.

Таңкыстык жабылабы?

Каржы министри Мелис Мамбетжанов ЕврАзЭШ каржы министрлеринин жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев май айынын ортосунда Кыргызстанга 106 миллион доллар эсебинде насыя бөлүү өтүнүчү менен ЕврАзЭШтин антикризистик коруна кайрылган.
4-июнда ЕврАзЭШтин антикризистик кору ушул маселени талкууга алмакчы. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков “Азаттыкка” билдирди.

- Бюджетти кабыл алып жатканда сырттан келе турган каражаттарды тактап, андан соң кабыл алдык.

Биз сырттан ошол каражаттар менен дефицитти жабабыз, антпесе бюджетти кабыл албайт элек да. Эртеңки жолугушууларда 106,7 миллион доллар боюнча маселе да каралат. ЕврАзЭШ бул акчаны 20 жылга берет. Анын беш жылы жеңилдетилген убакыт болуп, пайыздары гана төлөнөт.


Алмайдын бермейи бар

2011-жылдын бюджети чоң дефицит менен кабыл алынып, муну бир катар депутаттар сынга алышкан. Өкмөт сырттан келген каражаттар бюджеттеги таңкыстыкты жабууга колдонуларын белгилешүүдө.

Анткен менен айрым эксперттер Кыргызстан сырттан каражат албай, экономикасын өзү көтөрүүгө аракет кылышы зарыл экенин айтышууда. Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун директору Сейитбек Усманов чет өлкөдөн карыз алып, грант менен жашаган өлкөлөр эң жарды мамлекеттердин катарынан чыкпай келатканын айтат.

- Негизи эле сырттан алган карыз жакшылыкка алып келбейт. Африкада жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, 70 жылдан бери сырттан жардам алып келаткан мамлекеттер дагы деле эң жарды мамлекеттердин катарынан чыкпай келатат. Кыргызстан деле Бобор Азияда эң көп жардам алып, азыр жарды мамлекет болууда.

Ошондуктан карапайым элдин сырттан карыз алууга кызыкчылыгы деле жок. Анткени алган акча аларга жетпейт. Башка бирөөнүн мойнуна илинип, бирөөнүн эсебинен жашасак анда эгемендүүлүк эмнеге керек? Ошондуктан реформа жасаш керек.


Май айынын соңунда Минск шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда премьер-министр Алмазбек Атамбаев Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин менен жабык эшик артында жолуккан. Анда Атамабев Орусиядан үстөк пайызсыз 30 миллион доллар грант сураганы айтылган.

Байгончоков учурда ушул жолугушуунун алкагында Орусиянын Каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. Кыргызстан айтылган каражат качан берилерин сурап Орусияга кат жөнөткөнү менен азырынча жооп келе элек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG