Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Былтыркы жайдагы коогалаңдан кийин жабылган өзбек-кыргыз чек арасы ушул күнгө чейин ачыла элек.

Өзбекстан чек ара талаптарын күчөтүп, Кара-Сууга жакын жердеги бекеттерин жапкан эле. Бул жагдай Орто Азиядагы эң ири дүң соода базарларынын бири болгон Кара-Суу базарындагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 50 пайызга кыскартты. Мунун айынан ишкерлер алган насыяларын өз убагында төлөй албай, жумушсуздук күч алган чагы.

Акылбек Кармышаков Кара-Суу базарында кийим-кечек сатып тиричилик кылат. Чек ара жабылгандан бери кардарлары азайып, учурда тапканы чыгашасын араң жаап жатат. Ошондон бери алган насыяларын төлөө Акылбек үчүн азапка айланды:

- Үйлөрдү күрөөгө коюп насыя алган болчубуз. Аларды төлөй албай отурабыз. Товарларыбыздын басымдуу бөлүгүн Өзбекстандан келип алып кетишчү. Эми алар жок, соода жок. Мурдагы жылдары 10 миң сомго чейин тапчумун. Азыр андай кирешени унутуп калганбыз.

Акылбек соода жүрбөгөнү аз келгенсип, ишкерлер төгө турган төлөмдөр да кыйла көбөйгөнүн айтып кейиди:

- Үч күндөн бери күнүнө бир-экиден кийим араң сатам. Болгону 15 сом, же 30 сом кошуп сатасың. Элестет эми, салыктын өзүнө күнүнө 385 сомдон төлөшүбүз керек. Патент дегени бар - 3000 сом, жер акы бар - 1500 сом, сакчыга бар - 300 сом, электр жарыгы бар - 200 сом. Күнүнө жетпей калып атпайбы? Тапканыңдын баары өзү менен өзү жок болот.

Муса Тойчиев
Кара-Суу базарына Кытайдан ташылган товарлардын 70-80 пайызы өзбекстандык кардарлар алып кетишчү. Чек ара жабылгандан бери алардын аягы тыйылып, бул жерде соода токтоп калды. Ошол себептүү насыя алып иш кылган соодагерлер олуттуу чыгашага учураганын айтышууда. Алардын бири Мавлюда Темирова буларга токтолду:

- Соодабыз жол киребиз менен контейнер акысын да жаба калды. Бир айда 5 миң сом, 10 миң сом артка кеттик. Буга чейин алган товарларыбызды эле сатып койолу деп отурабыз. Банкрот болдук.

Миграция агымы күч алды

Расмий маалыматтарга караганда, Орто Азиядагы ири базарлардын бири Кара-Сууда 20 миңден ашуун адамды эмгектенчү. Сооданын солгундашы менен алардын жарымынан көбү жумушсуз калып отурат. Атүгүл бул жердегилердин көпчүлүгү чет өлкөлөргө кетип жатканын айтышат. Өзүн Муса Тойчиев деп тааныштырган ишкер “Азаттыкка” буларды айтты:

- Жер акы кымбат, салыгы кымбат. Тапканы ичкен-жегенине жетпесе баары кетет да. Соода жайын жаап коюп элдин баары Орусияга кетип атат. Жумушсуздук күч алды. Былтыркы коогалаңга чейин баары эле жакшы иштеп, кардарлар да көп келчү. Коогалаңдан кийин такыр келбей койду.

Базарда соода жүгүртүүнүн көлөмү кескин кыскаргандыктан жергиликтүү бийликтин казынасы да ири каражаттан кур калууда.

“Базарга айына 10 млн. сом киреше түшпөй калып жатат” дейт Кара-Суу “Тураталы” базары жетекчилигинин өкүлү Мамасали Мадаминов:

Мамасали Мадаминов
- Базарда 1500 соода түйүндөрүбүз болсо, азыр ошонун жарымы араң иштеп жатат. Чек аранын жабылышынан 40-50 пайызга чейин кирешебизди жоготтук. Ошондо базар болжол менен 10-12 млн. акча асманга учуп кетип атат. Бул жанагы жеке ишкерлердикин кошпогондо. Жеке ишкерлер да азыр буга чейин тапканынын 50 пайызын араң таап жатышат.

Бир жылдан бери Кыргызстан аркылуу товар ташылбай калгандыктан өзбекстандык ишкерлер товарларды Кытайдай түз ташып келишүүдө. Адистер чек араны ачууга борбордук бийлик чукул аракет кылбаса, Кыргызстан мындан ары да оңой эмес кирешеден куржалак калат деп коңгуроо кагышат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG