Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Нан дагы кымбаттады


Кыргызстанда нан жана нан азыктарынын баасы көтөрүлүүдө. Наабайчылар биримдиги муну унду кымбат алып жаткандыгы менен байланыштырышууда.

Өкмөт өкүлдөрү болсо кымбатчылыктан кызыл кулактар пайдага батып жатканын айтууда.

Бишкектеги нан бышыруучулар биримдиги 23-февралдан тарта төрт жүз граммдык нандын баасы 13 сомго жогорулай тургандыгын жарыялады. Буга чейин анын бир даанасы сегиз сом турса, акыркы бир жарым айда он-он бир сомго кымбаттагандыгы байкалган болчу.

Баш калаадагы бөлкө бышырып сатуучу дүкөндөрдүн биринин ээси Майрамгүл Алыбаева муну ундун баасынын кескин жогорулап кеткендиги менен байланыштырды:

- Биз нанга бааны өзүбүз билип эле коюп жаткан жокпуз. Мына ундун баасы кескин кымбаттап жатат. Эми деле жазга карата токтой турган түрү жок. Бышыкчылыкка чейин көтөрүлө берет окшойт. Мурда ундун килограммын 12-13 сомдон алсак, азыр 28-30 сомго чыгып атат. Ун саткандар аны Казакстандан кымбат алып жатышкандыгын айтып жатышат. Биз нан жасап сатканда мурдагы баасы менен актабай калса кантип иштейбиз?

Кыргызстан агрардык өлкө болгондугуна карабастан калкты ун менен толук камсыз кыла албайт. Адистердин айтымында, кырк пайызга жакын буудай Казакстандан тартылып келет. Буга чейин сырттан келүүчү ар бир килограмм буудайдан же ундан бажы төлөмү үч сомдон алынса, өткөн жайда ал бир жарым сомго түшүрүлгөн. Бирок мындай чараларга карабастан ундун баасынын күн санап кымбаттаганы токтогон эмес.

Кымбаттоого түрткү болгон кызыл кулактык

Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинин мүчөсү, депутат Эсенгул Исаков ундун кымбатташын аны ташып келүүчү компаниялардын ашынган кызыл кулактыгынын жыйынтыгы деп эсептейт:

- Ортомчулар көп болгондуктан буудайдын, ундун баасы кымбаттап жатат. Анан ал нанга таасирин тийгизди. Казакстандан келгенге чейин 2-3 колдон өтүп анан ун комбинаттарына түшөт экен. Ошону баары көзөмөл болбой, жапайы базар орун алып, ким каалагандай сатканга мүмкүнчүлүк түзүлүп калыптыр. Мындай кызыл кулактык менен кечээги эле он сомдук нан он беш, анан жыйырма сомго чыкса, өтө чоң нааразычылыкка алып келет.

Ошол эле учурда нанга болгон баанын өсүшү дүйнө жүзүндө дандын тартыштыгы менен да байланыштырылып жүрөт. Бирок өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы күрөшүү агенттиги Кыргызстандагы нан жана нан азыктарына болгон баанын кескин кымбатташынын чыныгы себептерин ачыктай элек. Агенттик ундун өздүк наркы, аны ташып келүүгө жумшалган каражат жана анын нан болуп жасалганга чейинки чыгымдары боюнча алдын ала иликтенген маалыматка ээ эмес экендигин жашырган жок.

Ошондой эле Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин жетекчиси Бабырбек Жээнбеков баалардын кескин жогорулашын ооздуктоого мыйзамдык базанын алсыз экендигин айтып, алакан жайды:

- Биздин буудайды жана унду ташып келүүчүлөргө мыйзам жүзүндө чара көрө албай жатабыз. Алардын койгон бааларына таасир бере албайт экенбиз. Анткени мыйзамдык укуктарыбыз ага жол бербейт экен. Жасаган ишибиз эле аларды чакырып алып, "бааны көтөрбөгүлө" деп суранабыз. Алардын буудайды ташып келүүдө жана аны унга айлантууда кандай чыгымдар кетип жаткандыгын азыркы учурда иликтеп жатабыз. Мына ошонун баарын шашпай отуруп эсептешибиз керек.

Мындан сырткары өкмөт учурда ундун баасына таасир этүү үчүн жасалма атаандаштыкты жаратуу аракетин көрүп жаткандыгы айтылды. Анын алгачкы чарасы катары Бабырбек Жээнбеков калктын аз камсыз болгон катмары үчүн он миң тонна ун акысыз таратыла тургандыгын кошумчалады. Бирок серепчилер калкка мындай көлөмдөгү колдоо көрсөтүү аракети натыйжа береринен күмөн санашат.

XS
SM
MD
LG