Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Сооронбаев: 1 миллиард сом насыя өтө аз


Кыргыз өкмөтү быйылкы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында 9% үстөк менен дыйкандарга 1 миллиард сом насыя акча бөлмөй болду. Ошол эле учурда үрөн, жер семирткич сыяктуу дыйканчылыкка зарыл нерселердин баалары асмандоодо.

Ноокен районундагы “Кенч” дыйканчылык кооперативинин башчысы Акыбай Сооронбаев “Азаттыкка” маек курду.

- Буудай, ун, дегеле дан аттуунун баасы күн санап көтөрүлүп атат. Айыл чарба министри ун менен буудайдын баасы жазында дагы кымбаттай турганын билдирди. Айылдыктар мындай кымбатчылыкты көтөрө алышабы?

- Айыл чарба министринин айтканы туура, ошондой кымбатчылык күтүлүп жатат. Анткени дыйканчылыкка эң керектүү болгон жер семирткичтер дээрлик эки эсе кымбаттады. Эки ай мурда 1 килограммы 12 сом болсо, азыр 20 сом болуп атат. Ал да аябай эсептелүү, ченелүү келип атат.

Мындан тышкары быйыл кургакчылык болуп атат, кышы менен түштүктө кар жааган жок, бүгүн эми аз-аздап түшүп атат. Мунун дагы сөзсүз түрдө терс таасири тиет.

Күйүүчү майлар бир аз арзандады, бирок ал бааларга көп деле таасир бере албайт го. Кымбатчылык болот, аны баарыбыз эле билип турабыз. Айылдын эли үчүн бул кыйынчылык эле алып келет, анткени былтыркы түшүмдөрүн күнүмдүк оокат-аш үчүн арзан сатып жиберишкен.

- Өкмөт күзүндө дыйкандардан буудайдын 1 килограммын 10 сомдон алаарын айткан. Бул канчалык деңгээлде ишке ашты?

- Аз эле сатып алды, көбүнчө базарда эле арзанга, 6-7 сомдон сатылып кетти. Себеби бул сатып алуулар мурдатан эле так схема менен иштебей келген. Ошол жерде да коррупция аралашып, толук иштеп атат.

Жакшынакай, таза буудайы бар дыйкандардын буудайын албай, базардагы чаң, жем аралашкан, сорту начар буудайлар алынып кетти. Анткени ошол жерде дагы кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы ойноп атат. Мындай былтыр да болду, мурдагы жылы да болгон.

- Мурда дыйкандардан буудай алууда “дандын жабышкактыгы 23% кем болбош керек” деген шарт коюлуп, дыйкандар буга да нааразы болуп жатышты эле...

- Ооба, андай шарттар быйыл да коюлду. Бул да ошол эле коррупциялык схема, атайын иштелип чыгарылган. Бир эле талаада айдалып, бир кампадан чыккан буудайды эки дыйкан алып барса, бирөөнүн буудайын 23% жабышкак деп алышат, экинчисиникин жаратпай, жабышкактыгы төмөн деп коюшат. Бул көбүнчө кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгына жараша болуп атат.

- Быйыл азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында кыргыз өкмөтү 1 миллиард сомдук насыя акча 9% үстөк менен дыйкандарга берилет деп айтты. Ар бир дыйкан 200 миң сомго чейин насыя алганда деле 1 миллиард сом аздык кылбайбы?

- 9% үстөк менен беребиз дегендин өзү жакшы, бирок 1 миллиард сом өтө эле аз, муну менен көп маселе чечилбейт. Анын үстүнө бул насыя акчанын бериле турган тармагы, акчаны бөлүп берүү жагы жана башка болуп атып, аябай көп чектөөлөр болуп атат. Насыя акча алуунун талаптарын аткарып, антип-минтип алгыча жазгы эгип-себүү иштери да бүтүп калат. Андан көрө ошол чектөө-талаптарын азайтып, насыя акчанын суммасын көбөйтүү керек. Бул акча менен Кыргызстандын айыл чарбасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла албайбыз го.

- Сиздер буга чейин да айыл чарба тармагын көтөрүү үчүн ири дыйканчылык кооперативдерин түзүү маселесин көтөрүп жүрдүңүздөр эле. Жок дегенде азыркы өкмөт, министрлик колдоого алгыдайбы?

- Кооператив түзмөйүнчө айыл чарба тармагы оңолбойт. Майда дыйканчылык кылганда эл чыгымына эле иштеп атат, анткени жыл сайын эле жаз-жай кылган мээнети акталбай, дыйканчылыкка сарптаган каражатынын орду да толбой калып, аябай кыйналып атышат. Биз бул сунушту айтып чыкканыбызга 10-15 жыл болду, бирок ушуга чейин да бир да кооператив түзүлө элек. Тескерисинче МИС сыяктуу чоң-чоң кооперативдер талкаланып жок болуп атат, анткени өкмөт тараптан кандайдыр бир колдоо жок.

- Адатта дыйкандар өткөн жылы кайсы эгиндин түшүмүнө талап болсо, быйылкы жазында ошол эгинди көп айдаган учурлар арбын. Натыйжада күзүндө ошол эгиндин түшүмү өтө көп болуп, баасы төмөндөп кетет да, дыйкандар чыгашага учурап отуруп калышат. Мисалы быйыл сиздин кооператив эмне айдоону пландап атасыздар? Өткөн жылы түштүктө пахта жакшы өттү дейт.

- Биздин чарба көбүнчө буудайга басым жасайбыз. Кийинки орунда пахта турат. Былтыр пахта кымбат болду эле, быйыл дыйкандардын көпчүлүгү пахтага өтүп кетти. Биз 120 гектар жерге буудай, 30 гектар жерге пахта айдап атабыз.

Айыл чарба министрлиги, жалпы өкмөт эгин айдоо, түшүмдүн кийинки баасы тууралуу алдын ала иликтөө жүргүзүп, жаз алды менен дыйкандарга бир сунуштарды берип турса жакшы болмок. Ушундай сунуштар жоктугунан улам дыйкандар кайсы эгиндин түшүмү пул болсо, ошону жабыла айдашат да, кийин түшүмүн кайда сатарын билбей, талаада чирип калып кеткен учурлар толтура болгон. Мамлекет мына ушуну да эске алышы керек.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG