Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Өкмөт кымбатчылыкты төмөндөтүү жолдорун издей баштады. 13-январда өткөн өкмөттүн жыйынында биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов монополияга каршы күрөшүү агенттигине азык-түлүктүн кымбаттоо себептерин аныктоо, бааларды жөнгө салуу аракетин көрүү тапшырмасын жүктөдү. Адистер азык-түлүккө баалардын өсүшүнүн бир нече себептери бар экенин жана бир айда эле 10-12% кымбаттап жатканын айтышууда.

Экономиканы жөнгө салуу министрлиги Кыргызстанда эт, ун жана кумшекердин кымбаттоосу уланып жатканын белгилөөдө. Январь айынын башында буудайдын бир килограммы 11, биринчи сорттогу ундун бир килограммы 26 сомдон ашкан. Сүт азыктарына болгон баа 0,4% өссө, эттин баасы 2,1%, өсүмдүк майы 1,5% жакын өскөн.

Эт эмнеге кымбат?

Сатуучулар эттин кымбатташын майрамдардан кийин семиз малдын жоктугу жана эттин сыртка экспорттолуп жаткандыгы менен байланыштырат.

Ош базарынын чок ортосундагы иштеген Азаматтын айтымында, бир айда эттин килограммына 30-40 сом кошулган.

- Себеби көп. Ирандыктар, казактар алып кетүүдө. Кышка карай семиз малдар жок, ошол себептен да кымбаттап атат. Бир айда 30-40 сомго кымбаттады. Уйдун баасы кымбат, уй эти 270-280, кой эти 250-270 сом. Менимче дагы кымбаттайт го.

Айыл чарба министрлигинен алынган маалымат боюнча, өткөн жылдын 11 айында эт 1093 тонна, картошка 600 миң тоннага жакын экспорттолгон. Эт сыртка 2009-жылдан дээрлик эки эсе көп сатылган. Соңку кезде пияз көп экспортко кетип жатканын министрдин орун басары Кубат Касенов кабарлады. Эт негизинен Иран өлкөсүнө сатылып жаткан экен.

- Иранга сатылып жаткандыгы да кымбаттоого таасирин тийгизип атат. Андан сырткары такталбаган маалыматтар менен Казакстанда мыйзамсыз жол менен ташылып атат деген маалымат бар. Анын үстүнө элде да ажиотаж болуп атат. Баары кымбатташ керек деген тенденция келип атат.

Убайга салган инфляция

Улуттук банк кымбаттоону дүйнөдөгү баалардын, күйүүчү майлардын баасынын өсүшү менен байлыныштырууда. Бул инфляциянын көтөрүлүшүнө алып келди. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын декабрь айынын соңунда инфляция 19,2% түзгөн. Жергиликтүү экономист, эксперттер инфляция Кыргызстанда 30% жогору экенин белгилеп келишет.

Эттен сырткары башка да бир топ күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш продуктуларына баанын көкөлөп өсүүсү сатуучуну да, алуучуну да бушайманга салууда. Сатуучу Табылды мырзанын айтымында, кумшекер он күндүн ичинде эле 7-8 сомго кымбаттаган.

- Мисалы, кечээ эле кумшекерди 58 сомдон сатып атканбыз. Азыр эми бизге бүгүн 60тан берип атат. Анан канчадан сатышыбыз керек? 65 сом десек эле алуучулар бетибизге түкүрүп кетип атышат. Жаңы жылдын алдында башталды. Жаңы жылдан кийин эле кескин көтөрүлүп кетти. Баалар күндөн күнгө өсүп атат. Мисалы, гречканы өзүбүз жаңы жыл алдында 70 сомдон сатканбыз. Азыр эми эки эсе кымбаттап, 140 болуп атпайбы. Кумшекерди бизге кымбат сунуштап жаткандыктан мен сатпай койдум.

БУУ азык-түлүк тартыштыгы орун алаарын эскертет

Бириккен Улуттар уюмунун азык-түлүк коопсуздугу боюнча программасы азык-түлүккө баалардын кескин өсүп, тартыштык орун алаарын эскерткен. Чет элдик экономисттер баалар мындан ары да жогорулашы ыктымалдыгын белгилешет. Алар өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, анын ичинде Кытай жана Индияда, Британияда, Европа өлкөлөрүндө деле инфляциянын өсүшү экономика жана саясатта негизги маселеге айланарын айтышат.

12-январда өткөн өкмөттүн жыйынында кымбаттоо башкы маселе катары каралып, бааларды төмөндөтүү үчүн ыкчам чаралар зарылдыгы белгиленди.

Өмүрбек Бабанов
Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Монополияга каршы күрөшүү агенттигине азык-түлүктүн кымбаттоо себептерин аныктоо, бааларды жөнгө салуу мыйзамдарын өзгөртүүгө сунуштарды киргизүү милдетин жүктөдү. Ал эми Айыл чарба министрлигине буудай, кант кызылчасы жана төө буурчактын айдоо аянттарын көбөйтүү боюнча тапшырма берди.

Өмүрбек Бабанов азыркы мыйзамдар базардагы баалардын чайкоочулук менен өсүп жатканын көзөмөл кылууга жарабай турганын белгилеп, өкмөт тез арада азык-түлүктүн баасын арзандатууга тийиштигин айтты. Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин жетекчиси Бабырбек Жээнбековдун айтымында, базардагы бааларды көзөмөлдөө үчүн күнүмдүк керектелүүчү он чакты продуктунун тизмеси өкмөткө жөнөтүлдү.

- Дагы эле ошол калып атпайбы. Биздин берген сунуш улам эле каралбай калып атат. Убактылуу өкмөт да карабай койду, техникалык өкмөт да жаңы өкмөт келет деп карабай койду. Биз азыр жаңы өкмөткө, парламентке ушуну карап, бекитип бергиле деп бердик. Жаңы мыйзам долбоорун берип атабыз.

Жергиликтүү экономисттер жана эксперттер кымбаттоонун бир нече себеби бар экенин белгилешүүдө. Экономист Аскар Бешимов соңку кезде азык-түлүккө болгон суроо-талап айрым өнүгүп келаткан өлкөлөрдө өсүп жатканын айтат. Мына ушул да дүйнөдө баалардын жогорулашына таасирин тийгизген башкы факторлордон болууда.

- Себептеринин эки багыты бар. Биринчиси, дүйнө жүзүндө болуп жаткан тышкы кымбатчылык жана экинчиси, БУУ белгилеп кеткендей эле, климаттын өзгөрүүсү жана күйүүчү майларга баанын көтөрүлүшү. Ошондой эле төрт-беш өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшү, жалпысынан бул Кытай, Индия, Бразилия, Индонезия өңдүү өлкөлөрдүн экономикасы акыркы беш жылда, айрыкча мына 2010-жылы да 9,5-10 пайызга өстү. Бул деген аталган өлкөлөрдө экономика өнүгүп, байып, элдин да акчасы көбөйүп, булар дагы тамак-ашты көбүрөөк, сапаттуурак алып жатканы дүйнө жүзү боюнча бааларга таасирин тийгизип жатат. Бул эми тышкы таасирлер. Натыйжада дүйнө жүзүндө баалар кымбаттап, 5-8 пайызга чейин жетти. Ал эми Кыргызстанда ай сайын 10-12% кымбаттап атпайбы.

Кымбаттоо маселесине 13-январда депутаттардын айрымдары да токтолду. Алар бааларды убагында ооздуктабаса нааразылык акциялар жана жаңы толкундоолорго түрткү болушу ыктымалдыгын белгилешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG