Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Эңшерилген экономика, эртеңи бүдөмүк өлкө


Кыргызстандын өткөөл өкмөтү экономикадагы кыйын кырдаалды 7-апрелдеги жана июнь айындагы кандуу окуялардын кесепетинен көрөт. (Сүрөттө: 7-апрелдеги окуядан кийин таланып-тонолгон Бишкектеги дүкөндөрдүн бири, 2010-жылдын 8-апрели.)
Кыргызстандын өткөөл өкмөтү экономикадагы кыйын кырдаалды 7-апрелдеги жана июнь айындагы кандуу окуялардын кесепетинен көрөт. (Сүрөттө: 7-апрелдеги окуядан кийин таланып-тонолгон Бишкектеги дүкөндөрдүн бири, 2010-жылдын 8-апрели.)

Кыргызстанда инфляциянын деңгээли өсүп, ички дүң өнүмдүн көлөмү кескин кыскарды.

Көз карандысыз экономисттер муну ага жоопкерчиликтүү туруктуу өкмөттүн түзүлбөй жаткандыгы менен байланыштырууда.

“Бакырган” баалар, чачылган сандар
Баалардын канча эселеп өскөнүн көрүп туруп, орточо эсеп менен инфляциянын деңгээлин чыгарып көрсөк, отуз пайыздан ашып кеткени айкын болуп калды.
Акматбек Келдибеков

Өткөөл мезгил өкмөтүнүн буга чейинки маалыматтары боюнча, инфляциянын көлөмү жайында 6-5 пайыздын аралыгында болжолдонгон. Андан кийин күзгө карата акчанын кунунун түшүшү 13 пайызга жеткендиги белгиленген.
Кыргызстанда акыркы айларда азык-түлүк баасы да кыйла кымбаттап кетти.

Бирок жакында болуп өткөн өкмөттүн жумушчу жыйналышында биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев инфляциянын көлөмү 17 пайызга чейин жетиши мүмкүн экендигин эскерткен. Буга эл керектөөчү товарларга болгон баалардын кескин көтөрүлүп жаткандыгы айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков инфляциянын чыныгы деңгээли өткөөл өкмөттүн көрсөткүчтөрүнөн бир кыйла жогорку чекке жетти деп эсептейт:

- Инфляциянын деңгээлин аныкташ үчүн чоң акылдын кереги жок. Мына баалардын канча эселеп өскөндүгүн көрүп туруп, орточо эсеп менен анын деңгээлин чыгарып көрсөк болот. Ошол жагдайда реалдуу түрдө эсептеп көргөндө отуз пайыздан ашып кеткендиги айкын болуп калды. Макроэкономикалык принциптерди катуу көзөмөлдөп турбаса ушуга алып келиши мүмкүн эле.

Бюджет тартыштыгы учурда 21 миллиард сомдон ашып, сырттан каржылык колдоо болбосо мамлекет өзүнүн социалдык милдеттемелерин аткара албай тургандай абалга кептелген. Кыргызстандын өткөөл өкмөтү экономикадагы түзүлгөн мындай кырдаалды 7-апрелдеги жана июнь айындагы кандуу окуялардын кесепетинен көрөт.

Туруп кармайбы же “уруп” калмайбы?

Депутат Акматбек Келдибеков экономикалык абалдын начарлашын өлкөнүн экономика жана каржы тармагын убактылуу жетектегендердин жоопкерчиликсиз мамилеси менен байланыштырат:

- Убактылуу өкмөт, техникалык өкмөт мына ошолордун бардыгы жаңы парламент шайланып, жаңы өкмөт келсе биз бардыгыбыз кетебиз, ошондуктан ага чейин колубуздан келишинче чөнтөккө тыгып калалы дегендей принцип менен иш алып барды. Кичинекей бөкөчөдөн баштап чоң бөкөчөгө чейин мына ошондой максатта иштешти. Бүгүн дагы ошондой эле принципте иштеп жатышат. Ошонун кесепети келип олтуруп, жалпы мамлекеттин экономикасын сазга кептеди. Ага жооп берген эч ким жок азыр.
Бардык эле өлкөлөрдө ушундай чоң окуялар болгондо абдан оор кризис болот. Биз негизинен каржылоону үзгүлтүккө учуратпай, кырдаалды колдон чыгарбай кармап кала алдык.Темир Сариев

Бирок мындай дооматтарды мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү четке кагышты. Алардын айтымында, 7-апрель окуясына чейин эле бюджет тартыштыгы 13,5 миллиард сомду түзгөн. Ошол учурдагы Данияр Үсөновдун өкмөтү муну “Түндүк электр” жана “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканаларын сатуудан түшкөн каражат менен жабууну көздөгөн. Бирок 7-апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн декрети менен аларды сатуу токтотулган. Мындан сырткары электр жана жылуулук берүүгө болгон баа төмөндөп, бирок аны мамлекеттик компенсациялоо кала берген.

Убактылуу өкмөттө каржы министринин милдетин аткарган Темир Сариев өлкөдөгү оор окуяларга карабастан каржы системасын кармап калышканын айтат:
Темир Сариев

- Бардык эле өлкөлөрдө ушундай чоң окуялар болгондо абдан оор кризис болот. Биз негизинен каржылоону үзгүлтүккө учуратпай кырдаалды колдон чыгарбай кармап кала алдык. Болуп өткөн бардык окуяларга карабастан каржы системасын сактап калдык, банктык кризиске жол бергенибиз жок. Мына ушунун баары айтып турат, аталган тармакта чыныгы кесипкөй адистер болуп, абалды жөндөп кеткендигин.

Өткөн он бир айдын жыйынтыгы боюнча экономикадагы ички дүң продуктунун көлөмү 3,5 пайызга кыскарган. Талдоочулардын баамында, ишкердүүлүктүн начарлагандыгынан улам салык жана бажы жыйымдарын чогултуу төмөндөгөн.

Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев өлкөнүн учурдагы каржылык абалы туурасында расмий маалымат берүүдөн баш тартты:

- Жок, мен азыр айта албайм. Анткени мен жакында эле жумушчу сапардан келдим. Силер министрликтин маалымат кызматына кайрылгыла, ошолор айтып берет, макулбу?

Бул маселе боюнча расмий жооп алуу үчүн жазуу түрүндө кайрылуу талап кылынды. Бирок ошол эле учурда каржы министрлигинин маалымат кызматы жөнөтүлгөн өтүнүч катка бир күн бою расмий жообун берген жок.

Өнтөлөгөн өлкө өйдөдөн колдоого муктаж

Өлкөнүн каржалган абалын талдоочулар жоопкерчиликтүү, туруктуу өкмөттүн түзүлбөй жатышы менен байланыштырышууда.

Экономист Аскар Бешимовдун пикиринде, мындай шартта өлкөнүн сырттан каржылык колдоо алышы да күмөн:
Аскар Бешимов

- Баягы тышкы донорлордун каржылык жардамынын келип-келбеши азырынча арсар. Эмнеге дегенде алар менен биздин туруктуу өкмөттүн атайын конференциясы өткөн жок. Аны өткөрө турган туруктуу өкмөтүбүз курала элек. Жакын арада коалиция түзүлбөсө, же алдыдагы багыттарыбыз аныкталбаса донорлор кимдин кепилдиги менен каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондуктан кырдаал тереңдеп бара жатат. Ушинтип бара бере турган болсок, баалар өсүп, социалдык чыңалууга жол берилиши күтүлөт.

Буга чейин эл аралык донорлор Кыргызстанга бир миллиард доллардан ашуун каржылык колдоо көрсөтүүнү убада кылган. Бирок ага кепилдик бере турган туруктуу өкмөттүн куралышы негизги шарт катары макулдашылган болчу.

XS
SM
MD
LG