Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:57

Эси оогон экономика эксперттердин көзү менен


Кара-Суу базарында баштагыдай топураган эл жок. Тополоң окуялардан кийин соодагерлердин агымы кыскарды

Кара-Суу базарында баштагыдай топураган эл жок. Тополоң окуялардан кийин соодагерлердин агымы кыскарды

Эл аралык валюта кору жана эксперттер Кыргызстандын тополоңдо эси оогон экономикасында келерки жылы өсүш болот деп жатышат. Буга кандай өбөлгөлөр бар?

Талкууга катышкандар:

Насирдин Шамшиев, Экономикалык тескөө министрлигинин экономикалык жараяндарды тескөө башкармалыгынын башчыcы
Чыныбай Турсунбеков, Кыргызстан ишкерлер союзунун төрагасы
Аскар Бешимов, «Келечектин долбоору» корунун жетекчиси


Экономикада эмдиги жылы өсүш болот дейби?

«Азаттык»:
Былтыр Кыргызстанда улуттук дүң өндүрүштүн көмүскөнү эске албаган расмий көлөмү өлкө калкынын жан башына бөлгөндө 851 доллардан тийген эле. Ал эми быйылкы жыл үчүн өкмөт жыл башында 860 доллардан болот деп күткөн. Эл аралык валюта кору 24-октябрь күнү Кавказ жана Борбор Азиянын кризистен кийинки абалы боюнча жарыялаган жаңы баяндамасында быйыл аймактын 8 өлкөсүнүн иликтөөсүндө экономика 4 пайыздан 9 пайызга чейин өсөөрүн, бир гана Кыргызстанда саясий чыңалуу менен этникалык башаламандыктардын таасиринен улам 3 жарым пайызга төмөндөөрүн белгилептир. Бирок ошол эле Эл аралык валюта кору келерки жылы Кыргызстанда улуттук дүң өндүрүш 7,1 пайызга жогорулайт деп божомолдойт. Алгач экономикалык тескөө министрлигинин өкүлү Насирдин мырза сизди уксак. Сиздердин акыркы эсеп-кысаптар кандай? Эл аралык валюта корунун божомолу өтө эле оптимисттик эмеспи? Быйыл экономика терс натыйжалар менен аяктаарында талаш жок. Келерки жылы экономиканын өсүшүндө саясатта көз каранды болбогон, кандайдыр бир өбөлгөлөр чын эле азыр барбы?

Насирдин Шамшиев: Быйылкы жылдын аягына чейин биздин божомол Эл аралык валюта фондунун божомолу менен дал келет. Биздин акыркы эсептөөлөр боюнча 3,1 пайызга төмөндөйт. Азыркы тогуз айдын жыйынтыгы менен биз карап чыктык, ошонун эсебинде 2009-жылдын жалпы дүң продукциясы 208 млрд сомдун тегерегин түзөт. Жалпы көрсөткүч минус 96,9 пайызды түзөт. Ошол эле мезгилде 2011-жылга эсептөөлөрдү алып келсек, биз бул жерде валюта фондунун божомолунан айырма болот. Себеби быйылкы жылдын төмөн түшүп кеткенине байланыштуу эмдиги жылы биздин алдын ала божомол эсептөөлөр 5,8 пайызды түзүп атат, биринчи вариант боюнча. Экинчи вариант боюнча 7,4 пайызды түзүп атат. Ошонун негизинде биз эки айырманын ортосунда кармап турабыз. Ар түрдүү саясий себептер, башка себептер болуп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн 7,4 пайыз менен 5,8 пайыздын ортосунда эсептеп атабыз.

«Азаттык»: Бул механикалык эсептөөбү, же чын эле быйыл төмөндөп, кайра эмдиги жылы өсүшкө өбөлгөлөр барбы?

Насирдин Шамшиев: Жок, бул түздөн-түз механикалык эсептөө. Себеби биздин министрлик, ведомстволор менен кошо эсептедик. Экинчиден, ар кандай шарттар бар, маселен, биздин биринчи иретте орто жана кичи ишкерлердин жүргүзүп аткан иш аракеттери. Экинчи иретте, биздин ири ишканалар дагы эмдиги жылкыга оптимисттик ойдо отурабыз, кийинки жылы эч кандай саясий окуялар болбосо, бул көрсөткүчтөр ишке ашат.

Экономика өскөн менен эл турмушу оорлойт

«Азаттык»: Аскар мырза, ушул жерден сизден кыстырма иретинде сурай кетели. Улуттук дүң өндүрүштүн расмий көлөмүнүн төмөндөшү, же өсүшү турмушта жарандардын да реалдуу кирешеси азаят же көбөйөт дегенди туюндурабы? Мисалы, токмоктук Аскар, Таластагы Асан муну кандай сезишет, же алар үчүн бул сезилбейт делеби?

Аскар Бешимов: Биринчиден, менин коллегам айтып кеткенине кошулам, механикалык эсептөө туура. Себеби 2009-жылга салыштырып болбойт. Анткени бул абдан оор жыл эле. Финансылык кризистин Кыргызстанга абдан катуу таасири тийди. Бизде эң чоң өсүп кеткен 2008-жыл эле. Ага салыштырсак, анда биздин тышкы дүң көлөмүбүз абдан эле ылдый түшөт. Эмки жылы өсүш 2009-10-жылдарга карата болот. Сиз сурагандай, кандай таасир этет? Көп иликтөөлөрдү өткөргөндө, бизде көмүскө экономика жалпы бюджеттен жок дегенде эки эсе чоң. Ошон үчүн жөнөкөй адамдын жашоосуна чоң деле таасир алып келбейт. Айтып аткандай, биздин экономикабыз беш эле тармактан түзүлөт. Бизге жалпысынан акча каражат Кыргызстанга келүү боюнча, бул биринчи, мурунку эбегейсиз кытайлык товарларды реэкспортко жөнөтүү.

Экинчи, тышкы мигранттардан акчаны алуу. Экспорт жагынан бизде тигүү тармагы, айыл чарба тармагы, куруучу материалдар, цемент, Токмоктогу айнек, электр энергия, Кумтөрдөгү алтынды албасак, болду бизде бюджетке түшө турган экономиканын структурасы ушул. Биринчи иретте эле эбегейсиз реэкспорт 2008-жылдан баштап ар жылда жок дегенде 35-40 пайызга кыскарып атат. Мындан ары да кыскарат. Бул Бажы союзунун бизге таасири. Ошон үчүн жөнөкөй элдин мындан ары турмушу оорлойт. Анткени баалар кымбаттап атат.

Экинчиден, бизде элдин көпчүлүгү, жок дегенде миллионго жакыны базарларда жашоо турмушун өткөрөт. Реэкспорт, түндүк жагында «Дордой» кыскарса, ошондо биздин иликтөөлөр боюнча эмки март, апрелдерге чейин 35 миңдей адам ишсиз калат. Жалпы эки базарда 60 миң киши иштесе, үй-бүлөлөрүн алганда, башкаларга жумуш бергенде, мультипликативный эффект дегендей, алар 300 миңди түзөт. Ошонун 10 пайыздайы кыскарат. Жалпы официалдуу статистикага кирбеген элдин да көлөмү түшөт. Башкача айтканда, сиз айткан, пландаштырылган 7 пайыз өсүш жөнөкөй адамдын турмушуна анча чоң деле таасир кылбайт.

«Азаттык»: Чыныбай мырза, ишкерлер союзунун төрагасы катары, жок дегенде сиздердин бирикмеге кирген, өзгөчө өндүрүш менен алектенген ишкерлердин акыбалынан кабардар болсоңуз керек. Ишкерлер апрель менен июнь окуяларынын соккусунан чыктыбы, товар жүгүртүү бир аз жандана баштадыбы, же мурдагы эле калыбындабы?

Чыныбай Турсунбеков: Азыр коллегалар айтып аткан бир нерсе бар. Эң негизги нерсе реэкспорт деп атпайсызбы, «Дордой» базарынын акыбалы бүгүнкү күндө чындап эле ишкерликке өзүнүн таасирин тийгизип атат. Анын үстүнө саясий окуялар да өзүнүн таасирин тийгизди. Эгерде 7-апрелге чейин курулуш жүрө турган болсо тигил, же бул деңгээлде, натыйжада курулуш материалдарынын өтүшү, көп адамдардын курулуш иштер менен алектениши, аларды белгилүү деңгээлде айлык менен камсыз кылганга мүмкүнчүлүк бериши. Азыр эки нерседен – Бажы союзу менен реэкспорттун азайышы, көмүскө экономика болобу же расмий экономика болобу - айырмасы жок, адамдардын чөнтөгүнө катуу эле сокку уруп атат. Ошондуктан жашоонун кыйындашы, акчанын тартыштыгы сезилип атат. Бул кандайдыр бир деңгээлде сөзсүз түрдө өндүрүшкө дагы, ишкерликке дагы таасир берип атат. Анткени бул бир жагынан акча жүгүртүүнүн азайышына алып келип атат дагы, азыр товарлардын баасы кымбаттаганына карабастан адамдардын алуучу күчү өтө алсызданып баратат. Бул да экономикага таасирин тийгизет.

Ошол эле үй куруп аткан фирмалар бир айда 10-15тен үйүн сатып аткан болсо, азыр бир жылда ошончо сатат. Бул да акчанын жүгүрүшүнө таасирин тийгизип атат. Бирок ошол эле мезгилде жагымдуу жагдайлар да бар. Маселен, бизде быйыл расмий түрдө акыркы 8-9 айдын жыйынтыгы боюнча тигүү экспорту 44 пайызга чейин көбөйдү деп атабыз. Мурда деле бар болчу, бирок көбү контрабандалык жол менен, көмүскө экономиканын таасиринин негизинде жашап келишкен. Бирок азыр ачыкка чыга башташты. Бул жерде Кыргызстандыкы эмес, бул эмгек түздөн түз Казакстандын, Орусиянын иш аракетинин натыйжасы десек болот.

Кыргызстандан кытай товарларынын реэкспорту кыскарды

«Азаттык»:
Бажы союзунун кириши менен Орусия менен Казакстанга Кытай товарларын реэкспортто мурдагыдай болбой калган. Анда Кыргызстандын өзүндө өндүрүлгөн товарлар кетип эле атат да?

Чыныбай Турсунбеков: Ооба, Кыргызстандан өндүрүлүп расмий түрдө сыртка чыгып аткан товарга эч кандай бут тосуулар жок. Анткени алардын талабы да ошондой, алар да өздөрүнүн рыногун коргоп атышат. Биринчи кезекте Кытайдан бара турган арзан товарлардан коргоп, өздөрүнүн өндүрүшүн жолго салыш үчүн аракет кылып атышат. Ошондуктан бул саясатын туура кабыл алыш керек. Мындай саясатты биз дагы колдон келишинче өзүбүздүн өлкөбүздүн ичинде күчөтүшүбүз керек. Бизге дагы өзүбүздүн товарларды өндүрүп, сыртка чыгарууну өнүктүрүү керек. Мындай мисалдарды көп эле көрүп жүрөбүз, башка өлкөлөрдө атайын жумалыктар, күндөр өткөрүлөт өзүбүздүн ата-мекендик товарды сатып алабыз деген ураан менен. Бул республиканын өндүрүшүн көтөрүү үчүн багытталган иш чаралар. Бул адамдарды патриоттукка үндөө менен бирге биздин өзүбүздүн экономикабызды оңдоого болгон кадамдар болуп саналат.

Насыя акча көп эле, бирок үстөк пайызы да көп

«Азаттык»:
Эми экономикадагы айрым бир жараяндарды биздин угармандарга сиздер менен чогуу түшүндүрүүгө аракет кылып көрсөк. Улуттук банктын маалыматына караганда быйыл сентябрда аракеттеги коммерциялык банктар тарабынан 1 млрд. 900 млн. сомдон ашуун кредит берилиптир. Былтыр сентябрда эле карасак, ушундан бир аз ашуун сумма экен. Быйыл сентябрда деле мунун бир миллиарддан ашуун сому соода жана коммерциялык операциялар үчүн алыныптыр. Өндүрүштүн үлүшү 100 млн. сом, айыл чарбаныкы 200 млн. сомдон ашуун экен. Дегеле быйылкы жыдын тогуз айын карасак, коммерциялык банкттар айына эң аз дегенде 1 млрд. 300 млн., эң көп дегенде март айында 3 млрд. сомго чейин насыя бериптир. Иши кылып өткөн тогуз айдын жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктар 15 млрд. сомдон ашуун насыя ажыратыптыр. Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктардын кредиттик портфели 26 млрд. сомдон ашыптыр. Бул 500 млн. доллардан ашуун каражат.

Мындан сырткары быйылкы жылдын алты айдын жыйынтыгы боюнча эле микрокаржы уюмдарынан эл алган түрдүү насыянын көлөмү 10 млрд. сомдон ашыптыр. Эгер банктар менен микрокаржы уюмдары берген насыянын көлөмүн долларга айлантсак 700 млн. доллардан ашат экен. Ушунчалык өлчөмдөгү кредиттик ресурс азбы же көппү? Эгер экономикадагы бүгүнкү жагдайды эске алсак, мунун эсебинен тигил, же бул ишкананын, же ишкердин өнүгүүсү үчүн эмес, ички рынокко эле багытталган күнүмдүк эле операциялар кармалып жатабы? Насирдин мырза кандай түшүндүрөсүз?

Насирдин Шамшиев: Биринчиден, кредиттин көлөмү көппү, азбы бул негизги маселе эмес. Сентябрдын аягына экономикалык кредит 27 млрд. сомдон ашкан. Бирок эң негизгиси ошол кредиттин проценттик ставкасында болуп атат. Себеби канчалык көп бергени менен ставкасы жогору болсо ал баары бир ишкердикти жандандырууга алып келбейт, тескерисинче төмөн түшүрүүгө алып келет. Ошондуктан азыркы мезгилде эң негизгиси кредиттик ставканы азайтыш керек. Ошондо гана ишкердикти жандандырууга мүмкүнчүлүк берет. Сиз айтып кеттиңиз, быйылкы жылдын тогуз айдын жыйынтыгы менен. Азыр айыл чарбага гана кредиттер көбөйдү. Ал эми соода операциясы, күнүмдүк тиричилик товарларды алууга кредиттер быйылкы жылы азайып кетпедиби. Негизинен жалпы кредит көбөйүп атат. Себеби дүйнөдө кредитсиз жашоого мүмкүн эмес. Бирок ошол эле мезгилде Кыргызстандагы кредиттик ставка өтө жогору.

Чыныбай Турсунбеков: Албетте, акча деген бул экономиканын каны, канчалык көбүрөк акча жүгүрсө, ошончолук экономиканын дагы ден-соолугу чың болмок. Биздин коллегабыз туура айтып атат, чынында эле алынган кредиттердин пайыздык көлөмү биздин ишкерлерди очойтуп коюп атат, отуруп калып атышат. Эгерде бүгүнкү күндө, мисалы, элдин баарына 15 пайыздын тегерегинде кредит бере турган болсо, өзүн-өзү актаганга жакындап барат эле. Эгерде 10 пайыздын тегерегинде болсо өндүрүштүн да иштешине, башка тармактардын дагы жанданып кетишине жакшы өбөлгө болмок. Бул биздин экономикабызга байланыштуу реалдуу картина болмок. Тилекке каршы, бизде акчанын аздыгы дагы, башкалардан алган акчаны дагы биздин коммерциялык банктар кымбатыраак алган үчүн, банктын өздөрүнүн белгилүү саясаты да болгон үчүн өтө эле кымбат берип атышат. 30 пайыздын тегерегинде, 40 пайызга чейин жетет. Андай акча менен бүгүнкү ушул кырдаалда өндүрүштү, айыл чарбаны өнүктүрүү өтө кыйын. Ошон үчүн бул маселелерге мамлекеттик мамиле керек, мамлекет ушул жагына өзгөчө көңүл буруп, 10 пайыздын тегерегиндеги пайыздык саясат жүргүзүш керек банктар үчүн. Ошону милдеттендирүүгө аракет кылыш керек.

Насирдин Шамшиев: Биздин азыркы маалымат боюнча, орточо пайыздык кредит сентябрдын аягына 21,4 процентти түздү.

«Азаттык»: Эми проценттик ставканы азайтыш үчүн бош акчаны көбүрөөк тартуу керек да өлкөгө. Ал четтен гана мүмкүнбү, же ичтен да мүмкүнбү?

Аскар Бешимов: Коллегаларыма кошулуп айта кетейин, туура, бүгүнкү учурда көбөйүп аткан кредиттик портфель ишкерлердин өсүп, өнүгүү жолундагы деңгээлин көрсөтпөйт. Проценттик ставкалардан бөлөк дагы, кредитке берилип аткан бардык акча кыска мөөнөттөгү акча. Ашып барса 2-3 айлык. Бардык банктар, алып сатарлар кыска мөөнөткө берип эле, өзүнүн пайдасын алып, ошону менен эле токтошот. Бизде экономикабызды, жалпы өндүрүштү, айыл чарба, башкаларда узак мөөнөттөгү акча кызыктырат. Себеби узак мөөнөткө берилип аткандын пайызы азыраак. Ошону менен ишкерлер да, айыл чарбада иштегендер өзү пландаштырат акчаны кайда жумшайт, ошондон кандай пайда табат. Сиз айтып аткан, бизге сырттан келе турган инвесторлор боюнча, бизди кызыктыра турган, ким көп жылга бизге келип, акчаларды алып келип, өнүгүп-өстүрүүгө дагы көмөктөш боло тургандар. Келген инвесторлор өзүнүн пайдасын көздөйт да. Ар кандай инвесторлор бар, айрымдары кыска мөөнөткө келип акчасын алып кеткендер, айрымдары узак 10 жылга келем, ошол 10 жылдын ичинде өзүмдүн пайдамды табам, ошону менен бирге ишкерлерге пайда кылам дегендер.

Кыргызстандан чыккан акча канча?

«Азаттык»: Акча жөнүндө сөз болуп калды, Чыныбай мырза, ушул маселе боюнча сизге дагы бир суроо. Экономикалык маселелерди талдоо менен алектенген жергиликтүү иликтөө уюмдарынын биринин өкмөт үчүн даярдаган программасынын долбоорунан, дагы бир жолу кайталайм, бул коомчулукка жарыяланган документ эмес, долбоор гана. Кыргызстан ишкерлер союзунун маалыматы боюнча, апрель, августтун ичинде коңшу Казакстан Кыргызстандан инвестиция катары 300 млн. доллар кеткен деген сүйлөмдү окуп калдым. Бул канчалык чын? Эгер 300 млн. чын болбосо да, ишкерлер арасында каражатын Казакстанга, же башка өлкөгө которгон тенденция чын эле барбы?

Чыныбай Турсунбеков: Албетте, ал тенденция бар, өзгөчө реэкспортко болгон тоскоолдуктан кийин бизде көп ишкерлер өзүлөрүнүн бизнесин түз эле Казакстанга, Орусияга которуп атышат. Анткени айырмасы жок болуп калды, Кыргызстан аркылуу реэкспорт кылуу менен, Кытайдан түз экспорт кылуунун. Бул бир жагы. Экинчи жагы, саясий кырдаал дагы көбүн тынчсыздандырат. Билесиздер, буга чейин көп ишкерлер, өзгөчө чет элдиктер саясий крышаны пайдаланып иш жүргүзчү. Эгерде саясий крышасы кетсе, алардын иш жүргүзүүсүнө кыйынчылык туулуп калчу. Ошондуктан булар ушул кырдаалды көрүп, өздөрүнүн саясий крышаларынан айрылганына байланыштуу өз бизнесин которуп аткандар да бар. Бул эч кимге жашыруун эмес. Ушунун бардыгы келип жанагыдай көрсөткүчтөрдү жаратып атат.

«Азаттык»: Демек бул капитал кетти дегенди билдирет?

Чыныбай Турсунбеков: Албетте, ушундай нерсе, бир жактан кете берет, экинчиси келе берет. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Мисалы мен көп чет элдик инвесторлорду билем, бүгүн Кыргызстанда саясий кырдаалды аңдып турушат, эгер эртең парламент иштеп, жаңы өкмөт түзүлүп иштей баштаса келип иштейбиз деген ишкерлер. Менин жеке тааныштарым деле, чоң-чоң суммалар менен келип иштегенге кызыкдар болгондор өтө эле көп. Ошонун ичинде энергетика тармагына, тоо-кен өнөр жайына, соодага, курулушка, жаңы завод, фабрикаларды ачканга кызыкдар болгондор, авиа каттамдарга киргиси келгендер. Мисалы Кореяга, Түркияга, дүйнөнүн башка жерлерине авиа каттам ачсакпы деген ар түрдүү ишкерлер бар чоң-чоң дүйнөлүк деңгээлдеги. Алардын баарына мүмкүнчүлүк ачып берсек, саясий туруктуулукту түзүп, кеткен суммадан да көбүрөк акча келиши мүмкүн. Анын баары биздин Кыргызстандын элинин эркине, саясий акыбалга байланыштуу.

Насирдин Шамшиев: Мен коштоп кетсем, 7 айдын жыйынтыгы менен 9,1 млн. доллар чет элдик түз инвестициялар келген бизге, статкомитеттин берген маалыматына караганда. Ошол эле учурда 300 млн. эмес, бизден чыгып кеткен инвестициялардын көлөмү 96,1 млн. долларды түзүп, же болбосо келген инвестициянын 42 пайызы кайра чыгып кеткен. Бул жерден түшүндүрүп атышат, биргелешкен ишканалардын кожоюндары алган кредиттердин бир канча бөлүгүн алып чыгып кетип атат.

Сомдун кунун куруткан процесс

«Азаттык»:
Быйыл сомдун куну түштү. Аны кармоо үчүн Улуттук банк улам интервенция жасап жатты. Бул эмне себептен улам? Импорт үчүн чет элдик валюта мурдагыдан көп сакталып калдыбы, товарлар кымбаттаганына байланыштуубу же жанагы тенденциянын таасири барбы?

Аскар Бешимов: Бул баягы эле дүйнөлүк көрүнүш. Жалпы дүйнөлүк валюталык базарын да көрүп атабыз, доллар менен евронун арасындагы таймашы, бул бир. Экинчиси, жалпы товарларга баанын кымбатташы, күйүүчү майга, башкаларга. Биздин ички реэкспорт деле кыскарып атса, банктардын проценттердин пайызы өсүп атса, ал сөзсүз түрдө доллардын курсуна өзүнүн таасирин берди.

Насирдин Шамшиев: Официалдуу курс боюнча, жылдын башынан бери биздин сомдун курсу 5,77 пайызга төмөндөдү. Азыркы мезгилде 46 сом 63 тыйын болуп турат. Улуттук банк 19 жарым млрд валютаны сатып алды, ошол эле мезгилде 205 млн. доллар сатты. Бул жерде чет элдик валютанын өсүшү, биринчи иретте, чет өлкөдөгү күйүүчү майга болгон баанын жана кээ бир товарларга болгон баанын өсүшү. Себеби алардан дайыма долларга алабыз. Экинчиден, биздин чек ара жабык болгондо чет өлкөлүк валютага болгон суроо талаптын өсүшүнөн болуп кетти. Ошол эле мезгилде Улуттук банк муну жөнгө салып атат. Бирок бул дагы жетишсиз болуп атат. Бирок биздин Улуттук банктын саясаты мындай, биз валютаны кое бергенбиз да өз алдынча эркин сүзүүгө.

Экономиканын структурасын өзгөртүү зарыл

«Азаттык»: Экономиканы кайра тикилөөгө бери дегенде канча убакыт талап кылынат. Ички саясат жөнгө салынды дейли, тыштан кайсы факторлорго көз каранды болобуз?

Аскар Бешимов: Мен ойлойм, жалпысынан бизде экспорт статьяларыбыз, экономиканын түзүлүшү абдан чектелген, 5-6 эле статья. Ошон үчүн мындан ары өкмөт келсе, чечкиндүү кадамдарды көрүп, же Кытай ишканаларын локализация кылабы, же Бажы союзунун түзүлгөн шарттарына байланыштуу, ошолордун таасири боюнча чечкиндүү кадамдарды көрүп, алдын албаса, мындан ары элдин турмушу начарлайт, баалар көтөрүлөт. Ошол эле учурда элдин колуна түшкөн акчасы да азаят. Себеби бизде азыр бештен бир чоң статья жылдан жылга кыскарып жок болуп кетип атат. Эми Убактылуу өкмөт аны тышкы гранттардын эсебинен толуктайм деп атат. Бирок бул убактылуу көрүнүш. Ошондуктан кыска мөөнөттө экономиканын структурасын өзгөртпөсө, кескин түрдө биздин экономикабыз элдин турмушуна өз таасирин берет.

«Азаттык»: Чыныбай мырза, чын эле кыска убакта ушул структураны өзгөртүү мүмкүнбү?

Чыныбай Турсунбеков: Биринчи кезекте, кризисти жоюу боюнча программа болуш керек. Кыска мөөнөттө кризистен чыгыш үчүн, албетте, эң негизгиси чет элден келген жардамдар убактылуу биздин акыбалды сактап турат. Ошол учурда биз биринчи кезекте чет элден инвестицияларды тартып, өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүктөрдү колдон келишинче ачып, ушул мүмкүнчүлүктөн чыгып кетүүгө шартту жагдай түзүшүбүз керек. Эгерде кыска бир жарым жылдын ичинде ошенте алсак, анда жакынкы 2-3 жылдын ичинде элге сезиле баштайт.

Элге, албетте, кечирээк сезилет. Бирок баланстан, экономикалык кыймылдан көрсөк болот. Эгерде аны жасай албай калсак, анда таз кейпибизде жүрө беребиз. Акыбал күндөн-күнгө оорлошу мүмкүн. Азыр азык-түлүк эле эмес башка товарлар да кымбаттап атат күндөн күнгө. Ал нерсени паралелдүү жүргүзүп, айлыктарды, пенсияларды жөнгө салып турбасак, ачыгын айтканда элдин нааразылыгы токтобойт. Аны токтотуштун бир гана жолу бар, кайсы өкмөт келбесин, күн-түн дебей ушунун үстүнөн иштеш керек. Албетте, коррпуцияны колго чабыш керек, албетте, элге жаңы ишканаларды ачууга мүмкүнчүлүк түзүп, жумушсуздуктун санын азайтыш керек. Мына ушулардын бары биригип келип бир натыйжа берет.

Аскар Бешимов: Эң кыска мөөнөттөгү чара бул көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу. Чыныбай агай айткандай эле, коррупция боюнча чечкиндүү кадамдарды кабыл алуу керек. Ал кылынбаса мындан ары экономикалык программаны түзүштүн кереги деле жок, пайдасы деле жок болот.

Насирдин Шамшиев: Биринчи кезекте, экономиканын өсүшү үчүн мамлекеттин өзүнүн экономикага болгон таасирин азайтыш керек. Себеби биз өтө эле кийлигишип кеткенбиз экономикага. Мамлекеттин өзүнүн милдети, таасирдүү рычагдары, механизми бар. Биринчиси, лицензияны азайтыш керек. Экинчиси, ишкерлерге өзүнчө иштеп кеткенге шарт түзүп бериш керек. Кредиттин пайызын азайтуу боюнча иш түзүш керек. Чет өлкөдөн келген инвестицияны тартууга аларга шарт түзүп бериш керек. Ошонун негизинде ишкерлерге мамлекет кийлигишпесе, өтө таасир бербесе, өзү жанданып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Кризиске каршы өкмөттүн программасы бар. Бул программа августта кабыл алынган. Кризиске каршы программанын негизги аткаруу булактары болуп бул донордук конференцияда айтылган 1 млрд. 100 млн. доллардын тегерегиндеги акча көлөмү. Анын 52 пайызы грант түрүндө, 48 пайызы кредит түрүндө берилет. Эгерде өкмөт тезирээк түзүлсө, ошол акчалар келе баштайт. Ошонун негизинде жанданып кеткенге толук мүмкүнчүлүк бар.

«Азаттык»:
Рахмат сиздерге келип ой бөлүшкөнүңүздөргө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG