Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Эксперттер дүйнөлүк базарда кант баасы быйыл бери дегенде азыркы деңгээлинде каларын, атүгүл дагы кымбаттоосу мүмкүндүгүн белгилешүүдө. Кыргызстан азыр бул азыктын дээрлик 90 пайызын сырттан сатып алат. Аны импорттоого кант иштетүүчү заводдор да кызыкдар.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү “саясий товар” катары эсептеген канттын баасы эл аралык базарда акыркы эки жылдан бери эле өсүү үстүндө.

Ал эми акыркы жылдары анын дээрлик 90 пайызын сырттан сатып ичип калган Кыргызстанда баанын утур-утур көтөрүлүшүндө чайкоочулуктун да салымы чоң деген көз караштар жок эмес. Мындай ырастоолор канчалык жүйөлүү, эгер өндүрүш өлкөнүн ичинде уюшулса керектөөчүлөр кантты азыркыдан арзан сатып ичмек беле, импортерлордун көрүп жаткан пайдасы канча, өлкө ичиндеги эки завод эмне үчүн талаптагыдай иштей албай келе жатат?

Кымбатчылык керектөөнү азайттыбы?

Oш базары
Кыргызстандын кант боюнча бир жылдык ички керектөөсү расмий мекемелердин маалыматтарынын биринде 120 миң, экинчисинде 130 миң тоннадан ашуун деп айтылып жүрөт.

Экономикалык тескөө министрлигинин адистери физиологиялык норма боюнча өлкөдөгү керектөөчүлөр жылына 120 миң тонна кантка муктаж деп эсептешет. Бирок 2010-жылдын жыйынтыгында ички базарга тыштан алынып келинген жана өлкөнүн өзүндө өндүрүлгөн канттын көлөмү боюнча расмий маалыматтар калк мынчалык көлөмдү керектебегендигин көргөзүүдө.

Экономикалык тескөө министрлигинин кант өндүрүшүн узактан бери иликтеп келе жаткан жетектөөчү адиси Шайлообек Баяманов мунун бир себебин кымбатчылыктан улам кантты керектөө азайгандыгы менен түшүндүрөт:

- Өзүбүздө өндүргөн менен импортту эсептегенде (2010-жыл) 80 миң тоннадан бир аз ашып жатат. Калган 40 миң тоннасы контрабанда менен келип жатат деген маалымат жок. Балким канттын керектөөсү азайып жатат. Кымбатчылыктан улам карапайым эл керектөөнү азайтты.

Шайлообек Баяманов кант базарында контрабанданын үлүшү бар экендигин жокко чыгарбайт, бирок анчалык чоң көлөмдө эмес дейт. Экономикалык тескөө министрлигинин адиси кошумчалагандай, былтыр Кыргызстандын өзүндө 14 миң тоннадан ашуун гана кант өндүрүлдү. Бул ички керектөөнүн 10 пайыздан гана бир аз ашууну.

“Азаттык” радиосу Бажы кызматынан алган маалыматка караганда, былтыр өлкө аймагына расмий түрдө 62 миң тоннага жакын гана кант киргизилген. Көлөмү 120 миң тонна деп эсептелген ички базардын калган муктаждыгы контрабанданын эсебинен жабылып жатабы? “Бул мүмкүн эмес”,- деп ырастайт Бажы кызматынын басма сөз борборунун жетекчиси Абдылда Малдыбаев:

- Мүшөктөп, чөнтөккө салып ушунчалык көлөмдү алып келүү дегеле мүмкүн эмес. Эгер темир жол менен Европадан транзит менен келе жатса Прибалтика өлкөлөрү, андан кийин Орусия, андан кийин Казакстан көзөмөлдөгөндөн кийин гана Кыргызстанга кирет.

Импортко заводдор да кызыкдар

Кыргызстандын чегине мыйзамдуу жол менен киргизилген канттан 12% өлчөмүндө кошумча нарк салыгы алынат. Бул жана унаа акысы базардын чекене соодасындагы бүгүнкү баага салым кошуп жаткан факторлордон. Мындан сырткары базардагы баа анда монополисттин бар-жогуна да көз каранды.

Ош базары
Болгону беш миң тонна же ички муктаждыктын 5 пайызы гана өндүрүлгөн 2009-жылы кант алып келүү боюнча квотаны же монополиялык укукту кант чыгаруучу эки заводдун өзү “Кошой” жана “Кайыңды кант” акционердик коомдору алып, ал жылы 80 миң тоннадан ашуун кант киргизилген. Кийин бул белгилүү болгондо коомчулукта жогорудагыдай саясаттын артында андагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев турат деген көз караш жаралган.

Экономикалык тескөө министрлигинин жетектөөсү адиси Шайлообек Баямановдун пикиринде, ал жылы базарда баанын көтөрүлүшүнө монополисттердин салымы чын эле чоң болгон:

- 2009-жылы мартта кант 32 сом (1кг) турду эле, декабрда 44 сомго чыккан. Квота киргизип, монополист болуп алып канттын баасын өстүрүштү. Бир чети өздөрү өстүрүштү жана дүйнөлүк баанын да таасири тийди. Бирок кымбаттоонун 50 пайызы жеке монополисттин аракетинин натыйжасында болду, пайда көрүштү.

Адатта ички өндүрүшкө кызыкдар болгон заводдордун ээлери, мамлекеттик саясаттын да ушул багытта болушу үчүн аракеттенет. Бирок Кыргызстанда жагдай башкача. 2009-жылы айыл-чарба министринин кызматын аркалаган Искендербек Айдаралиев “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде белгилегендей, ал менчиктештирилгенден бери улам колдон колго өтүп келе жаткан “Кайыңды кант” заводу менен иштешүү учурунда алардын өндүрүшкө караганда, кантты импорттоп келүүгө көбүрөөк кызыкдар экенин байкаган.

- Менчик мекеме болгондон кийин жанды кыйнабай жеке кызыкчылыгын ойлошот экен да. Анан заводду иштетпей туруп эле, ошол квотаны алып алып, чет мамлекеттен ташып келип, элге саткан пайдалуу болуп жатат. Таза бизнес кылып алышкан да. Элдин пайдасы эмес, өз чөнтөгүнүн пайдасы үчүн иштешкен. Биз заводуңарды жабабыз десек, “жапсаңар жапкыла, бул завод бизге көп деле пайда бербейт, биздин башка экономикалык рычагдарыбыз бар”,-деп коюшат.

Импортерлордун кирешеси

Кант боюнча ички базарда монополия үстөмдүк кылган 2009-жылы, расмий түрдө 80 миң тонна импорттоп келгендер, эгер тоннасынан 100 доллардан эле пайда көрүшсө 8 миллион, 200 доллардан көрүшсө 16 миллион же балким андан да көп киреше тапкан деп айтууга негиз бар. Эгер былтыр расмий 60 миң тоннадан ашуун кант киргизилген болсо, импортерлор 6 миллиондон 14 миллион долларга чейинки кирешеге маарыган болот.

Мурдагы айыл чарба министри Искендербек Айдаралиевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, импортко монополиялык укук берген квота 2010-жылдын башында дагы бир жылга узартылып, бирок апрелдеги ыңкылаптан кийин жоюлган.

Ушу тапта кант импорту үчүн эч кандай квота жоктугун “Азаттыкка” экономикалык тескөө министрлигинен да ырасташты. Бирок Бажы кызматынын басма сөз борборунан алган маалыматка караганда, 2010-жылы да “Кошой” жана “Кайыңды кант” акционердик коому өлкө аймагына расмий киргизилген канттын басымдуу бөлүгүн же 39 миң тоннадан ашуунун алып келген.

Импорт негизинен Беларустан жүргүзүлгөн. 2010-жылы кант азыраак көлөмдө болсо да Индия, Түштүк Корея, Румыния, Түркия сындуу өлкөлөрдөн да ташылган.

Кымбатчылыкта чайкоочулуктун таасири барбы?

Эгер базардагы азыркы баада монополисттердин таасири жок деп эсептесек, анда дүйнөлүк баа менен чайкоочулук фактору гана калат. Ал эми дүйнөлүк баа, кант боюнча эл аралык уюмдун Лондондогу кеңсесинин улук экономисти Сергей Гудошниковдун 21-январда “Азаттыкка” айтканына караганда, соңку кездери жогорулоо үстүндө:

- Кумшекердин ал багытталган өлкөгө жеткирилбегенден кийинки бүгүнкү дүйнөлүк баасы тоннасына 750-760 доллардын тегерегинде. Буга жол кире акысын, бажы пошлинасы бар болсо аны кошуу керек. Жалпысынан айтканда, канттын баасы тарыхый жактан караганда азыр абдан бийик. Маселен акыркы он жылда орточо баа тоннасына 500 долларды түзгөн болсо, азыр тарыхый орто баадан 30 пайызга жогору.

Кант боюнча эл аралык уюмдун эксперти Сергей Гудошников “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, тигил же бул өлкөдөгү кант заводдор өз баасын дүйнөлүк баага таянуу менен белгилейт. Кыргызстан кантты кайсыл бир конкреттүү өлкөдөн импорттогон болсо ал жердеги дүң баа дүйнөлүк баадан жогору болушу мүмкүн.

Кыргызстанда азыр кумшекердин чекене соодадагы баасы өлкө аймактарына жараша 55 сомдон 65 сомго чейин же тоннасы доллар менен 1180ден 1350 долларга чейин жетет. Экономист Жумакадыр Акенеев “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде кант Кыргызстанга Кытайдан да ташыларына токтолуп, базардагы азыркы бааларда дүйнөлүк тенденциянын гана эмес, чайкоочулуктун да салымы бардыгын белгиледи:

- Кымбат кантты алууга аргасыздан мажбур болуп жатабыз. Себеби кантты алып келүүчү фирмалар саны үч-төртөө эле. Алардын баары монополист деген реестрге кирип, өз пайдасын 15-20 пайыздан ашырбай сатышы керек.

Дүйнөнүн эң ири кант өндүрүүчүсү катары Бразилия эсептелет. Өткөн жылдын декабрынан бери ал нөшөрлөгөн жамгырдан кийин селге жана жер көчкүлөргө кабылып, айыл чарбасы бир топ зыянга учураганы айтылууда. “Андан башка факторлордон улам деле дүйнөлүк базарда төмөндөбөйт, балким дагы кымбаттоосу мүмкүн”,- дейт Эл аралык кант уюмунун экономисти Сергей Гудошников:

- Фундаменталдык кырдаалга же суроо-талап менен сунуштун катнашына караганда, импорттоочулар үчүн жеңилдик күтүлбөйт. Баа жогору бойдон калат. Эмне үчүн? Анткени эки жыл бою дүйнөлүк кант базарда таңкыстык өкүм сүргөн. Дүйнөлүк өндүрүш керектөөдөн төмөн болгон. Быйылкы жыл өндүрүш керектөөнү канааттандырат, таңкыстык болбойт деп күтүлүүдө. Бирок өткөн эки жылда бүткүл дүйнө боюнча кордо турган кант эбегейсиз өлчөмдө сарпталган, азыр дүйнөлүк кордун көлөмү абдан эле төмөн.

Ички өндүрүш эле бааны түшүрө албайт, бирок...

Канттын дүйнөлүк баасы кымбат бойдон каларын эске алганда, ички базары чакан Кыргызстан өз өндүрүшүн калыбына келтирсе, керектөөчүлөр аны азыркы баадан арзан сатып иче алабы? Экономикалык тескөө министрлигинин кант өндүрүшүнө узактан бери талдоо жүргүзүп келе жаткан адиси Шайлообек Баямановдун айтымында, эгемендиктин жылдарына Кыргызстан өзүн өзү 70 пайызга чейин камсыздаган учурлар болгон:

-1991-жылдан 2003- жылга чейин бир аз өсүш болуп, 2003-жылы кант кызылчасы эң көп 812 миң тонна өлчөмүндө өндүрүлгөн. Андан 75 миң 500 тонна кант чыгарылган. 2004-жылы болсо кызылча менен кант троснигинен 88 миң тонна кант өндүрүлүптүр. Эки завод: “Кайыңды кант” менен “Кошой” биригип, 800 миң тонна кызылчаны жөн эле иштетип койот. Эгер үч айдан ашык иштесе, бир миллион тонна кызылчаны иштете алышат.
Ички өндүрүш жолго коюлса импортко кетип жаткан миллиондогон доллар дыйкандарга багытталмак.

Экономикалык тескөө министрлигинин адиси “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, өндүрүштүн калыбына келбей жатышындагы негизги көйгөй - кант кызылчасынын түшүмүнүн төмөндүгү жана азыр механизацияга караганда, кол эмгеги көп колдонулгандыктан анын өздүк наркынын кымбатка туруп калышы.

Шайлообек Баямановдун пикиринде, кант Кыргызстандын өзүндө өндүрүлсө эле анын базар баасы азыркыдан арзан болот дегенди туюндурбайт:

-“Кайыңды кант” былтыр мына 14 миң тонна өндүрдү. Бирок маселен алар 40 сомдон саткан жок да. Баары бир базар баасына жараша сатылат. Базар баасы дүйнөлүк, европалык баага жараша аныкталат. Болбосо 40 сомдон сатса, казактар эле заводдон сатып алып, чыгарып кетет да. Андыктан баары бир базар баасына жараша сатылат.

Эгер ички өндүрүш базар баасын түшүрө албаган күндө деле Кыргызстан андан башка кандай пайда көрөт? Экономисттердин айтымында, эң башкысы кант импорту үчүн сарпталган 50-60 миллион доллар четке кетпестен жергиликтүү дыйкандарга багытталат. Эгер өндүрүш өлкө ичинде жолго коюлса, өкмөт импортту бажы тарифтерин киргизүү аркылуу чектесе, ички базарга жергиликтүү продукция түшүп кант соодасынан табылган киреше бир ууч импортерлор эмес, миңдеген дыйкандар ортосунда бөлүнөт.

Кант боюнча эл аралык уюмдун эксперти Сергей Гудошников “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, 2006-жылкы реформадан тарта кант базары катуу тескелгенден бери Евробиримдик өлкөлөрүндөгү баа дүйнөлүк орточо баадан төмөн. Дегеле кант жөнөкөй эмес, саясий товар катары калып жаткандыктан көп өкмөттөр түрдүү ыкмалар менен анын баасын стабилдүү кармоого умтулат:

-Булсаясий маселе. Негизинен дүйнө өлкөлөрүндө кант өндүрүү колдоосуз же коргоосуз чыгашалуу. Андыктан көп өлкөлөр өзүнүн ички өндүрүшчүсүн бажы аркылуу коргойт же ага субсидия берет. Эгер мунусу же тигинси жок болсо өндүрүш кыйроого учураса керек. Көп өлкөлөрдүн өкмөттөрү кант азык-түлүктүн негизги түрү болгондуктан, конкреттүү ушул товар боюнча бааны стабилдүү кармоону саясий приориттердин бири деп эсептешет. Силердин чоң коңшулар: Орусия, Казакстан жана Батыш Европа ушинтип иштейт.

Быйыл Айыл чарба министрлиги 12 миң гектардан ашуун жерге кант кызылчасы себилет деп күтүлүүдө. Экономикалык тескөө министрлигинин эсебинде эгер кызылчанын дүң жыйымы 240 миң тоннага жетсе, ички өндүрүш керектөөнүн 20 пайыздайын жапкан болот.

Айыл чарба министри Төрөкул Бековдун Жогорку Кеңештин жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана аймактын өнүгүү боюнча комитетинин 25-январдагы жыйынында айтканына караганда, Кыргызстан кант менен өзүн өзү камсыздоосу үчүн кант кызылчасынын айдоо аянтын азыркыдан алты эсеге көбөйтүүсү талап кылынат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG