Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

УКМК тажик укук коргоочунун аялын бошотту


Собир Валиев
Собир Валиев

Теги тажикстандык, кыргыз жарандыгын алган укук коргоочу Собир Валиевдин жубайы, бишкектик Жанета Хамзаева 2-октябрга караган түнү Стамбулдан учуп келген учурда "Манас" аба бекетинен кармалган.

Хамзаеваны кармаган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ал күйөөсүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суракка алынып, анан койо берилгенин билдирди.

Атайын кызматтын бүгүн тараткан маалыматына караганда, 1988-жылы туулган Тажикстандын жараны Собир Валиевге буга чейин "мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Валиевге кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгени айтылат. Бирок өткөн жылдын 15-сентябрында ага эл аралык издөө жарыяланганына байланыштуу кылмыш иши токтотулган. Аталган кылмыш иши Собировдун жубайы Жанета Хамзаева 2-октябрда Кыргызстанга келгенине жана изделип жаткан адам жашаган жерде тергөө амалдарын жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу кайра жанданган.

УКМК Валиевге Тажикстанда кылмыш иштерине байланыштуу эл аралык издөө жарыяланганын да кошумчалады.

Хамзаеваны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери 2-октябрга караган түнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда кармашкан. Кечээ түш ченде анын апасы Лилиана Кимдин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Жанета Хамзаева
Жанета Хамзаева

УКМК өкүлдөрү 2-октябрда түш ченде тинтүү жүргүзгөн бир бөлмөлүү үй Бишкектин борбордук бөлүгүндө, Исанов көчөсүндө жайгашкан.

Биз барган кезде туш тарапка чачылган буюмдардын арасында эки аял отурган экен. Алардын бири Лилиана Ким – Жанетаны төрөгөн аял. Экинчиси Гүлнара Айталиева - аны кичинесинен багып чоңойткон.

Тинтүү 58 жаштагы Лилиананын үйүндө болгон. Ал бизге окуяны мындайча баяндап берди:

Лилиана Ким
Лилиана Ким

- УКМКнын кызматкерлери келишип, үйүмдө ушундай башаламандык кылып кетишти. Мен мыйзамды сыйлаган адаммын. Экинчи топтогу майыппын. Алар чачып кеткен үйдү кантип жыйнарымды да билбей отурам. Кандай тинтүү экенин, эмнеге келишкенин толук түшүндүрүшкөн да жок. Менин балдарым террорчу эмес. Эмнеге мындай мамиле кылышат? Эми алардын артынан үй жыйнашым керек. Жок дегенде чачкан нерселерди ордуна коюуга жардамдашып коюусун сурансам, “өзүңүз кылып алыңыз” деп жооп беришти.

Лилиананын айтымында, анын үйүнө УКМКнын үч кызматкери келген. Абалды түшүнбөй калган аял тааныштарына кабарлап, алардын кеп-кеңеши менен журналисттерди чакырган:

Тинтүүдөн кийинки көрүнүш.
Тинтүүдөн кийинки көрүнүш.

- Мен укугумду коргоо максатында журналисттерге кайрылдым. Бир журналист камерасы менен келди. Бирок атайын кызматтагылар аны үйгө киргизбей коюшту. Журналист менен сүйлөшүүгө мага да тыюу салышты. (Редакциядан: УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жаткан кезде “Азаттыктын” журналисти барган). Тинтүүгө келгендер неберелеримдин курагындагы жигиттер. Алардын аракетин басмырлоо деп эсептейм. Мен Кыргызстанда төрөлүп, өстүм, мекенимди сүйөм, тынчтык болушун каалайм. Улуттар аралык тынчтыкты тилейм. Жүрөгүм ооруп, дартым козголду. Менин ден-соолугума ким жооптуу? Дарылоого эч ким мага акча бербейт. Тинтүү жүргүзгөндөр ага жооп беришпейт.

Маалыматтарда Собир Валиев бир канча жыл мурун Тажикстандан чыгып кетип, Кыргызстандын жарандыгын алган. Жанета Хамзаева экөө беш жыл мурун баш кошушкан. Азыр Молдовада турушат.

Гүлнара Айталиева
Гүлнара Айталиева

Хамзаеваны багып чоңойткон Гүлнара Айталиева мурда-кийин күч органдары аларды суракка алышпаганын белгиледи.

Күйөө баласы Тажикстанда демократияны күчтөнтүүгө жасаган аракети үчүн бийликтин басымына кабылып, өлкөсүнөн кетүүгө мажбур болгонун айтууда:

- Менин билишимче, Тажикстанда мамлекетти жакшыртууга аракет кылышкан жаштар чогулушуп, партиябы же кыймылбы түзүшкөн. Алар демократ болушканы үчүн мекенинен куугунтукталган. Ал өз мамлекетине жакшылык гана каалаган. Эч кадай куралдуу көтөрүлүшкө үндөгөнүн уккан эмесмин. Жогорку билимдүү жигит.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун адистери жекшемби күнү УКМКга барып, Хамзаева менен жолугуша алышкан эмес. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын бүгүн билдиришинче, Хамзаева УКМКда 22 саат кармалган. Ал 22 саат бою адвокатсыз кармоо, адвокат менен жолуктурбоо жана анын апасынын үйүн адвокатсыз тинтүү канчалык мыйзамдуу деген суроо коюуда.

Собир Валиев
Собир Валиев

28 жаштагы Собир Валиев Тажикстанда тыюу салынган, оппозициялык “Группа-24” кыймылынын мүчөсү. Ал Бишкектеги окуяга тынчсызданып жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Менин кайненем Бишкекте турат. Ал ооруп калганы үчүн жубайым Кыргызстанга жөнөгөн. Кайненеме чалсам, келинчегим барбаганын айтты. Тааныштарга байланышсам, алар Жанетанын кармалганын билдиришти.

Собир Валиев “Группа-24” кыймылынын активисттеринин катарында Европа мамлекеттеринде, Орусияда жана Түркияда бир канча жолу тажик бийлигин демократияга үндөгөн акцияларга катышкан.

Расмий Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен 2015-жылы Кишиневде колго түшүп, бир айга чукул Убактылуу кармоочу жайда жаткан, бирок сот аны боштондукка чыгарган.

“Группа-24” кыймылын Тажикстандын Жогорку соту экстремисттик деп таап, 2014-жылы өлкө аймагында ишмердик жүргүзүүгө тыюу салган.

Ал арада Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму теги тажикстандык активист, оппозиционер Собир Валиевдин кыргызстандык жубайы Жанета Хамзаеванын кармалганына тынчсыздануусун билдирип, кечээ кыргыз бийлигине кайрылган.

Уюмдун Бишкектеги кеңсесинин жетекчисинин милдетин аткаруучу, Борбор Азия боюнча эксперт Стив Свирдлоу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул кармоонун себептерин түшүндүрбөй жатканы эл аралык нормаларга дал келбестигин кечээ "Азаттыкка" курган маегинде белгилеген.

- Human Rights Watch (HRW) уюму тажик жарандык коомунун өкүлү жана саясат айдыңындагы көрүнүктүү активисттердин бири Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаеванын кармалышын өтө тынчсыздануу менен кабыл алды. Анын колго түшүү себептери азырынча бизге маалым эмес. Биз кыргыз бийлигине кайрылып, бул маселеге олуттуу көңүл буруп, эл аралык нормаларды сактоого чакырабыз, - деген эле Стив Свирдлоу.

XS
SM
MD
LG