Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Борбор Азияда казак президенти Нурсултан Назарбаевден кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго “улут көсөмү” наамы ыйгарыла турган болду.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы Эмомали Рахмондун жана анын үй-бүлөсүнүн болочогун кепилдеген мыйзам долбоорун бекитти. Эми ал мыйзам долбоору парламенттин жогорку палатасынан өтүп, мамлекет башчысы өзү кол койгондон кийин күчүнө кирет. Бул мыйзам долбоору күчүнө кирери менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон мамлекет башчысы деген аталыштан сырткары расмий түрдө “улут көсөмү” деп атала баштайт.

Долбоордун текстинде “Тажикстан элине өтөгөн өзгөчө кызматы үчүн Эмомали Рахмонду “тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - улут көсөмү” деп таануу талабы айтылган. Ага ылайык, Эмомали Рахмон башкарып турган учурдагы кабыл алган чечимдери үчүн жоопко тартылбайт. Айрым укук коргоочулар жана саясатчылар Рахмонду кол тийгис деп жарыялоо демократиялык ченемдерге сыйбайт деп сындап чыгышты.

Тажикстандын социал-демократтар партиясынын төрагасы Шокиржон Хокимов мындай дейт:

- Эгерде президенттин бийлик укугун кеңейтүүгө байланыштуу маселе болсо, анын сыйга татыктуу эмгегин коомчулук эске алып жатса, анда мен мунун жаман жагын көрмөк деле эмесмин. Бирок биздеги бир партиялуу башкаруу бийлик системасы орноп, өлкөдө бир адамдын гана бийлиги өкүм сүрүп турган учурда ушундай демилгенин чыгышы бизде саясий атаандаштыктын жок экенин кабар берет.

Мыйзамга ылайык, улут көсөмү деп таанылган Рахмондун өзү, анын үй-бүлөсү жана алардын мүлктөрү кол тийгис деп табылат. Анда улут көсөмү президенттиктен кеткенден кийинки мамлекеттик кепилдиктер да каралган.

Рахмон эс алууга кетүүгө эрки жетсе, анын пенсиясы азыркы маянасынын 80 пайызын түзөрү көрсөтүлгөн. Тажик президентинин 2000-жылдагы маянасы 25 миң долларды түзөрү айтылып, бирок кийин мындай маалыматтар жашыруун болуп калган эле.

Тажикстандын парламенти бул долбоорду иштеп чыгуу менен Казакстандын тажрыйбасын туурады дегендер да жок эмес. Анткени мурда казак президентине дагы “эл басы – улут көсөмү” наамы ыйгарылган болчу.

Наам каткенде татыктуу болот?

Бирок бийлик өкүлдөрү муну тарыхый чечим катары баалашууда. Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Шукуржон Зухуровдун айтымында, Рахмонду улут көсөмү деп жарыялоо демократиядан чегинүү эмес:

- Биз бул демилге үчүн оппозициянын же башка бирөөлөрдүн айткан сынынан коркпойбуз. Анткени Тажикстандын келечеги үчүн улуттун татыктуу уулуна сый-урмат көргөзүү жалпы адамзаттык баалуулуктарга каршы келбейт. Татыктуу иш алып барган уулдарына улуттун көсөмү деген наам ыйгаруу менен сый-урмат көргөзүү бизде эле эмес, башка өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасында да болгон. Ошондуктан аны демократияга каршы келет деген туура эмес.

63 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанда 1992-жылдан бери бийликте турат. Буга чейин Рахмон катары менен төрт мөөнөт президенттикке шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2020-жылы аяктайт.

Рахмондун жактоочулары ага улут көсөмдүгүн ыйгарууга негиз болгон аны эмгеги катары - жарандык согушту токтотуу жана согуштан кыйраган экономиканы бутуна тургузуу далалатын аташкан. Ага “Истиклол”, “Шахристон”, “Озоди” жана “Хатлон” тоннелдеринин жана Хожент-Дүйшөмбү, Куляб-Хорог-Көлмө жана Дүйшөмбү-Жергетал жолдорунун курулуштары мисалга алынган. Бирок ошол эле кезде оппозиция президент Рахмон 23 жылдан бери Тажикстанды электр энергиясы жана газ менен үзгүлтүксүз камсыздай алган жок деп сындашууда.

Ошондой эле оппозиция миңдеген тажик жараны жумушсуздуктун айынан чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айыптап чыккан. Оппозиция мына ушундай шартта Рахмондун керт башына сыйынуу күчөп, башкача ойлонгондорго куугунтук өкүм сүрүп турганын шардана кылып келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG