Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчиси Кубат Оторбаев санариптик телеберүүгө өтүүгө байланыштуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: 28-мартта санариптик телеберүү боюнча парламенттик угуу өттү. Анда Кыргызстан 2015-жылга чейин санариптик телеберүүгө өтүү тууралуу милдеттемесин аткара албаса, анда өзүнө таандык жыштыктарды коргой албашы мүмкүн болгону айтылды. Бул жаатта июль айынын этегине чейин мамлекеттик программа иштеп чыгышы зарыл экен. Бул программаны даярдоого КТРК катышып жатабы? Сунуштарыңыздарды бердиңиздерби?

Кубат Оторбаев: Бул мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бирок биз ал жумушчу топто жокпуз. Жумушчу топко Коммуникация жан транспорт министрлиги жана ар түрдүү компаниялардан түзүлгөн уюмдар бар, ошол уюмдардын өкүлдөрү киришкен.

Кечээ санариптик берүүгө өтүү ачык талкууланганы жакшы болду. Анда бир топ кемчиликтер бар экени белгилүү болду. Мен эң эле негизгисин айтайын, мен ошол жыйында көтөрүп чыккан бир маселе, “соцпакет” деп коет, санариптик берүүгө өткөндө эл бекер көрө турган каналдардын курамы бар. Ошолордун баары биригип бир мультиплекске кирет. Ага ошол эле азыркы КТРК каналы, ЭЛТР, балким ушул "5-канал" менен “Пирамида” каналдары да мамлекетке өтсө, балким бюджеттен каржыланса алар да кирип калышы мүмкүн.

Бирок эң негизгиси “Кыргызтелеком” быйыл менчиктештирилгени жатат. Ал эми ошол каналдар кирип жаткан мультиплексти “Кыргызтелеком” менен кошо сатканы жатышыптыр. Мен ошол жерден "соцпакетке" кирип жаткан мультиплексти өзүнчө бөлүп чыгып, ал мамлекеттин карамагында калышы керек деп айттым. Өкмөттүн алдындагы Байланыш агенттигинин, же Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдында болобу, же коомдук каналдын алдында болобу, айтор бул мультиплекс сатылбашы керек. Бул Кыргызстандын коопсуздугуна шек келтире турган маселе.

“Азаттык”: Санариптик берүүгө өтүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу эмнеге кечеңдеп жатат деп ойлойсуз?

Оторбаев: Мунун бир топ объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Негизги себеби жумушчу тобунун курамы улам-улам өзгөрүп атты.

Экинчиден, мамлекеттик саясаттын өзүнүн аныкталбай аткандыгы себеп болуп жатат. Анткени бул жерде көп техникалык маселелерди чечиш керек. Мисалы, келген сигналдарды “система условного доступа” деп коет, көрөрман шарттуу кодду сатып алса, айрым телеканалдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мисалы ошол нерселер чечиле элек болду.

Техникалык жактан алганда санариптик берүүнүн форматтары ар түрдүү. Мына ошол да чечилбей келди. Мисалы буга чейин Баткендин аймагында башка форматта киргизилген экен. Эми ал формат азыр жарабай калды. Эми ошол жердеги ресиверлерди кайра алмаштырышыбыз керек деген маселе коюлуп жатат. Башкача айтканда, бул жерде техникалык, каражат жактан чече турган өтө көп маселелер бар.

“Азаттык”: Санариптик телеберүүгө өткөндө дагы кандай кошумча мүмкүнчүлүктөр ачылат?
Мультиплекс сатылбашы керек. Бул Кыргызстандын коопсуздугуна шек келтире турган маселе.


Оторбаев: Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мисалы, биз чыгып аткан каналда ондон ашык каналдар пайда болот. Башкача айтканда, бул атаандаштыкка өтө жакшы шарт түзөт. Мазмундун өнүгүшүнө, ошол эле медиа базардын өнүгүшүнө чоң түрткү болот.

Экинчиден, берүүлөрдүн сапаты өсөт, сүрөтү, видеонун сапаты жакшырат. Бирок ошол эле маалда көп "оюнчулар" пайда болот. Мисалы акчасы көп мамлекеттердин чоң-чоң медиа холдингдери кириши мүмкүн. Мисалы ошолордун Кыргызстандагы үлүшү канча пайыз болуш керек, мамлекеттик тилдин тагдыры кандай болот деген маселелерди азыртадан аныктап алышыбыз керек.

Дегеле “соцпакетке” кирген телекомпаниялар мамлекеттик тилде берип, калгандарын башка тилдерде бере баштаса анда Кыргызстандын аймагы эмне болоору айтпаса деле белгилүү. Ушул жакка көңүл буруу зарыл.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG