Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Кыргызстан 2015-жылы санариптик берүүгө өтүүгө даярбы? Депутаттар, өкмөт өкүлдөрү жана медиа эксперттер Бишкекте санариптик берүүгө өтүүдөгү тоскоолдуктарды талкуулашты.

Эл аралык келишимге ылайык, Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүүгө тийиш. Андыктан бир-эки жылдын ичинде өлкөгө берилген жүздөгөн жыштыктарды Кыргызстан өзү өндүрө албаса арткандары коңшу өлкөлөрдүн каналдарына берилип кетиши ыктымал. Ушул тапта жүздөгөн жыштыктардын жыйырма чактысын гана жергиликтүү телеканалдар өз продукциясы менен толтура алат.

Азыр эми ошол жыштыктарды кантип толтурабыз, санарипке өткөн менен берүүлөрдүн сапаты кандай болот деген маселе кыргыз медиа эксперттер, ушул жаатта иштеген адистердин башын оорутуп турган чагы. Мына ушул маселелер 19-ноябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана маданият боюнча комитети уюштурган парламенттик угууда талкууланды.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин белгилешинче, санариптик берүүгө өтүүдө жалпысынан 550 млн. сом талап кылынат. Мунун жарым-жартылайы өлкө бюджетинен, калганы эл аралык донор уюмдардан алынышы мүмкүн.

- Бүгүнкү күндө контент маселеси гана калды. Техникалык жактан, кудай буйруса, чечебиз. 550 млн. сом каражатты жалаң эле бюджеттен алса, оор болорун билип турабыз. Биз эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүнү токтоткон жокпуз. Анын ичинен кандайдыр бир бөлүгүн эл аралык уюмдардан алышыбыз мүмкүн.

Эксперттер санарипке өтүү алдында бир катар мыйзамдарды кабыл алуу зарылдыгын белгилеп жатышат. “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук бирикмесинин жетекчиси Татту Мамбеталиеванын айтымында, азыркы мыйзамдар санариптик берүүгө өтүү үчүн сынак жана аукцион өткөрүүгө жол бербейт.

Санарип берүүгө өтүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун эксперти Эрнис Мамыркановдун пикиринде, Кыргызстандын санарипке өтүүсү үчүн дагы үч-төрт жыл талап кылынат. Анткени азыр каржылык маселелер да, санариптик берүүнү көзөмөлдөө механизмдери да иштелип чыга элек.

- Үч маселени белгилеп кетсек болот. Биринчиден, кошумча мыйзам кабыл алынмайынча жаңы чыккан “Лицензия берүүгө уруксат берүү жөнүндө” мыйзамдын негизинде биз санариптик жаңы жыштыктарды бере албайт экенбиз. Экинчиден, каржы маселеси. Эгерде биз санариптик көрсөтүүгө өтө турган болсок чет элдик телеканалдардын саны көбөйүп кетет. Ошого азыртадан даярданышыбыз керек. Үчүнчүдөн, 20дан ашуун жеке менчик компаниялар санарипке кантип өтөт? Бул маселени эч ким көтөрө элек.

Роза Отунбаева жана Кубат Оторбаев

Роза Отунбаева жана Кубат Оторбаев

Коомдук каналдын баш деректири Кубат Оторбаев КТРК санарипке өтүүгө даяр деп ишендирүүдө. Анын ырасташынча, каржы табылса, калганы оңой чечилет. Оторбаев социалдык пакетке чет элдик каналдарды киргизип, киргизбөө маселесин эске алууну сунуштады.

- Азыр министрлик тарабынан социалдык пакет түзүлүп жатат. Көп мамлекеттерде, анын ичинде КМШ мамлекеттеринде кайсы бир чет элдик каналдарды социалдык пакетке киргизген көрүнүш жокко эсе. Ошондуктан муну эске алсаңыздар жакшы болот эле. Анткени Кыргызстандын аймагында контентке таасир этүү өтө опуртал абалда.

Жергиликтүү телеканалдардын жетекчилери санарипке өтөрдөн мурда алардын кадр маселесин чечип, айлык акыны жогорулатып берүүнү өтүнүштү. Антпесе берүүлөрдүн мазмуну жагынан башка өлкөлөрдүн дөө-шаа каналдарына атаандаш боло албай калышары айдан-ачык экенин да баса белгилешти.

Ал эми маалымат коопсуздугуна байланыштуу чек аралаш аймактарда, өзгөчө өлкө түштүгүндө жергиликтүү каналдар тартпаган аймактарда да кошуна өлкөлөрдүн каналдары көрсөтүлөрү байма-бай айтылып келет. Санарипке өткөндө телевизорго туташылган ресивер бир гана өлкөнүн жыштыгындагы телеканалдарды көрсөткөндүктөн Кыргызстан менен чек аралаш айылдарда коңшу мамлекеттердин телеканалдары тартпай калат.

Санариптик берүүгө өткөндө бир эле каналдан ондон ашуун башка каналдарды көрүүгө болот жана жашаган жерине, аба ырайына карабай көрсөтүүнүн сапаты жогорулайт. Ошондой эле телеканалдар эфирге канча пайыз жергиликтүү берүүлөрдү, канчасын кыргыз жана орус тилдеринде эфирге чыгышы керектиги, социалдык пакетке кайсы каналдар кирери азыр талкууланып жатат.

Кыргызстан санарипке өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон. Казакстан санарипке 2012-жылы өтсө, Өзбекстан 2015-жылга чейин өтүү аракетинде. Ал эми Орусия 2010-жылы санарипке өткөн. Кыргыз өкмөтү белгиленген убакыттан кечикпей санарипке өтөбүз деп ишендирүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG