Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:47

Кыргызстан тышкы саясатында көп вектордуу багытты карманган мамлекет катары дүйнөдөгү көп өлкөлөр менен ар тармактуу мамиле түзүп келет.

Эгемендик жылдары СССР доорунда кадрдык дипломат катары билим жана тажрыйба алган кызматкерлердин аягы суюлуп, азыр адистердин көбүн Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академия даярдап жаткан кези.

Алардын атуулдук жана кесиптик даярдыгынын начардыгыбы же мамлекеттик иш менен ишкерликти айырмалабай албай калышканбы, айтор кийинки кезде чет өлкөлөрдө иштеген айрым кызматкерлердин жүрүм-турумдары өлкө беделине көө жабууда.

Анын себеби эмнеде? Дипломаттар кесиптик деңгээли менен тажрыйбасына жараша дайындалабы же өң-тааныштык биринчи орунда турабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Суеркулов, тышкы иштер министринин мурдагы биринчи орун басары Талант Кушчубеков жана Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, эл аралык иштер боюнча комитеттин мүчөсү Абдывахап Нурбаев катышты.

“Азаттык”: Нурлан мырза, Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигинин кызматкери Манас Осмонов контрабандалык иш менен алектенгени үчүн иштен кетти. Буга чейин дипломатиялык кызмат менен ишкерликти айкалыштырды деген доомат Кыргызстандын Британиядагы жана башка өлкөдөгү элчиликтеринин кызматкерлеринин дарегине да айтылган. Мындай көрүнүшкө өлкө ичинде баа берилбей, бара-бара тынчып калган менен мамлекеттин эл аралык деңгээлине доо кетирери турган иш. Чет өлкөлөрдөгү элчиликтерге кызматкерлер кандай критерий менен дайындалат? Алардын кесиптик даярдыгы, жарандык жоопкерчилиги салмактанабы?

Нурлан Суеркулов: Бул окуялар бара-бара унутулбайт. Өзгөчө акыркы убакта маалымат доорунда жашап жатабыз. Ар бир адам үйүндөгү компьютер, планшеттен эле маалымат алып жатат.

Ооба, акыркы окуя баарыбызга белгилүү. Элчиликтин административдик кызматкери 17-апрелде чек арада кармалып, 20-апрелде иштен кетти. Кызматкерлер “Мамлекеттик кызмат жөнүндө", “Дипломатиялык кызмат жөнүндө" мыйзамдардын чегинде ишке алынат.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылган сөздөр биздин эл, өлкө үчүн абдан эле оор. Белден алып көтөрө чапкандай эле болуптур. Эл аралык абал, кай бир өлкөлөр менен мамиле оор болуп турганда мындай окуялардын болгону абдан өкүнүчтүү.

“Азаттык”: Талант мырза, мен ушул маселе боюнча программага даярданып жатып, экс-спикер, экс-элчи Медеткан Шеримкуловго телефон чалып, Тышкы иштер министрлигинин кадр саясаты боюнча оюн сурасам, “Кадр саясаты деген барбы? Ал жөнүндө деги түшүнүк барбы?” деп мага кайра суроо берип, талкууну улантуунун да зарылдыгы жок деп билдирди. Сиз анын оюна кошуласызбы? Тышкы иштер министрлигинин кадр саясаты кандай жүргүзүлүп жатат?

Талант Кушчубеков: Кадр саясаты такыр жок деп айтуудан алысмын, бирок жанагыдай окуялар болуп жаткандан кийин жетишсиз деген ойго келишибиз керек. Себеби, чынында интернетте жанагы окуя боюнча Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылган сөздөр биздин эл, өлкө үчүн абдан эле оор. Белден алып көтөрө чапкандай эле болуптур. Эл аралык абал, кай бир өлкөлөр менен мамиле оор болуп турганда мындай окуялардын болгону абдан өкүнүчтүү.

Тышкы иштер министрлиги жана бардык эле мамлекеттик мекемелер мындай окуядан сабак алышы керек. Себеби, бул биринчи жолку окуя эмес жана улам-улам эле кайталанып жатат. Ал эми дипломаттар деген ар бир элдин билимдүү, маданияттуу, адеби күчтүү, ыймандуу, мыкты адамдар, же башкача айтканда өлкөнүн күзгүсү. Ошого жараша аларга укуктар берилет жана Вена конвенциясына ылайык, өзүңөргө тиешелүү иштерден башка аракеттерге бара албайсыңар, эгер барсаңар жооп бересиңер деп эскертилет.

“Азаттык”: Абдывахап мырза, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин ишмердигин, ал жерде иштеген кызматкерлердин финансылык жана башка аракеттерин иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Сиз анын мүчөсү эмессизби. Мындай комиссияны түзүүгө кандай олуттуу себептер болду жана дипломаттардын этикасына жат кандай иштер ачыкка чыкты?

Абдывахап Нурбаев: Кийинки кезде Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерге барганы жөнүндө маалыматтар бардык жерде айтылып, улам-улам кайталанып жаткандыктан аны жеринен иликтөө үчүн ошол депутаттык комиссия түзүлдү. Анткени, ошол дипломаттардын жүрүш-турушун көрүп, чет жерде биздин эл жөнүндө терс пикир жаралат да. Ошон үчүн кызматкерлерди ишке алып жатканда тандоо критерийлеринин жабык болгону да күмөн ой жаратат.

Кызматкерлер кандай критерийлер менен кызматка алынарын жарандык коом, жалпы эл ачык билиши керек. Ошондо өнүгүү, айкындык болот. Андан тышкары терс жоруктарга барган адамдар убагында иштен алынганы менен кийин кайра эле ордуна алынат деген маалыматтар бар. Демек, алар жазасыз калып, кийин кайра эле ордуна келет деген көз карашты бекемдеп жатат. Ошон үчүн комиссия жыйынтыгы менен айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизели деп жатабыз.

“Азаттык”: Нурлан мырза, өткөндө Кыргыз радиосунун 85 жылдык мааракесинде Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Кыргызстанда билими, тажрыйбасы жана жарандык көз карашы өтө жогору дипломаттар абдан көп, бирок алардын көбү азыр жумушсуз, алардын тажрыйбасын пайдаланууга кызыкчылык жок деп бийик трибунадан билдирди. Министрлик колдо турган ошондой адистерди эмне үчүн колдонбой жатат?

Нурлан Суеркулов: Ооба, аны мен да өзүм уктум. Ага мен кошулам, бирок мурунку дипломаттардын арасынан азыр деле иштеп жаткандар бар. Албетте, тажрыйбалуу дипломаттарды колдонушубуз керек. Бирок тилекке каршы Тышкы иштер министрлигинин мүмкүнчүлүгүнө жана доордун талабына жараша мурдагы дипломаттардын баарын ишке алганга мүмкүнчүлүк жок.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG