Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:56

Майып ишкерди кыйнаган жер жаңгак чатагы


Ишкер Рустам Орозовдун жүгүн Каржы полициясы жүктөп кетип жатат. Баткен-Кадамжай жолу. 5-январь. 2016-жыл
Ишкер Рустам Орозовдун жүгүн Каржы полициясы жүктөп кетип жатат. Баткен-Кадамжай жолу. 5-январь. 2016-жыл

“Азаттыкка” 1-топтогу майып ишкер Рустам Орозов кайрылды. Ал Баткенден ташып келаткан он тонна жер жаңгагын Каржы полициясынын өкүлдөрү документтерине карабастан тартып алып, акча талап кылып жатканын айтат.

Каржы полициясынын Баткен боюнча башкармалыгы болсо товар Өзбекстандан аткезчилик жол аркылуу ташылып келатканын, учурда иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Бишкек шаарынын тургуну, буту баспаган 1-топтогу майып Рустам Орозов кичи мекени Баткен шаарынан жер жаңгактын маңызын алдырып, аны борбордо кууруп, базарларга өткөрүүнү пландаштырган болчу. Муну менен ал өзүнүн дары-дармеги, операциясына каражат топтойм деп ойлогон.

- Мен 1-топтогу майыпмын. Жөн жүрбөй дарыланууга акча табайын деп соода кыла баштагам. Акча жөнөтүп, жер жаңгакты алдырайын дегем.

Рустам Орозовдун айтуусунда, окуя Баткен-Кадамжай жолунда болгон. Каржы полициясынын Баткендеги башкармалыгынын кызматкерлери жүк алып бараткан машинадан он тонна жер жаңгакты толугу менен өзүнүн машинесине жүктөп, белгисиз жакка алып кетишкен. Бул учурду Рустам Орозов жалдап алган айдоочу видеого тартып жөнөткөн.

- Машина жолдо бузулуп калган мезгилде финполицияданбыз деп балдар келип текшере баштаптыр. Эч кандай күбөлүктөрүн көрсөтпөй “бул контрабанда” деп айтышыптыр. Айдоочу “бул эч кандай контрабанда эмес, базардан алынган товар” деп базардан справкаларды көрсөтсө, "эгер кааласак контрабанда кылып коёбуз" деп коркутушуптур. Акча талап кылышып, телефонун тартып алышыптыр. Мен чалып түшүндүрөйүн десем телефону өчүк.

Өзү борбордо, жүгү Баткенде камакка алынган ишкер арчылган жер жаңгактын данеги кыш мезгилинде нымдуу абада бир жумада көгөрүп, жараксыз азыкка айланып кетерине тынчсызданат.

- Азыр ушул тапта менин жүгүм кайсы жерде турганын билбейм. Эмне болуп жатканынын дайыны жок. Ал жүк - чийки жер жаңгак данеги. Бир жумада ушундай аба ырайында тез эле көгөрүп кетет. Анда товар жараксыз болуп калат. Мен канча акчага күйүп кетем! Кыргызстандын ичиндеги эле базарлардан алынса, кантип аткезчилик болсун Биз аны тиричиликти жүргүзгөнү алганбыз. Жыргаган үчүн жүк ташыбайбыз да.

"Азаттык" Каржы полициясынын Баткен облустук башкармалыгына кайрылганда, товар Өзбекстандан аткезчилик жол менен чек арадан өткөнү тууралуу аларга алдын ала маалымат түшкөнүн, учурда жер жаңгак Кызыл-Кыядагы бажы терминалында турганын маалымдашты.

Аталган кызматтын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Жанарбек Молобаев кызматкерлери ишкерден акча талап кылбаганын, жүктү алып бараткан айдоочу актка кол коюудан баш тарткандыктан бир тараптуу каттоого аргасыз болушканын билдирди.

- Бизге Өзбекстандан жүк кирди деген маалымат түшкөн үчүн билип калдык. Айдоочу жалгыз бир кагаз көрсөттү. Ал да базардан декабрда алынган. “Жер жаңгак маңызы мынча сом, кара өрүк мынча сом” деген тактама экен. Бардык товар чек арадан өткөндө эгер бажы бекеттен салыктары алынмайын ал аткезчилик болуп эсептелинет. Ал машинанын айдоочусу актка кол коюудан баш тарткан. Атайлап машинаны бузук деп айдабай койду. Анан биздин балдар кыйла күткөн соң күбөлөрдүн көзүнчө башка машинага кайра жүктөп алып кетишти. Азыр ошол 10 тонна товар толугу менен Кызыл-Кыя бажы терминалында турат. Эми ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат. Ал жерде биз тараптан эч кандай мыйзамсыз иш болгон эмес.

Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесине ылайык, эгер ишкер алгач ирет аткезчилик жол менен товар алып кирген болсо, анда бажы төлөмдөрүн төлөгөн соң жүк ээсине кайтарылып берилет. Экинчи жолу дагы колго түшсө ишкер сот жоопкерчилигине тартылат.

Кыргызстанда азык-оокаттардын көпчүлүк түрү кошуна өлкөлөрдөн ташылып келинет. Майда ишкерлер бажы салыктарынан качып чек арадан мыйзамсыз алып өткөн учурлар көп катталат.

Майып ишкерди кыйнаган жер жаңгак чатагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG