Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:30

ЕАЭБ шарттары бизнеске бут тосууда


Оштогу сыналгы чыгарган кыргыз-кытай заводу
Оштогу сыналгы чыгарган кыргыз-кытай заводу

Дүйнөлүк банк 189 өлкөнүн ишкерлик үчүн түзүлгөн шарт-жагдайы боюнча Doing Business рейтингин жарыялады. Буга чейин Кыргызстан бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуулугу боюнча 67-орунга жылды.

Буга чейин Кыргызстан бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуулугу боюнча 102-орунда болчу. Жаңы жыйынтыкты кыргыз өкмөтү өз ишинин жемиши катары баалап жатат. Бирок ишкерлер бул тармакта сезилерлик жылыш байкалбаганын айтууда.

Doing Business сайты жарыялаган жаңы рейтингге ылайык, мурунку жыйынтыктарга караганда Кыргызстандын ишкананы каттоо, миноритардык инвесторлорду коргоо, эл аралык соода келишимдерди аткарууну камсыз кылуу боюнча көрсөткүчү төмөндөгөн. Бирок ишкананы электр жарыгына кошуу, менчикти каттоо, насыя алуу жагынан алдыга жылган.

Экономика министрлиги жалпы жыйынтык боюнча Кыргызстан быйыл жакшы көрсөткүчкө жетишкендигин белгилөөдө.

- Doing Business - ишкерликти жүргүзүү боюнча жетишкендикти санасак, жеке мүлктү каттоо боюнча 189 өлкөнүн ичинен алтынчы орунга илиндик, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчибиз десек болот. Курулуш тармагына уруксат алуу боюнча 20, жеке бизнести ачуу боюнча 35-орундабыз. Бул көрсөткүчтөр өкмөттүн жыйынтыгы деп билсек болот, - деди аталган министрликтин башкы адиси Мирлан Жаналиев.

Жогорудагы жыйынтыктар боюнча бизге өнөктөш өлкөлөрдүн абалы кандай? Жаңы ишкана ачуу боюнча Кыргызстан 35-орунга илинсе, коңшу Казакстан 21, ал эми Орусия 41-орунда жайгашкан. Менчикти каттоо боюнча Кыргызстан 6-орунду ээлеп, Казакстан 19чу, Орусия 8-катарда.

Өкмөт акыркы жылдары бизнеске уруксат берүү, салык төлөө сыяктуу системаларды жөнөкөйлөштүрүүгө аракет кылууда. Рейтингдин жыйынтыгына ушул жагдайлар таасир этип жаткандыр дешет адистер. "Кыргыз концепт" ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев бизнеске жеңилдик берген мыйзамдар кабыл алынганга жараша жүзөгө да ашуусу керек деген пикирде:

- Кээ бир мыйзамдар кабыл алынды. Эми кеп долбоордун аткарылышында. Бул жыйынтыкты башка уюмдардын рейтинги менен кошсок гана толук өкмөттүн ишине баа берилет.

Өлкөдө ишкерликти баштоо оңой болгону менен ишти жылдырууга көмөктөшкөн шарттар каралган эмес. Айрыкча мамлекет Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгондон бери кыргыз ишкерлери кыйналып жатканын Жаш ишкерлер бирикмесинин жетекчиси Умбриэль Темиралиев билдирди:

- Doing Businessтин жыйынтыгы менен чет жактардан инвесторлор келип бизнес ачсын дейли. Кыргызстан кичинекей өлкө, ал эми алар өндүргөн товарларын Казакстан, Орусияга алып чыккысы келет. Коңшуларга бир товар алып кирүү үчүн тийиштүү иш кагаздар болушу керек. Муну чечүү үчүн өкмөт, Экономика министрлиги менен тийиштүү тармактар биригип, үч-төрт жылдык стратегиялык программа иштеп чыгышы зарыл. Ушундай жол менен ишкерлерге колдоо көрсөтө алат.

Темиралиев чакан ишкерликти өнүктүрүү тармагы дагы көңүл сыртында калганын кошумчалады.

- Чакан бизнестеги эң негизги көйгөй, каржылоо болуп жатат. Узак мөөнөткө капитал жок. Коммерциялык банктар бар, бирок аны менен бизнес өнүгүп кете албайт. Ал эми эл аралык банктар чоң суммадагы гана насыя беришет.

Өлкөдөгү бизнес атмосферасы саясий абалга жараша өзгөрүп кетүү коркунучу дагы бар.

Жогоруда адистер белгилегендей, коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда бизнес ачуу оңой, бирок аны өнүктүрүп кетүү кыйын. Курулушка уруксат алуу жеңил болгону менен былтыркыдай электр жарыгы тартыш болсо, өндүрүштү чектөөгө туура келет.

Doing Business изилдөөсүн Дүйнөлүк банк ар кандай эл аралык уюмдар менен биргеликте 2002-жылдан тарта жүргүзүп келет. Ал мамлекеттердеги орто жана чакан ишкердикке түзүлгөн шарттарды баалайт. Жаңы изилдөөдөнүн сап башында Сингапур, Жаңы Зеландия жана Дания турат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG