Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Жаратылышты коргоочулар Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарлар жоголуп кетиши ыктымал деп кооптонуп жатышат.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты, "Ар-намыс" фракциясынын мүчөсү Эсенгул Исаков, Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин аңчылык департаментинин башчысынын орун басары Алмаз Мусаев, Ысык-Көлдөн жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фондунун долбоорлорунун Кыргызстандагы улуттук координатору Фарида Балбакова катышты.

"Азаттык": Жакында жаратылышты коргоочулар, аңчылык жана аңчылык чарбачылыгы жөнүндөгү мыйзам долбоору кабыл алынса, Кызыл китепке кирген жейрен, тоо теке, марал, сүлөсүн жана башка бир топ сейрек жапайы жаныбарлар тукум курут болуп кетиши ыктымал деп тынчсызданышыптыр. Чын эле ушул жаныбарларды аңчылык кылууга уруксат берген беренелер ушул мыйзамда барбы? Бул беренелер эмне үчүн экологдордун, жаратылышты коргоочулардын тынчын алып жатат?

Эсенгул Исаков: Бул мыйзам долбоору аңчылык, мергенчилик жана мергенчилик чарбачылыгы жөнүндө болуп жатат. Мындай мыйзам долбоор мурда жок эле. Ошол мыйзам добоорун былтыр айлана чөйрөнү коргоо агенттиги менен биргеликте иштеп чыгышыптыр.

Мен депутат катары, алардын катышуусу менен семинарда катышып, ошол жерде угуп үчүнчү беренсине келгенде эле токтотуп койгом. 3-беренеде Кызыл китепке кирген биздин жаныбарлардын түрлөрүн атканга уруксат бергенге коридор кылышыптыр. Мен ага каршы болгом. Ошону менен токтоп калган.

Бирок быйылкы жылдын башында долбоорду иштеткендер мага алып келип, өзүңүздөр иштеп чыккыла дешкен. Аңчылыкка, айлана чөйрөнү коргоо боюнча иштеп аткан дагы жети мыйзам бар. Азыркы иштеп чыгып аткан мыйзам долбооруна алар шайкеш келиш керек. Кызыл китепке кирген жаныбарлар, куштар мергенчиликтин объектиси болуп эсептелбейт, атууга уруксат жок дегенбиз. Тиркеме кагазды көрсөтпөй жөнөткөндүктөн кичине түшүнбөстүк пайда болуп атат.
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Фарида, бүгүнкү жапайы жаныбарлар, анын ичинде сейрек жаныбарлардын абалы кандай?

Фарида Балбакова: Бүгүнкү сейрек кездешүүчү жаныбарлардын абалы оор деп айтсак жаңылышпайбыз. Салыштырсак, 1985-жылдагы Кызыл китепке сейрек кездешчү жаныбарлардын 13 түрү, канаттуулардын 30 түрү киргизилген.

2007-жылдагы Кызыл китепке канаттуулардын 7 түрү, жаныбарлардын 23 түрү кирип атат. Кызыл китеп деген бул кызыл чек деген сөз. Бул жаныбарларды коргоо талапка ылайык болбосо, бүгүн-эртең жоголуу коркунучунда турат. Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, буларды чет элдик мергенчилерге атууга уруксат берген туура эмес деп ойлойм. Биринчи кезекте буларды коргоого шарттарын жакшылап түзүш керек.

"Азаттык": Алмаз, көрсөтүлгөн багыттын баары силер тарапка барып такалып атат. Эмнеге көзөмөл болбой атат, проблеманын бардыгы эмне себептен келип чыгып атат? Башкаруу, уюштуруу начарбы?

Алмаз Мусаев: Проблеманын бардыгы каражатка келип такалат. Кыргызстанда 14 млн. гектар аңчылык аянт бар. Ошонун 8 млн. гектары мамлекеттик көзөмөлдө турат, калгандары жеке менчик, коомдук уюмдарда бекитилген. Республика боюнча 150 аңчы иштейт, ар бирине 80 миң гектар жер тийип атат. Алар алыскы тоолуу райондордо. Каражаттын тартыштыгынан ал жакта техника, ат маселесин чечүү бизде начар. Ошондуктан кайтаруу иштери солгундап атат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG