Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Ишкер айым болуу оңой эмес


Айрым маалыматтар боюнча дүйнөдө ишкер айымдардын саны көбөйүүдө. Ал эми Кыргызстанда бизнес чөйрөсүндө айымдардын орду кандай?

Айнура Сманалиева педагогикалык окуу жайды аяктаган. Бирок өз кесиби боюнча иштеген деле жок. Жарым жыл жарыбаган маянага иштеген соң, ишкерчилик менен алектенип кеткен. Учурда Айнура курулуш компаниясынын ээси.

-Турмуш-шартка байланыштуу ишкерчиликке өтүп кеттим. Албетте, кыйналдым. Ийгиликке жетүү үчүн керек болсо күн-түн дебей иштөө керек. Бирок азыр кудайга шүгүр, бутубузга туруп калдык, отуздай адамды иш менен камсыз кылып, казынага салык төлөп, айтор жакшы эле иштеп атабыз,-дейт Айнура.

Айнуранын айтымында, аял кишиге ишкер болуу оңой эмес:

-Аял-эркек бир баскычта турат, тең укуктуулук дегенибиз менен баары бир биздин коомдо лидер аялдарга болгон көз караш башкача. Көп эле ишкер айымдар мырзалар тараптан кандайдыр-бир теңсинбегендик өңдүү мамилеге дуушар болушса керек. Анын үстүнө аял киши балдарды багып, кожойке болууга да жетишиш керек, бул жактан алганда, албетте, бизнестеги аялдарга оор эле.

Кийинки биздин каарман Чынара үйлөнүү-үлпөт агенттигинин жетекчиси. Ал дагы аял кишиге ишкер болуу оңой эмес экенине кошулат:

-Ишкер, жетекчи болуу аялдарга моралдык жактан оор. Мисалы мен аялзаты, анын үстүнө жаш да болгонум үчүн айрым учурларда кызматташ мырзалар олуттуу мамиле жасашпайт. Ошон үчүн эгерде мурда сезимтал, назик кыз болсом, ишкерчиликке аралашкандан бери көбүнесе эркектерге тиешелүү сапаттарды өнүктүрүүгө туура келип атат.

Айрымдардын пикиринде, ишкерчилик айымдарга караганда мырзаларга ылайык чөйрө. Анткени бизнесте айымдар логикасын уккандын ордуна көбүнесе эмоцияларга алдырып жиберишет. Кыргызстандагы ири соода компаниялардын биринин ээси Альфия Ханмурзина бул ойлорго түк кошулбайт:

-Адамдар ар кандай. Күчтүү, өз айтканын бербеген, сөзүнө турган айымдар бир топ. Мен ошондой ишкер айымдарды көп эле жолуктурам. Андыктан бизнесте мырзалар айымдарга караганда көбүрөөк ийгиликке жетишет дегенге кошула албайм. Эркектер менен тең тайлашып эле иштеп жатабыз.

Ал эми Кыргызстан Аялдар Конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышеванын айтымында, бизнесте аял-эркек деп бөлүү туура эмес.

-Рынок шартында кимдин колунан эмне келсе ошол ишти жасайт экен. Андыктан бизнесте эркек-аял деп бөлүү туура эмес. Ишкерчиликте эң башкысы жөндөм, финансылык мүмкүнчүлүктөр менен интеллектуалдык дараметиң болсо болду. Анан да жалкоолонбой жакшы иштесең, анда бизнесте ийгиликке жетүү мүмкүн.

Дүйнөдө акыркы жылдары ишкер айымдардын саны көбөйүүдө. Эл аралык Global Monitor кеңеш берүү компаниясы жүргүзгөн изилдөө ушундай жыйынтык берген. Уюмдун маалыматы боюнча, өзгөчө өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде ишкерчилик кылууну каалаган аялзатынын саны өсүүдө.

Изилдөөнүн авторлору мындай көрүнүштү айымдардын өз алдынчылыкка умтулуусунун жогорулашы менен түшүндүрүшөт. Баяндамада маалымдалгандай, эгерде мурда аталган мамлекеттерде бизнес кылууну каалаган айымдар 40-50 пайызды түзгөн болсо, эми бул көрсөткүч 70 пайызга жетти.

Кыргызстанда болсо бизнес чөйрөсүндөгү айымдардын санын же алардын бизнестеги ордун изилдөө аракети болгон эмес. Былтыр гана ишкер айымдардын башын бириктирип, алардагы көйгөйлөрдү чечүүдө көмөк көрсөтүү максатында Ишкер айымдар ассоциациясы түзүлгөн.

Аталган уюмдун координатору Александра Мельникованын ырасташынча, Кыргызстанда ишкерчилик кылууну каалаган айымдардын саны көбөйгөнү байкалат:

-Аялдар эркектерге караганда ийкемдүү, ар кандай кыйынчылыктарга психологиялык жактан туруктуу келишет эмеспи. Андыктан бизнесте айымдар эркектерден кем калышпайт. Анан да биздин коомдо айымдар барган сайын активдүү боло баштады. Бул бизнес чөйрөсүндө да байкалууда.

Александра айымдын айтымында, коомдо активдүү, лидер айымдардын көп болгону жакшы көрүнүш. Андыктан, аларга ар тараптан көмөк көрсөтө турган уюмдардын көбүрөөк болушу зарыл.







XS
SM
MD
LG