Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15

Жерүй кенин иштетүү боюнча компаниялар арасында ачык сынак өткөрүүнү өкмөт марттын акырына же апрелдин башына болжоп жатат.

Ачык конкурска коюлуп жаткан Таластагы Жерүй кенинде мамлекеттин үлүшү болбойт. Бул тууралуу Жерүй кенин казуунун шарттарын талкуулаган мекемелер аралык комиссиянын жыйынында айтылды.

Бирок тоо-кенчилер өкмөттүн бул кадамын сындап, мамлекет аталган кенде кандайдыр бир үлүшкө ээлик кылышы керектигин айтышууда.

Кыргызстандагы ири кендердин бирин өкмөт иштетүүгө бел байлаганы менен аны казуу боюнча эксперттер жана жергиликтүү эл менен тил табыша албай жатат.

100 миллион доллар берген иштетет

Сынактан уткан ишкана мамлекетке 100 млн доллар төгүп, кенди иштетүүгө уруксат алмакчы. Экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары Адылбек Касымалиев мамлекеттин Жерүйдө үлүшү болбойт, кенден түшкөн салыктарды алып турат деп, буга чейинки өкмөттүн позициясын бекемдеди. Бирок кенди иштетүүдөн салык иретинде түшө турган киреше тоо-кенчилер менен жергиликтүү элди анчейин ынандыра албай жаткандай.

Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев бул 5 млрд. доллар турган алтын кенин 100 млн долларга кармата бергенге барабар дейт.

- Бул туура эмес. Сөзсүз үлүш болуп, мамлекет да, эл да башкарууга катышыш керек. Кен ошонун негизинде иштеш керек. Кандай гана болбосун инвестициялык келишим зарыл.

Ал эми “Жер байлыгы - эл бийлиги” коомдук уюмунун төрагасы Бакыт Сейталиев Жерүй кени болгону 100 млн долларга бааланып жатса, ал каражатты Кыргызстан өзү деле таап, иштете аларына ишенет.

- Кыргызстандын бир да пайыз үлүшү болбосо, келишим түзүлбөсө, анда алар Кумтөрдөй болуп, кен казуунун чыгымын көтөрөт да, кирешени болсо көрсөтпөй койот. Ошондо биз айтылган салыктарды да ала албай калабыз. Ошон үчүн эмнеге инвесторлорго берип жатабыз, өзүбүз эле казбайлыбы? Пайданын баары өзүбүздө калат.

Келишимдин төрт варианты

Талас районунун акими Байрак Сейдибалиев да жергиликтүү эл кенди иштетүүдөн мамлекет, анын ичинде облус жана район канча пайда көрөрүн айтууну талап кылып жатышканын билдирди.

Бирок Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Ишембай Чунуев азыртадан кабатыр болууга негиз жок экенин, анткени кенди казуунун төрт варианты каралып жатканын айтты:

- Төрт вариантты эксперттер, адистер түзүп жатышат. 100 пайыз инвесторго берсек кандай болот, алтынды бөлсөк кандай болот өңдүү башка варианттар бар. Биз сынакты өткөрүүнүн шарттарын иштеп чыкканча, алар да келишимдердин түрлөрүн бизге берет. Сынакка бир да инвестор келбей калышы мүмкүн. Анда өзүбүз иштеткенге аракет кылабыз. Аны биз - ушул комиссия чечет.

Өкмөттүн буйругу менен ушул жылдын 12-январында Жерүй кени боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Анын курамында министрликтердин жана жергиликтүү элдин өкүлдөрү, тоо-кенчилер жана депутаттар бар. Аталган комиссия Жерүй боюнча сынактын шарттарын жана компанияларга коюлуучу талаптарды иштеп чыгууда.

Маселен, комиссия сынакка 5 жылдан кем эмес кен казуу тажрыйбасы бар гана компаниялар катыша алат деген чечимге келишти. Ошондой эле эгер сынакта уткан ишкана кен казууга бардык уруксаттарды алгандан кийин үч ай аралыгында эч себепсиз комбинатты курууну создуктурса, ага ай сайын 200 миң доллар айып пул салынмакчы.

Мындан тышкары уткан компания эки жыл аралыгында даярдыгын бүтүрүп, кен казууну баштабаса, ай сайын 5 млн доллардан айып пул төлөөгө милдеттенет. Бирок мамлекеттик комиссиянын айрым мүчөлөрү шарттарды катаалдантууга каршы. Алар катаал талаптар инвесторлорду качырат деп эсептешет.

Таластагы Жерүй Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени саналат. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Кендин айланасындагы айыл жашоочулары Кумтөр кенинин маселеси чечилмейин, Жерүйдү иштетүүгө каршыбыз деп келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG