Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:51

Кыргызстан ”Ак-Кеме” отели боюнча түркиялык Sistem Muhendislik компаниясынын 11 миллион доллар доосун төлөп берүүгө аргасыз болду.

Анткени Париждеги инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор түрк компаниясынын доосун канааттандыруу боюнча эл аралык соттун чечимин аткаруу үчүн Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларын камаган. Өкмөттүн мындай кадамы прецеденттик укукка из салды деген негизде сынга кабылып, эми Кыргызстан эл аралык соттор милдеттендирген бир жарым миллиард долларлык доону төлөөгө мажбур экенин белгилешүүдө.

Доого жыгылган турбайбы...

Каржы министрлиги алты миллионду дивиденддин эсебинен, беш миллион долларды мамлекеттик казынадан доо койгон түрк компаниясына төлөп берди. Бул тууралуу өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин колу менен буйрук чыкканы парламентке белгилүү болду. Жогорку Кеңеш бюджет тартыш мезгилде мындай кадамга жол бергени үчүн өкмөт башчысын палатага чакырууну талап кылууда. Ошентип кыргыз өкмөтү Париждеги инвестициялык талаштарды жөнгө салуу борборунун талабын аткарды. Муну менен өкмөт түркиялык Sistem Muhendislik компаниясы 2005-жылы “Ак-Кеме” отелине болгон менчик укугунан мыйзамсыз ажыратылганын моюнга алды. Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев 2005-жылы “Ак-Кемени” иштеткен түрк ишкерлерине козголгон кылмыш ишин кыргыз тарап эл аралык сотко жеткире албаганына токтолду:

Байтемир Ибраев.

Байтемир Ибраев.

- 2005-жылы кылмыш иши жаңыдан козголуп баштаганда эле мына ошол отелди иштетип жаткан түрк ишкерлери качып кеткен. Мендеги маалыматтар боюнча мына түрк жарандары дагы деле эл аралык издөөдө экен. Анан тергөөдөн качып жүргөн ошол эле адамдар, ошол эле компания бизди эл аралык сотко бере коюп, утуп алып жатпайбы... Биздин мамлекеттин эл аралык соттон утулуп калган себеби да бир кызык. Ошого чейин жетиштүү далилдерди таап анан сотко барууга тийиш эле да. Менимче тиешелүү көзүр далилдер көп болчу. Бул боюнча биздин соттор карап, чечим чыгарган кылмыш ишинин материалдары эле бир топ болчу. Анан эми акцияларды камап салгандан кийин бул өкмөттүн аргасыз кадамы болуп калды окшойт...

Долуланган дооматтын таржымалы

Эске сала кетчү жагдай, 90-жылдардын башында Түркия Кыргызстанга 49 миллион доллар насыя берген. Анын сегиз миллиондон ашууну “Ак-Кеме-Пинараны” курууга жумшалган. Аны “Ак-Кеме” жана түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясы ишке ашырган. Кийин эки тараптын ортосунда келишпестик чыгып, жыйынтыгында мейманкана кыргыз тарапка өткөн. Анан “Ак-Кеме” алган насыяны төлөй албай, банкрот абалына кептелген. Бул учурда түрк тарап анын карызын өзүнө алып, мейманкананы иштете баштаган. 2005-жылкы ыңкылаптан соң соттун чечими менен отель кыргыз тарапка берилген. Бирок түрк компаниясы муну мыйзамсыз басып алуу катары баалаган болчу. Ал 2009-жылы эл аралык сотко берип, утуп чыккан. Чыгымды төлөтүп алуу үчүн түрк тарап 2012-жылы кыргыз өкмөтүнө доо коюп, Париждеги инвестициялык талаштарды жөнгө салуу борборуна кайрылган. Анын чечими менен Кыргызстандын “Центеррадагы” акциялары камалган. Андан соң “Ак-Кеме” түрк компаниясын кайра сотко берген. Бул иште кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргогон укук коргоочу Токтайым Үмөталиева өкмөт бул доону төлөөгө шашканын жаңылыштык катары мүнөздөдү:

Токтайым Үмөталиева.

Токтайым Үмөталиева.

- Акциялар камакта тургандыктан биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди беките албай жатабыз деген бул жөн эле болбогон сөз. Чындыгында Оторбаев ал түрк ишкерлери менен илгертен бери тааныш болуп, алардын кызыкчылыгын мурдатан бери эле коргоп келген. Ошон үчүн учурда биз берегн доо арыздын негизинде эл аралык сотто иш каралып, анын аягына чекит коюла электе эле Оторбаев шашылыш чечим чыгарып жатат. Эмнеге ал соттошконго, өкмөттүн кызыкчылыгын коргоого кызыкдар эмес? Бизде козголгон кылмыш иши боюнча ал түрк ишкерлери мамлекеттин казынасына салык төлөбөй олчойгон сумма зыян келтирген. Ошол боюнча ишти карабастан эле өкмөт минтип өтө коркунучтуу прецедентти жаратып жатат. Эми мунун артынан башка чет өлкөлүк компаниялар бизден доосун доллай баштайт. Өкмөт 11 миллион долларды го төлөп бериптир. Бирок калган доочулардын 1,5 миллиард долларын кантип төлөп берет эми?

Башка доочулардын үмүтүн жандырган “узун жол”

Мындан сырткары Жерүй алтын кени жана Куттуу-Сай сейрек кездешүүчү металлдар кени сыяктуу жер казынасын иштетүү укугунан ажыраган чет элдик компаниялар жалпы суммасы бир жарым миллиард долларга жакын Кыргызстанга доо койгон. Адистер түрк компаниясынын доосун төлөп берүү менен кыргыз өкмөтү калган доочуларга жол ачты деп сынга алышууда. Бул жагдайга өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев расмий түшүндүрмө бере элек. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мелис Айдаркулов эл аралык соттордо иш каралып бүткөнгө чейин эле доону төлөө чечими боюнча комментарий бере албастыгын айтты:

- Бул маселенин чоо-жайын жана анын себептерин атайын адистерден сураш керек. Бул боюнча бизде азыр расмий маалымат жок. Бул маселе эми мурдатан бери эле келаткан да. Ошондой чечим чыгары мурдатан эле белгилүү болуп калбады беле. Мурдатан эле ушул жагына ооп калган.

Буга чейин “Центеррадагы” акциялар камалып турган шартта канадалык тарап менен “Кумтөр” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча келишимди бекитүү кечеңдей берери айтылып жүргөн. Мындай шарттардан улам талдоочулар өкмөт эл аралык сот милдеттендирген аталган доону четке кагуу чечиминен чегинип жатканын белгилеген жайы бар. Бирок калган чет элдик доочулар дагы мына ушул укуктук жолдун изи менен Кыргызстандан акча өндүрүүнү талап кыла баштаса, анда мамлекет туңгуюк абалга кептелбейби деген суроо коомчулукту түпөйүл кылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG