Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

Отун-энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик агенттик бөлүштүргүч компанияларга “Электр станциялар” акционердик коому тарабынан сатыла турган электр энергиясына тарифтерди аныктады.

Республикадагы төрт бөлүштүргүч компанияга бериле турган электр энергиясынын баасы 35 тыйындан 42 тыйынга чейин бааланган. Ал эми ортомчу компанияларга карата тариф саясаты жарыялана элек. Кыргызстанда төрт бөлүштүргүч компания бар. Алар: “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалалабадэлектр”. Бул компаниялардын ар бирине бири-биринен айырмаланган тарифтер коюлган.

Маселен, “Түндүкэлектрге” “Электр станциялар” акционердик коому 42 тыйындан, “Чыгышэлектрге” 38.41 тыйын, “Ошэлектрге” 40 тыйын, “Жалалабадэлектрге” 36.29 тыйындан электр энергиясын сатууга тийиш.

Бул бөлүштүргүч компаниялар алган электр энергиясын өз кезегинде 700 киловатт саатка чейин пайдаланган керектөөчүлөргө 70 тыйындан, андан ашкандарга 2 сом. 5 тыйындан сатышат. Мындай тариф өкмөт алдындагы агенттик тарабынан бекитилген.

Мамлекеттик агенттик “Электр станциялар” акционердик коому иштеп чыккан электр энергиянын өздүк наркы 33 тыйын деп аныктаган. Ал эми “Электр тармактар” акционердик коому электр энергиясын жеткирген кызматы үчүн 1 киловатт саатына 15.55 тыйындан акы алат.

Отун-энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик агенттик “Электр станциялар” акционердик коому иштеп чыккан электр энергиясынын өздүк наркын 33 тыйын деп белгилегени менен станциянын чыгашалары андан ашары маалым.

Ошондуктан “Электр станциялар” жана өкмөт Токтогул ГЭСин реабилитациялоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 250 млн. доллар өлчөмүндө насыя алууда.

Энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов тариф саясаты чыныгы чыгашаларды эске алып эмес, жогору жактан аныкталгандан улам туура эмес жүргүзүлүүдө дейт:

- Биз баарыбыз мурдатан келаткан төмөн тарифке көнүп алганбыз. Ошон үчүн тариф жогору деп келатабыз. Эгерде муну так жасай турган болсо, тарифке кире турган чыгашаларды эсептеп чыгыш керек. Мисалы үчүн зым эскирип, аны алмаштырса тарифке кирет. Эскирген жабдууларды 10-15 жылдын ичинде жаңыртабыз десе, ал кирет. Адистерди, инженерлерди жоготуп жатабыз. Аларды кетирбей иштетиш үчүн айлыгын туура коюш керек. Ошолордун баарын кошкондо тариф келип чыгат.

Оморовдун айтымында, мына ушул чыгашалар эсептелип чыккандан кийинки тариф элге оор болсо, анда өкмөт субсидия берүү жагын чечиш керек.

Энергетика боюнча дагы бир адис Расул Үмбөталиев “Улуттук электр станциялар” үчүн коюлган тарифтер төмөн, ошондуктан бул ишкана учурда 15 млрд. сомдон ашуун карызга батып отурат дейт.

Үмбөталиевдин маалыматы боюнча, ортомчу компаниялар “Улуттук электр станцияларды”чыгашага учуратууда. Анткени алар бөлүштүргүч компаниялардан эмес, “Электр станциялардан” түздөн-түз арзан алууда дейт Үмбөталиев:

Расул Үмбөталиев

Расул Үмбөталиев

- Булар “Электр станциялар” акционердик коомунан алат. Аларга “Электр тармактар” мамлекеттик компаниясы түздөн-түз ташып берет. Бул туура эмес. Себеби менчик ортомчу компаниялар бөлүштүргүч компаниялардан сатып алыш керек эле. Андай болбой жатат. Ошонун негизинде ал жерде чоң мыйзам бузуулар болуп атат. Тариф саясаты дагы бузулуп атат. Анткени бөлүштүргүч компанияларга 40 тыйындан берип жатса, менчик ортомчу компанияларга 27-28 тыйындан берип жатат. Бул өтө туура эмес саясат.

Расул Үмбөталиев ортомчу компаниялар “Улуттук электр станциялар” акционердик коому иштеп чыккан электр энергиянын 10% жакынын арзан баада сатып алып жатканын кошумчалады. Ал ортомчу компаниялардын катарында президент Алмазбек Атамбаевдин уулу жетектеген “Автомашэнерго” компаниясы да бар экени маалым.

Белгилеп кете турган нерсе, отун-энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нурбек Элебаев ортомчу компанияларга карата колдонулуп жаткан тариф каралып жатканын айтып, толук маалымат берүүдөн баш тарткан.

Жогорку Кеңештеги отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев 17 ортомчу компаниянын айрымдары мамлекеттин эсебинен “кирешеге тунуп” жатат дейт:

- Өздөрү бир тыйын салбай эле ортомчу компания ачып алып, ортодон тыйын жеп атат. Алар электр зымдарын тартууга, башка нерселерге акча жумшаган жери жок. Ошол 17 компаниянын ичинде дурусу, салымын кошкону да бар. Бирок эч нерсе кылбай отургандары да бар.

Кожобек Рыспаевдин айтымында, алар ортомчу компанияларга тарифти баары менен теңдөөнү сунушташкан.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG