Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Кыргызстанда электр тогун саткан ортомчу компанияларды ишин текшерүү тапшырмасы берилди. Айрымдар аларды биротоло жаап салуу демилгесин көтөрүүдө.

Бирок Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен мамлекеттик энергокомпаниялар бул компанияларды жоюп жиберүүгө болбойт деп эсептешет.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда электр тогун саткан 21 ортомчу жеке компания бар. Алар электр энергиясын дүңүнөн сатып алып, айрым жерлерде элге жана ири завод-ишканаларга кайра сатуу жана бөлүштүрүү менен алектенет.

Ортомчу компаниялардын көбү Энергетика министрлигине мурда-кийин тиешеси бар аткаминерлерге, алардын жакындарына таандык экендигин “Түндүк электр” ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев да белгиледи.

- Ортомчу компанияларды чоңдор өздөрү түзүп алышкан. Бул паракорчулуктун, тоноонун бир түрү болуп жатат.

Сапар Аргынбаев

Сапар Аргынбаев

Сапар Аргынбаев ортомчу компаниялардын саны расмий айтылгандан алда канча көп деп эсептейт. Адистердин айтымында, ортомчу компаниялар 2000-жылдардан кийин түзүлө баштап, 2005-жылдан соң алардын саны арбыган.

Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы, энергетика маселелери боюнча талдоочу Орозбек Дүйшеев:

- Ортомчу компанияларды бир убактарда Бакиевдер, анын балдары түзүп, кийин электр тармагын өздөрүнө алып алмак болушкан. Булардын эч кандай кереги жок.

Бюджетти кымырган ортомчулар

14-майда өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Энергетика жана өнөр жай министрлигине электр тогун саткан ортомчу компаниялардын лицензияларын алуу жагын тапшырган эле. Мындан сырткары, УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызматка тууганчылык байланыштарына карабай ортомчу компанияларды текшерип, мыйзам бузуулар болсо, аларга кылмыш ишин ачуу жагын милдеттендирди. Өкмөт башчынын белгилешинче, “Чыгыш электр” ААКда жүргүзүлгөн текшерүүдө ортомчулардын айынан компания бир жылда 66 млн. сом чыгым тартканы аныкталган:

- Ортомчу компаниялар түздөн-түз “Улуттук электр тармактары” жана “Электр станциялар” ишканаларынан бир жылда 284 млн. кВ саат ток сатып алышкан. Алар эч кандай зым чубалгыларына, оңдоолорго каражат жумшашпайт. Алар 68 тыйындан сатып алып, 1,5 сомдон сатат. Ушунун айынан бюджетке бир жылда 100 млн. сомдон 200 млн. сомго чейин зыян келип жатат.

Андыктан электр тогу менен бардык кардарларды мамлекеттин ээлигиндеги ишканалар өздөрү камсыздаш керек деген маселе көтөрүлүүдө. Сапар Аргынбаев бул кадамга бар албай жатканы үчүн мамлекеттик жетекчилерди сынга алды.

- Электр энергиясын чыгарган негизги ишканалар өкмөттүкү болгондон кийин ортомчу компаниялардын ишин да өкмөт жасашы керек. Бүгүнкү күндө реформа жасайбыз деп коюп, бирок булар мурдагы эле акча жасаган схемалар менен кетип жатышат. Ошондой элементтерди калтырабыз деп жатышат.

Орозбек Дүйшеев да ортомчу компаниялар аткарып жаткан ишти бир топ жыл мурда боло келгендей, мамлекеттин ээлигинде ишканалар жасашы керек деп эсептейт.

- Ортомчу компаниялар 68 тыйындан алып, кайра бир жарым сомдон сатат. Ортодогу акча булардын чөнтөгүнө түшөт, бул - коррупциянын жолу. Мунун эч кандай кереги жок. Ар бир айылда, райондо мамлекеттик электр ишканалардын жетекчилери, бөлүмдөрү бар. Ошолор эле электр энергияны элге жеткирип, эсебин алышмак.

Тыйындан куралган миллиондор

Жогоруда белгиленгендей, ортомчулар бөлүштүрүүчү компаниялардан электр энергиясын 68 тыйындан сатып алып, аны ишканаларга 1,50 тыйындан сатат. Ал эми элге болсо 70 тыйындан сатып, бирок өздөрү аны дүңүнөн кыйла арзан баада алары айтылууда. Бирок Энергетика жана өнөр жай министрлигинин электр тогун бөлүштүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Маратбек Чолпонкулов ортомчу компаниялардын саткан токтун баасын минтип эсептегени туура эмес деген ойдо.

- Ар бир ортомчу компаниянын өзүнүн тарифи болот. Эгер анын 1,5 сомдон сата турган абоненти болсо, анда ага 130 тыйындан берилиши мүмкүн. Эгер компания эл менен иштеген болсо, анын чыгымдары да көп болот жана элге 70 тыйындан ашык сата албайт. Ошондуктан ал жалпы чыгымдарын эсептегенде 63 тыйындан алат. Ортодо болгону 7 тыйын калат. Анын жоготуулары да болушу мүмкүн. Эгер жоготуулары көп болсо, анда ортомчу компания банкрот болот.

Мамлекеттик ири энерго компаниялар да ортомчулардын баарын эле жоюп жиберүү мүмкүн эместигин белгилешүүдө. Маселен, “Электр станциялары” ААКнын башкы деректири Аман Тентиевдин билдиришинче, алардын ар бирин өз-өзүнчө карап чыгуу зарыл.

- Кээ бир ортомчу компаниялар электр чордондорун (подстанция) куруп беришкен. Булардын ар бирин өз-өзүнчө караш керек. Себеби айрымдары инвестиция салган.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин бөлүм башчысы Маратбек Чолпонкулов да инвестиция салып, электр чордондорун орнотуп, элди ток менен камсыз кылып жаткан ортомчу компанияларды мисал тартты.

- Мисалы, “Электросила” деген ортомчу компания бар. Ал Дордой тарапка жаңы чоң электр чордонун (подстанция) салган. Анын жанындагы Ак-Жар жаңы конушу да ошол жерден ток алып жатат. Болбосо, “Түндүк электр” ишканасы өзү аны кура албайт болчу. Чүй облусу да, Бишкек мэриясы да ошону курганга акча таба алган эмес. Бир кезде тургундар жолдорду бууп, маселе катуу коюлган. Ошол кезде “Электросила” ортомчу компаниянын электр чордону куру эле иштеп жаткан болчу. “Түндүк электронун” электр чордонуна болсо ал кезде катуу күч келип турган.

Уламышка айланган Ширшов

Кыргызстан улуттук электр тармактары ишканасы да ушундай эле пикирди карманууда. Алардын белгилешинче, ортомчу компаниялар болбогондо дебитордук карыздын көлөмү жогорулап, жоготуулар да көп болмок. Ал эми Маратбек Чолпонкулов ошол эле кезде жеңил акчага туйтунуп жаткан ортомчу компаниялар да бар экендигин, алардын кызматынан баш тартууга болорун билдирди.

- Жаба турган да ортомчу компаниялар бар. Алар эч кыйналбай эле шаардын ичиненби, же Ысык-Көлдө пансионаттын жанынанбы, линияны ижарага алып, ток сатат. Эч кандай жоготуусу жок, 5-6 тыйындан пайда көрүп, сата берет.
Ортодогу акча булардын чөнтөгүнө түшөт, бул - коррупциянын жолу. Мунун эч кандай кереги жок.

“Түндүк электр” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Сапар Аргынбаев ортомчу компаниялардын кызматынан баш тарпаганы үчүн Энергетика министрлигин, мамлекеттик ири энерго компанияларды сынга алууда. Ал мурдагыдай эле азыр да бул тармакта коррупция гүлдөп жатканын, ага мамлекеттик жетекчилер да кызыкдар деп эсептейт:

- Бул жерде көп суроолор бар, өтө көп суроолор бар. Мен расмий айтып коёюн, мурдагыдай эле Ширшовдун командасы иштеп жатат. Болгондо да жаңы идеялар, жаңы кадрлар менен иштеп жатат. Бүгүнкү күндө Энергетика министрлигинде беш жетекчи бар. Өзү Энергетика министрлиги деп аталат. Бирок алардын бирөө гана - Автандил Калмамбетов билими боюнча энергетик, калганынын баары энергетик эмес. Ошол энергетик эместер, жанына жакшы сүйлөгөн, акчасы бар Ширшовдун кадрларын кеңешчи кылып алышкан. Ошолордун кеңеши менен ушундай иштер болуп жатат. Бирок мен бул иштерде Энергетика министрлигинин өз кызыкчылыктары бар деп ачык айта алам.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG