Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Дүйнөлүк банк кыргыз өкмөтүнө электр энергиясына бааны көтөрүүнү сунуш кылууда. Энергетика жана өнөр жай министрлиги быйыл баа көтөрүлбөйт дегени менен эскилиги жеткен жабдыктарды оңдоп-түзөөнүн жалгыз жолу тарифти жогорулатуу экенин танбайт.

Бирок айрым адистер бааны көтөрбөстөн жоготууларды жоюу менен энергетикалык кризистен чыгууга мүмкүн дешет. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда электр кубатынын баасы эки эсеге көтөрүлүшү элдик нааразылыкка туш болгон эле.

Дүйнөлүк банк тарифти көтөрүүнү сунуштайт

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы электр энергиясынын баасы өздүк наркына салыштырмалуу кыйла төмөн деп эсептейт. Андыктан уюм өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу соңку баяндамасында тарифтерди көтөрүү зарыл экенин белгиледи. Мындай сунушту дүйнөлүк уюм Кыргызстандын энергетика тармагын каржылоого муктаждыгы менен негиздеди.

Кыргыз өкмөтү бааны бир заматта көтөрөм дебегени менен, тарифтерди жогорулатуу зарылдыгын кыйытып келатат. Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Автандил Калмамбетов баанын көтөрүлүшү эскилиги жеткен электр жабдыктарды жакшыртуунун бирден бир жолу экенин буга чейин “Азаттыкка” билдирген:

- Биздин позициябыз мындай: бааны көтөрүү керек. Бааны көтөргөндө эл төлөй алгыдай болушу керек. Эгерде көтөрүп коюп эле карап турсак, бул терс таасирин тийгизет, дебитордук карыз көбөйүп тура берет, акча чогулбай, жабдыктарды жаңыртуу боюнча аракет токтоп калат. Ошондуктан эки жагын тең ойлоп, элдин төлөө мүмкүнчүлүгүн караш керек.

Токтогул суу электр станциясы

Токтогул суу электр станциясы

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда электр энергиясына баалар эки эсе көтөрүлүп, 2010-жылдын январынан тарта энергиянын бир киловатт/сааты 1 сом 50 тыйынга чейин чыккан. Бул кадам апрель ыңкылабынын келип чыгышына бирден-бир себеп болгон. 7-апрелден кийин энергетикага тарифтерди мурдагы калыбына келтирген жаңы бийлик азыр бул маселеге кылдат мамиле жасап турушунун себеби да ушунда.

Азыр Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк наркы боюнча так маалымат жок. Министрлик өздүк наркты 1 сомдон жогору деп белгилеп келет. Азыр калк бир киловатт/саат электр энергиясын 70 тыйындан сатып алат. Натыйжада элге сатылгандан калган айырма экспорттун эсебинен жабылган учурлар болот, деп билдирет Энергетика министрлиги.

Малайзиянын мамлекеттик ишканасында суу-энергетика багытында эксперт болуп иштеп жаткан кыргызстандык эксперт Жаныбек Оморов тарифтердин көтөрүлүшү башкарууну жакшыртып, жоготууларды азайтканда гана толук натыйжа берет деген ойдо:

- Биздикиндей төмөн баа эч кимдикинде жок. Мисалы, Малайзияда электрдин бир киловатты 11 цент. Биздики долларга которгондо 1,5 цент болуп саналат. Эгерде баалар көтөрүлүп, түшкөн акча туура пайдаланылса, биз көп нерсени оңдомокпуз. Электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылганга шарт түзүлмөк. Бирок бааны көтөрүп, бирок жоготууларды токтотпосок бул чала иш болуп калат. Башкарууну жакшыртуу керек.

Баа көтөрүү менен багы ачылабы?

Быйыл кыш катуу болуп, иштен чыккан электр жабдыктарын оңдоп-түзөө үчүн тарифтерди жогорулатууну сунуш кылгандар көп болду. Дүйнөлүк банк мындай пикирлерди колдоо менен, элдин аярлуу катмарына көмөк көрсөтүү зарылдыгын баяндамасында белгилеген. Ошондой эле жоготууларды азайтуу, төлөмдөрдү убагында чогултууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештин отун-энергетика багытындагы комитетинин мурдагы жетекчиси, депутат Азамат Арапбаев тарифти дароо көтөрбөстөн, алгач элди кабардар кылуу зарыл деп эсептейт:

- Электр энергия тармагы жалпысынан элдик тармак болуп саналат. Элдикин сактап калуу үчүн ушундай кадамга баруу керек. Калк менен иштеп, ушуну түшүндүрүү керек. Өкмөт жөн эле “мен бааны көтөргүм келип жатат” деп гана көтөрүп койбошу керек.

Ошентсе да бааларды көтөрүү менен гана энергетикалык кризистен чыгабыз деген пикирлерге айрым адистер кошула бербейт. Ардагер-энергетик Жамалбек Түлебердиевдин айтымында, Кыргызстанда тарифтерди көтөрүүгө эң оболу так экономикалык негиздеме жок:

- Кыргызстанда электр энергиянын 95 пайызын ГЭСтер чыгарат. Чыккан баа 6-7 тыйындан ашпайт. Ошондуктан бааны көтөрүүнүн кажети жок. Болгону электрди туура бөлүштүрүп, жакшы башкаруу керек.

Карапайым тургундардын басымдуу бөлүгү электрге баанын көтөрбөө керек дешет. Бишкектин айрым тургундары “Азаттык” менен ой бөлүштү:

Турат: Биз электр энергиясына бай мамлекетпиз. Баанын көтөрүүгө каршымын. Өкмөттүн чечими менен эмес, элдин пикирин эске алып, ички мүмкүнчүлүгүбүзгө карап туруп көтөрүү керек.
Бааны көтөрүп, бирок жоготууларды токтотпосок бул чала иш болуп калат. Башкарууну жакшыртуу керек.

Светлана: Азыр калк электр энергиясы үчүн дайыма акча төлөгөнү менен карыздар көп дешет. Төлөнгөн акчалар кайда кетет? Алгач акчалар кайда кеткенин таап, анан кийин гана бааны көтөрүү керекпи же жокпу дегенди ойлонуу керек.

Эрлан: Көтөрүлө турган болсо, айылда жашаган элге кыйын эле болот. Мамлекет алардын баарын карап туруп, чечиши керек деп ойлойм.

Буга чейин кыргыз өкмөтү бааны көтөрүү боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алуу зарылчылыгы келип чыкса, андай демилгелер коомчулукка ачык айтылат деп убада берген. Карапайым калк үчүн баа көтөрүлбөгөнү менен өкмөт жыл башынан тарта кирешеси чоң ири ишканалар, сауна жана казинолорго электр кубаты үчүн тариф жогорулатуу керек деген демилгени көтөрүп келатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG