Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:31

Стратегиялык өнөктөштөр соодалашууда


Орусия Кыргызстанда ири энергетикалык долбоорлорду куруу маселесинин башы ачылбай жатат.

Орусия Кыргызстанда ири энергетикалык долбоорлорду куруу маселесинин башы ачылбай жатат.

Кыргызстандын тышкы саясаты активдүү мезгилди башынан кечирүүдө. Бир жагынан АКШ менен Транзиттик борбордун келечеги чечилип жатса, экинчи жактан Москва менен энергетикалык долбоорлордун тагдыры талкууланууда.

Ошондой эле Түркиянын делегациялары биринин артынан бири келип, кызматташуунун жаңы кыртыштары аныкталууда.

Чоң мамлекеттерден сырткары Кыргызстандын тышкы саясаты президент Алмазбек Атамбаевдин Азербайжанга расмий сапары жана Монголия президенти Элбегдорж Цахиагийндин Кыргызстанга сапары менен коштолду.

Алмазбек Атамбаевдин Бакуга сапарынан кийин Азербайжандан Кыргызстанга чийки мунайзатын ташуу чечилип, аны иштетүүчү завод курулса, анда бул сапардын стратегиялык мааниси өтө артат. Анткени ал, президент Атамбаев белгиленгендей, чыныгы көз карандысыздыкка жол салат.

Кыргызстан-Азербайжан долбоорунун артында Түркия, АКШ турушу толук ыктымал.

Түркиядан Кыргызстандын стратегиялык тармактарына инвестиция салына элек. Ал тармактарга кирүү артыкчылыгына азырынча Орусия эгедер. Бирок Москванын ушул кезге чейин убакытты созуп, инвестиция салбай жатканы Бишкекти башка өлкөлөргө, алардын ичинде биринчи кезекте Түркия, Кытайга кайрылууга мажбурлоодо.

Кыргыз-түрк жолугушуулары болсо активдешти. Маселен, марттын соңунда кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму болсо, андан узабай Түркиянын өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Кемал Маденоглу баштаган делегация Бишкекке келди.

4-апрелде Түркиянын вице-премьер-министри Бекир Боздаг баштаган делегация келип, кыргыз-түрк өкмөт аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бирок Түркия Кыргызстандын ири энергетикалык долбоорлоруна инвестиция салууга кызыкдарлыгын ачык байката элек. Маселен, Иран Тажикстандын гидроэнергетикалык долбоолоруна инвестиция салгандай.

Мүмкүн Бишкек Москванын башын аттап, бул тармакты башка өлкөлөргө сунуштоого батынбай келатат.

Бирок Орусиянын энергетика министри Сергей Шматконун сапарынан кийин өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 10-апрелден кийин Кыргызстан инвестор тандоого мүмкүнчүлүк алаарын билдирген эле:

- Камбар-Ата-1, жогорку Нарында ГЭСтердин каскадын куруу боюнча мурунку келишимдердин негизинде 10-апрелге чейин деталдуу планды жазып келгиле дедик. Биз ошол планды сүйлөшүп, качан долбоор болот, качан техникалык-экономикалык негиздеме болот, качан курулуш башталарын деталдуу түрдө 10-апрелге чейин аныктап, мурунку келишимдерге кол коёбуз деген сүйлөшүү болду. Сүйлөшүүлөрдүн эң негизги натыйжасы - орус тарап деталдуу планды, ага байланыштуу иш-чараларды өз убагында аткарбаса, анда биз бир тараптуу келишимди жокко чыгарганга мүмкүнчүлүк алдык.

Бирок өкмөт башчынын сөзү иш менен бекемделбей калат шекилди. Анткени вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстан менен Орусия аткара турган долбоорлор шайланган президент Владимир Путин жаңы өкмөттү курагандан кийин сүйлөшүлөт деп 4-апрелде билдирген. Мындай шартта ал май айына өтүп кетет.

Ал эми тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 5-апрелде Сергей Лавров менен жолугушуудан кийин кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү 15-апрелден кийин болот дейт. Казакбаевдин айтымында, мына ошондон кийин орус тараптын Камбарт-Ата-1геби, Нарындын жогору жагындагы ГЭСтерди куруугабы же мунайгаз тармагынабы, мына ушул долбоолордун кайсы бирине инвестиция салуусу аныкталмакчы.

Саясат таануучу Марс Сариев кыргыз-орус тарап азыркы кезде активдүү соодалашып жатат дейт:

- Менин оюмча, бул саясат. Анан соодалашмай. Ошон үчүн бир нерсени так айтыш кыйын. Кыргызстан өзүнүн позициясын бекем кармап алды. Бул жерде көп факторлор бар. Анын ичинде геосаясат жана башкалар. Соодалашуу жүрүп жатат. Менимче энергетикалык долбоорлордо Кыргызстан 50 пайыздан кем эмес алат го. Себеби биз бул ишке катуу кириштик. Кыргызстандын кызыкчылыгын катуу коргомой болдук. Ошон үчүн орустар бизге мурункудай кысым кыла албайт. Мына ошентип соодалашып, тиги жакка, бул жакка тарткылап жатышат. Бул жараянды байкап туруш керек. Бир нерсени ачык айтыш кыйын.

Орусия Кыргызстандагы энергетикалык долбоолордон 75% үлүштү алаарын ачык айта элек. Бирок ал орус маалымат каражаттарында жазылууда. Аны эч ким төгүндөгөн жок. Кыргыз тарап дагы. Ал эмес кыргыз тарап ар дайым, мурунку келишимдер аткарылып, энергетикалык долбоорлордо 50% Кыргызстанга калыш керектигин белгилеп келатат. Демек орус тараптын энергетикалык долбоорлордо үлүшүн көбөйтүү аракети реалдуу.

Ошентип Кыргызстан менен Орусия “стратегиялык өнөктөштөр” деп бири-бирин далыга таптаган менен татаалчылыктар да арбын.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG