Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

27-мартта Бишкекте кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү өттү. Анда гидроэнергетика жана мунайгаз тармагында кызматташуу жана биргелешкен долбоорлорду турмушка ашыруу маселеси талкууланды.

Кыргыз өкмөтүнүн расмий маалыматтарына караганда, 27-марттагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша орус тарап 10-апрелге карай келишимдердин шарттары, долбоорлорду аткаруунун мөөнөттөрү боюнча документтерди даярдап келиш керек.

Ал документтер Камбар-Ата-1 ГЭСи, жогорку Нарында ГЭСтерди куруу, “Кыргызгазды” менчиктештирүү, Кыргызстанга мунай сатуу жана газ, мунай кендерин издөөгө киришүүгө байланыштуу экени маалым.

Орус маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Москва 2009-жылдагы келишимдерди кайра карап чыгып, ал долбоорлордогу орус тараптын үлүшүн 75% жеткирүүнү көздөп жатат.

Бирок кыргыз тарап ага кескин каршы чыгып, "мурунку келишимдер аткарылыш керек" деген позицияда турат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин орус делегациясынын башчысы Сергей Шматко менен жолугушуусунда да айтылган.

Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Алмазбек Атамбаев буга чейин жетишилген келишимдерди аткарууга киришүү маанилүү экенин жолугушууда баса белгилеген.

Кыргызстан коомчулугунда, эксперттик чөйрөдө да Орусия гидроэнергетика тармагында кызматташууда мурунку келишимдерди аткарыш керек деген пикир басымдуу.

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, орус тарап өз үлүшүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бирок ага кыргыз бийлигинде да, коомчулукта да каршылык күчтүү. "Буга карабай Москва Кыргызстанга инвестиция салууга келет", - деп, анын себебин мындайча чечмеледи:

- Менин оюмча Москва Борбор Азиядагы энергоресурстарга таасир этүүгө аракеттенип жатат. Ошон үчүн КМШ мамлекеттерине, өзгөчө Борбор Азияга Путиндин инаугурациясынан кийин катуулап киришет. Анткени азыр кирбесе таасирин жоготот. Азыр Орусияда акча да бар. Ошон үчүн саясий эрк гана керек.

Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, эгерде Орусия энергетикалык долбоорлорго инвестиция салбаса, анын ордуна Кытай, Түркия, Казакстан жана башка өлкөлөр келүүгө даяр турат.

“Республика” фракциясынын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев Кыргызстан мурунку келишимдердин аткарылышын көздөш керек дейт:

- Биз мурунку позицияда турушубуз керек. Эки тарапка 50 пайыздан болуш керек. Себеби эртең инвестиция келип, курулуп калса, бир четинен энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдейбиз. Экинчиден, суу ресурсу бул чөлкөмдө бара-бара чоң саясаттын бири болот. Ошон үчүн биздин азыркы оор абалыбыздан пайдаланып, Орусия өзүнүн саясатын таңуулап, 75% бересиңер деп жатат. Буга биз жалпы коомдун да пикирин көрсөтүп, 50 пайыздан үлүштү сактап калышыбыз керек. Бизден ресурстар, алардан инвестиция болуп, тең салмакта калганы туура.

28-мартта Кыргызстанга Түркиянын өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Кемал Маденоглу баштаган делегация келди. Бул делегация кыргыз өкмөтүндө кеңири алкактарда кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат.

Орусия менен кызматташууда Тажикстандын тажрыйбасы да сабак аларлык. Кезинде ГЭСтерди курууда расмий Дүйшөмбү менен жетишилген келишимдерди өзгөртүп, ага 75% үлүштү берүү талабын Москва коюп, бирок Тажикстан басымга моюн берген эмес. Натыйжада Орусия инвестициясын токтоткон. Бирок Ирандан Тажикстан үчүн ыңгайлуу шартта инвестиция келип, Сангут-2 ГЭСи курулуп жатат. Андан кийин Иран Тажикстанда Айни ГЭСин курууга киришмекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG