Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

Кыргызстанда электр энергиясын пайдаланганы үчүн акы төлөбөгөн мамлекеттик кызматкерлердин ысымдары аталды.

Аларды “Түндүкэлектро” ишканасынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаев ачыкка чыгарды.

Электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөндөрдүн көбү УКМК, прокуратура жана Эсеп палатасынын кызматкерлери.

Жарандык коомдун өкүлдөрү болсо, коррупция менен күрөшөт делген көзөмөлдөөчү органдар өздөрү паракорчулукка шыкак берип жатканын белгилешүүдө. Мындай шартта коррупция менен күрөшүү мүмкүн эмес дешет алар.

Акча төлөгөндөн намыстанышат

“Түндүкэлектро” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү жана укук коргоочу Сапар Аргынбаевдин айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кээ бир кызматкерлери, Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар жана чиновниктер электр энергиясын бир топ жылдан бери акы төлөбөй эле колдонуп келатат. Бул тууралуу ал 4-майда “Энергосектордогу паракорчулукка каршы күрөшүү жолдору барбы” деп аталган жыйында билдирди. Анын айтымында, маселен “Түндүкэлектро” ишканасына Эсеп палатасынын төрагасы 141 миң сом карыз.

- Эмне үчүн чоң суммадагы карызы бар абоненттер төлөбөйт деп текшерип жатканда, Свердлов районунун Ясенский 19 деген дарегинде жайгашкан абонент чыгып калды. Тактап, текшерип, сураштырсам, бардыгы эле жашырынып, биринчи жолу айтпай жатышкан. Бирок кийин Эсеп палатасынын төрагасы деп айтышты.

Аргынбаев Москва жана Кочкор райондорунун мурдагы акими, ишкер Эркинтур Молдогазиев 26 миң сом карыз экендигин, ал эми Башкы прокуратуранын А.М. Сулайманов деген кызматкери электр энергиясын эсептегичи жок пайдаланып жүргөндүгүн билдирди. “Инспекторлор УКМКда, же прокуратурада тааныштары бар кызматкерлердин кысымынан коркуп калышкан, алар өчүрүп кетсе кайра күйгүзүп алышат”, - дейт Аргынбаев.

- Бир нерсе дешсе, колду шилтеп, чоңдуктарын көрсөтүп жатышат. Булар өздөрү пайдаланган электр энергиясы үчүн өкмөткө төлөсө, намыстангандай болуп жатышат. Мен буларга таң калам.

Ушул эле жыйынга катышкан “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева бул жыйырма жылдан бери келе жаткан көрүнүш деп эсептейт. Анын айтымында, буга энергетиктер өздөрү да күнөөлүү.

- Менимче, майда-чүйдө карызы барлар төлөбөй калса, же мисалы кээ бир адамдардын жарыгын 100 сом үчүн өчүрүп коюшат. Чоң суммадагы акчаны төлөбөгөндөр үйлөрүнө да киргизбейт экен. Бирок анын деле жолдорун тапса болот да. Мунун баары энергетика тармагындагы башкаруунун начардыгынан болуп жатат.

Күрөштөн майнап чыгабы?

Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн айтымында, жогоруда электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөндөрдүн көбү мамлекеттеги тескөөчү, көзөмөлдөчү, мыйзамды жана тартипти сактоочу органдардын, башкача айтканда жемкорлукка каршы күрөш жүргүзүүчү мекемелердин кызматкерлери. Мындай шартта өлкөдө тамырын кенен жайган коррупция менен күрөшүүдөн майнап чыкпайт дешет алар.

Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу байкоочу кеңештин мүчөсү, Коомдук иликтөөлөр институтунун жетекчиси Рита Карасартова мамлекеттик органдар коррупцияны жоёт дегенге ишенбейт.

- Мамлекеттик кызматкерлер өздөрүндөгү коррупцияны эч качан жоё албайт. Бирок, тилекке каршы, ал мекемелер өздөрүнүн ичине коррупцияга каршы күрөшөбүз деп структураларды түзүп алып жатышат. Ал деген “туулбай жатып эле туна чөктү” дегендей иш. Өзүң коррупцияга малынып турсаң, кантип күрөшөсүң?

Анткен менен Рита Карасартова бул сыяктуу фактылардын коомчулукка шардана болгондугу чоң жеңиш деген ойдо. Ал коррупция менен күрөштө коомдук пикирдин ролуна өзгөчө токтолду.

- УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөш комитети да эч нерсе жасай албайт. Алар “тигини камадык, муну камадык” деп, коррупцияга каршы күрөштүн көрүнүшүн гана жаратышат. Камалгандардын эсебин чен-өлчөм кылып жатышат. Бирок биздин бүгүнкү күндөгү эң эле чоң куралыбыз - коомдук пикир. Ушундай болуп, адамдардын аттарынын айтылганы кандайдыр бир натыйжа берет.

Кыргызстан дүйнөдө жемкорлуктун сазына баткан өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат. Талдоочулар айрыкча сот, прокуратура, милиция органдарында, ошону менен бирге экономикалык жаатта энергетика тармагы өтө коррупциялашканын белгилеп келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG