Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Карызы барлар Үмөталиевге нааразы


Эки айдан бери Горький багында ондогон адамдар боз үй тигип, айрымдары анда бала-чакасы менен жашап жатат.
Эки айдан бери Горький багында ондогон адамдар боз үй тигип, айрымдары анда бала-чакасы менен жашап жатат.

Насыяларын төлөй албай, Бишкекте боз үй тигип, баш калкалап жаткандар “Кыргыз концепт” ишканасынын кеңсесине барып, кызматкерлерин коркутканы кабарланды.

Буга “Кыргыз концептин” жетекчиси Эмил Үмөталиевдин Коомдук каналда насыячылардын дарегине айткан сөзү негиз берген.

Мунун алдында ушул эле адамдар башка банктардын кеңсесине барып, дооматтарын айткан эле.

Митингчилердин дооматы

Насыя алып, бирок төлөй албай, ар кандай жеңилдиктерди талап кылып келаткан бир канча адам 24-октябрда “Кыргыз концепт” ишканасынын алдына барып, кызматкерлерди коркутканы кабарланды. Алар ишкананын эшигин тосмолоп, башкы менеджерди бир канча убакыт бура бастырбай кармап турушкан. Натыйжада окуя тартип коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен жөнгө салынган.

Ага “Кыргыз концептин” жетекчиси Эмил Үмөталиевдин 23-октябрда Коомдук каналдагы “Күндүн темасы” берүүсүндө насыя алгандардын жоопкерчилигин сынга алган пикири себеп болгон экен.

Эмил Үмөталиев ал адамдарды тукурган башка бир күчтөр бар деген ойдо.

- Теледеги талкууда айткан сөздөрүмө каршы чыгып, коркутуп коюунун амалы болуш керек. Чындыгында булардын артында турган күчтөр бар. Алар "эмнеге силер микрокредиттик уюмдарды жактайсыңар" деген суроо коюшту. Башка жалган талаптарын айтпай эле коёюн. Жалган эле сөздөрдү чыгарышып, бирөө аларды түрткүлөп, чыр-чатак чыгарып, чагымчылдыкка түртүү аракети болду деп эсептейм.

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев
Үмөталиевдин маалымдашынча, кысмакка кабылган башкы менеджер тартип коргоо органдарына арыз жазды. Ал эми Бишкек ишкерлер клубу буга байланыштуу билдирүү таратып, ээ-жаа бербеген адамдардын аракетин кылмыш деп атап, адам жана анын жеке менчиги кол тийбес экенин белгилеген.

“Кыргыз концепт” ишканасына барган митингчилердин бири Акылай Кенекееванын билдиришинче, Эмил Үмөталиев алардын дарегине туура эмес сөздөрдү айткан.

- Ал жабыркагандардын кыжырына тийген сөздөрдү сүйлөдү. Анан КТРге барып, алдынан тосуп турдук. Ал чыкканда “эмне үчүн мындай деп айтып жатасыз” десек, “эмне үчүн сүйлөбөйм, алдыңарбы, төлөгүлө” деди. “Элдин кыжырын кайнатып жатасыз, эртең канча деген адамдар сизге барат” десек, “келе бергиле” деп айтты.

Биз алардын менеджерин коркуткан жокпуз. Ал өзү туура эмес сүйлөдү. “Бизди туура түшүнгүлө, төлөбөйбүз деп айткан жокпуз, болгону мөөнөтүн артка жылдырып бергиле деп жатабыз” деп, ага да түшүндүрдүк.


Тараптар тил табыша алабы?

Бир айдан бери Бишкектин Горький сейил багында ондогон адамдар боз үй тигип, айрымдары анда бала-чакасы менен жашап жатышат. Алар чакан насыя берүүчүлөргө жана банктарга үй-жайын алдырып жатышканын, андыктан тиешелүү органдардан карыздарын төлөөгө жеңилдиктерди талап кылышууда.

Алар буга чейин да Бишкектеги банктардын жана микрокредиттик компаниялардын кеңселерине барып, митингдерди өткөрүшкөн болчу. Насыя алгандардын укугун коргоо комитетинин төрайымы Динара Назаркулова бул алардын аргасыз кадамы дейт.

- Эгер азыр парламент, өкмөт булардын маселесин чечүүгө жардам бербесе, абалдан өздөрү чыга албайт. Күндөн-күнгө начарлап, карызга бата беришет. Анан аргасыз банктарга барып, митинг өткөргөнгө мажбур болушууда. Эгер мыйзам ченемдүү иштер жасалса, эл буга бармак эмес. Мисалы, бир эженин төрт баласы жетим калды. Ал балдардын атасы да, энеси да каза болду. РСК банк буларды кысып, насыяны төлөгүлө деп жатат. Эмнесин төлөп берет? Бул деген кырсык. Мындайда насыя толугу менен жоюлуш керек болчу.

Ал эми насыядан жапа чеккендер лагеринин штаб башчысы Кубат Токсобаев Горький сейил багында жашап жаткан адамдардын артында күчтөр турат дегенди четке какты.

“Мол булак” чакан насыя компаниясынын аткаруучу директору Айнагүл Самудинованын айтымында, арызданып жүргөндөр насыя алгандардын азганактай гана бөлүгү. Ал негизинен насыя алып, ийгиликтүү иштеп жаткандар арбын дейт.

- Митингге чыгып жаткандарга биз көңүл бурбай, аларды четке кагып жаткан жокпуз. Комитеттерди түзүп, алар менен иш алып барып жатабыз. Алардын арасында бир нече жерден карыз алып, кыйналып калгандары чын эле бар.

Адистердин пикиринде, мындай көрүнүшкө бир жагынан жарандардын укуктук билиминин сабатсыздыгы, экинчиден, насыя берүүдөгү үстөк пайыздын жогору экендиги жана ачык-айкын эместиги себеп болууда.

XS
SM
MD
LG