Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Чакан насыянын чоң түйшүгү


Насыясын кайтара албай калгандар жазында Ак үй алдында бир нече ирет жыйналышкан.

Насыясын кайтара албай калгандар жазында Ак үй алдында бир нече ирет жыйналышкан.

Микрокаржы уюмдарынын саны жарым миллионго жетип калган кардарлары арасынан насыясын төгө албай калгандар расмий эсепте аз болгону менен соңку айларда бул сектордун дарегине айтылган сындар келечекте маселе курчуп кетиши ыктымалдыгын көрсөттү. Базардагы ченемден үч эсеге чейин көп үстөк менен насыялардын алынуусу калктын каржылык сабаттуулугу жөнүндөгү маселенин актуалдуулугун ачыктады.

Микрокаржы секторунун айланасында көтөрүлгөн чуунун таасириби, Улуттук банк соңку айларда чакан насыя берүү менен алектенген бир катар компанияларга каршы жазалоо чараларын колдонууга аргасыз болду.

Башкача айтканда, 42 микрокаржы уюмунун катталуу күбөлүгүн чакыртып алды, өздөрү жоюлганына байланыштуу 38 микрокаржы уюмдун каттоо күбөлүгүн биротоло жокко чыгарды, үчөөсүнүн каттоо күбөлүгүн токтотуу мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартты.

100% үстөк

Улуттук банктын инспекциялоо башкармалыгынын башчысы Аида Карабаеванын “Азаттыкка” айтканына караганда, жогорудагыдай чаралар микрокаржы уюмдары өз ишинде укуктук эрежелерди канчалык сактаган-сактабаганын текшерүүнүн натыйжасында кабыл алынды. Анткени алдыдагы айларда жүргүзүлгөн текшерүүлөр кээ бир микрокаржы уюмдарында 100 проценттен ашуун үстөк менен насыя берилген учурлар болгонун аныктаган.

Катталуу күбөлүктөрү токтотулган микрокаржы уюмдар насыяны базардагы орточо үстөктөн эки-үч эсеге чейин жогору чен менен бергендер:

- Май-июнь айларында, биз отчетторду караган учурда 100% ашуун чен менен насыя берген уюмдар болгон. Көбүнчө кардарлар ушундай пайыз менен насыя алганын билбей калышкан. Күбөлүгү токтотулган микрокаржы уюмдарынан 2011-жылдын 31-декабрына карата маалымат боюнча жылдык үстөгү 70% өйдө берилген кредиттер суммасы 55 миллион сомду түзгөн.

Улуттук банктын эсебине караганда, быйылкы жылдын 1-июлуна карата микрокаржы уюмдарынын кредиттеринин орточо үстөгү 36,1% болду.

Насыя төлөй албай калдык дегендердин акциясы

Насыя төлөй албай калдык дегендердин акциясы

Бул былтыркы жылдын соңундагы орточо көрсөткүч менен салыштырганда 2 проценттей төмөн дегенди билдирет экен.

Микрокаржы уюмдарынын дарегине сындар быйыл жаз айларынан тарта күчөгөнү белгилүү.

Олчойгон үстөк менен алган насыяны төлөй албай калдык, болгон мүлкүбүздөн ажырап жатабыз, атүгүл өз жанын өзү кыйгандар бар деп ырастаган жарандар тобу Ак үй алдына нааразылык акциясына бир нече ирет чогулушкан. Маселе Жогорку Кеңеште да каралып, микрокаржы уюмдарынын кредиттик саясатына парламент трибунасынан айыптоо сөздөрү айтылган.

Насыя алып, төлөй албай калдык деп ырастаган жарандар июль-август айлары ичинде Ошто да пикетке чыгып турушту. Алардын нааразылык акциясына эң көп дегенде 100дөй киши жыйналган учурлар болду.



Өз кезегинде микрокаржы секторунун жетекчилиги аларга каршы багытталган нааразылык акцияларды түрдүү себептерден улам насыясын төгө албай калган жарандарды кээ бир саясий топтордун өз кызыкчылыгында пайдалануу аракети катары баалашкан.

Кош кабат насыя

Улуттук банктын маалыматына караганда, карызын төлөй албай калып, аларга расмий кайрылган насыя алуучулардын саны микрокаржы уюмдарынын жалпы кардарларынын 1% да жетпейт.

Улуттук банктын инспекциялоо башкармалыгынын башчысы Аида Карабаева буларды белгиледи:

- Мындай проблемалуу кардарлар аз эле. Анткени 373 адам митингге чыкса, Ак үйдүн жанында турса көп көрүнөт да. 2012-жылдын 30-июнуна карата микрокредиттик уюмдардан карыз алгандардын саны 463 миң. Ошол 463 миң адамдын ичинен 373 киши гана проблемалуу кардарлар. Эми бизге кайрылбагандар да болушу мүмкүн. Бирин жабам деп экинчисинен алат, экинчисин жабам деп үчүнчүсүнөн алат. Ошентип карызын көбөйтө берет. Бирок эми насыя алган адамдардын да өз жоопкерчилиги болушу керек, кантип төлөйм, үйүмдү алдырып жиберсем эмне болот деп ойлош керек да. Ошондой учурлар бар. Биз азыр микрокаржы уюмдарынын эң ирилери: “Компаньон” “Финка”, “Мөл-Булакта” канча кардардын параллель кредиттерди бар болгонун тактай баштадык.

Аида Карабаева кошумчалагандай, микрокаржы уюмдарында банктардыкындай кредиттик маалымат бюросу жок. Бул ишти бир жагынан насыялардын майда өлчөмдө берилиши да татаалдаштырып келген. Азыр бир эле кардардын бир нече насыя алуусунан улам жаралуучу тобокелчиликтерди азайтуу үчүн микрокаржы уюмдарына да жаңы талаптар коюлууда:

- Микрокаржы уюмдарына азыр талап койдук. Эгер башка уюмдан алган насыясы бар кардарга жаңы насыя бере турган болушса, алар 25% өлчөмүндө резерв түзүүсү керек. Экинчи насыяны бербе деп такыр тыюу сала албайбыз. Бул да бизнестин бир түрү да. Кардарлардын да экинчи насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жапкыбыз келбейт.

Өлкөдөгү микрокаржы уюмдарынын жалпы саны 400дөн ашканы менен чакан насыя базарынын 85% Микрокаржы уюмдар ассоциациясына баш кошкон 34 уюм көзөмөлдүк кылат.

Бул ассоциациянын аткаруучу директору Наргиза Жолдошеванын ырастоосунда, аларда кредиттердин кайтарымдуулугу 97% жана Улуттук банк катталуу күбөлүгүнөн ажыраткандар арасында ассоциацияга мүчө компаниялар жок.

Ал “Азаттык” менен маегинде проблемалуу кардарлар бар экенин, бирок аларды да өз-өзүнчө бөлүп кароо зарылдыгын белгиледи:

- Ооба, бар. Бирок биз алардын тобунда экономикадагы кырдаалдан, күтүүсүз жагдайлардан улам чындап эле проблемасы барлар, ага катар кырдаалдан пайдаланып өз карызын кечтирип кеткиси келгендер, атүгүл мындан акча табуусу келген көз бойомочулар да бар экенин билип коюшубуз керек. Махинациялар болбошу, ортомчулар терс иштерди кылбашы үчүн насыя алуучулардан проблема жаралса, тикелей кредит берген компанияларга, кредиттик адисине кайрылууну суранабыз. Анткени компаниялар алардан насыя алгандардын карызга батуусу пайдасыз. Кардарларынын төлөө жөндөмдүүлүгү бул компаниянын деңгээлин гана көтөрбөстөн, келечекте да өнүгүү жана стабилдүү болууга мүмкүнчүлүк берет.

Каржылык сабатсыздык

Наргиза Жолдошева кошумчалагандай, буга чейин кредиттер өтө бийик үстөк менен берилген учурлардын катталуусу микрокаржы секторуна Улуттук банк тараптан көзөмөл катаал болбогонуна, эң башкысы насыя алгандардын каржылык сабатсыздыгына жана айрым компаниялардын кирешени мүмкүн болушунча көп таап калууну көздөгөнүнө байланыштуу:

- Ошол эле учурда биз компанияга барып, акчаны алып жаткан кардар да өз аракети үчүн жооп берүүсү керектигин да айтуубуз абзел. Компания көп, тандоо чоң, үстөк пайыздар да түрдүү. Биринчи эле туш келгенинен албай, салыштырып, карап көрүү зарыл. Бизде өзгөчө акча абдан керек болгон учурда эч ким эч нерсеге карабайт. Жөн эле кол коюп берип, чоң үстөк менен алганын кийин билет. Андыктан биз калктын каржылык сабатын көтөрүүнү келечекте проблемалуу насыя алуучулар көбөйбөшүнүн, кредит ашыкча берилип кетпөөсүнүн бир аспабы деп эсептейбиз. Микрокаржы уюмдарынын ассоциациясы атынан азыр каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча социалдык долбоор даярдалып жатат. Анын алкагында эки тилде анимациялык видеороликтер чыгарылат. "Насыя алуучунун алтын эрежеси" деген ат менен плакаттар таратылат.

Насыя алуучулардын саны өсүүсү менен катар каржылык сабаттуулук маселесине көңүл буруу зарылчылыгы келип чыкканын “Азаттык” менен маегинде Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева да белгиледи:

- Сабаттуулук (каржылык) азыр актуалдуу маселе болуп турат. Кредиттерди алып төлөй албай калышса, микрокаржы уюмдары өздөрү эле жабыр тартып жатышпайбы. Бул иш да кошумча каражатты талап кылат. Азыр биз китепчелерди чыгарып жатабыз. Кредит деген эмне, кредитти төлөй албай калса, кесепеттери кандай болот? Ошонун баарын жазып, китепче кылып микрокаржы уюмдарына таратып бердик. Алар өздөрүнүн кардарларына таратышы керек.



Микрокаржылоо же чакан насыя деген түшүнүк Кыргызстанда 90-жылдардын экинчи жарымында жакырчылыкты жоюу программаларына шайкеш пайда болгон. Анда калктын жарымынан көбү жакыр делсе, азыр өкмөт өтө жакырчылыкта жашаган үй-бүлөлөрдүн саны 131 миң деп эсептөөдө.

Айрым экономисттер микрокаржы уюмдарынын кредиттеринин орточо үстөгү 35-40% деп саналган күндө деле алардын жакырчылыкты жоюуга кошкон салымынан күмөн санашат.

Микрокаржы уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Наргиза Жолдошева да бул сектор боюнча кызыкчылыктар жана түшүнүктөр кагылышы сакталып жатканын моюнга алды:

- Бул тууралуу деп көп айттык. Микрокаржылоо бул - социалдык бизнес. Бир жагынан бизде конфликт мыйзамдарда да бар. Микрокаржы уюмдары жөнүндөгү мыйзам ал жакырчылыкты жоюу менен алектенүүсү керектигин айтса, жоопкерчилиги чектелген коом, акционердик коом жөнүндөгү мыйзамдар компаниялардын башкы максаты киреше табуу экендигин белгилейт. Андыктан адамдар, өкмөттөгү, парламенттеги кээ бир өкүлдөр да микрокаржылоо жакырчылыкты жоюу үстүндө иштөөсү керек деп эсептешет. Бирок мындай эмес. Микрокаржылоо жакырчылыктан арылуунун бир аспабы. Жакырчылыкты жоюу – мамлекеттин милдети. Микрокаржылоо ошол каржы ресурстары туура пайдаланылган шартта жакырчылыктан чыгууга жардам берүүнүн бир ыкмасы. Микрокаржылоо акчаны таратып коюп, кайтаруу талап кылынбаган кайрымдуулук уюму эмес.

Микрокаржылоонун дурус жана буруш жактары боюнча коомдогу талкууларга карабай, андан насыя алгандардын катары калыңдоодо. Улуттук банктын эсеби боюнча быйылкы жылдын 1-июлуна карата микрокаржы уюмдарынын калкка берген насыясынын көлөмү 16 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу 12% ашуунга өскөн. Кредиттик ресурстардын басымдуу бөлүгү болсо мурдагыдай эле чет элдик капитал.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG