Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:44

Энергетика министрлиги: Сарамжал бололу


Архивден: Сокулук району, 16-декабрь, 2008-жыл
Архивден: Сокулук району, 16-декабрь, 2008-жыл

Акыркы аптанын ичинде энергетика маселеси кайрадан курчуду. Көгүлтүр оттун көлөмү да азайып, керектөөчүлөргө жетпей жатканы айтылууда.

Бир нече күн бою Бишкектин айрым райондорунда, өзгөчө жаңы конуштарда, Чүй облусунун Аламүдүн районунда электр жарыгы болгон жок. Энергетика министрлигинин электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы Марат Чолпонкулов "Азаттыкка" маек курду.

Марат Чолпонкулов: Бизде электр энергиясын пайдалануу аябай өсүп кеткенин жакшы билесиздер. Ошондуктан 30-декабрда өкмөт токтом чыгарган, ага ылайык электр жабдууларын сактап калуу үчүн электр энергиясы ашыкча пайдаланылган аймактарда убактылуу 2-3 саатка чейин өчүрүлөт. Эгер ашыкча пайдалануу болбосо өчүрүлбөйт.

"Азаттык": Кээ бир райондордо бир нече күндөп жок болуп атпайбы?

Чолпонкулов: Сиз айтып жаткан Свердлов районунда, бир катар жаңы конуштарда 9-февралда түндө өчкөн. Улуттук электр тармактары ишканасына караган энергияны бөлүштүрүүчү станция бузулуп, аны оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул убакытта чындыгында 62 трансформатор өчүк турду, оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин электр энергиясы кайрадан берилди.

"Азаттык": Ошондой эле газ тартыштыгы да бар, Бишкектеги жеке менчик үйлөргө жаратылыш газы берилбей жатат. Ал эми Ош шаарына Өзбекстандан көгүлтүр от саатына 5 000 кубдун ордуна 3 800 куб мер көлөмдө келип жатат. Жергиликтүү бийлик суук Өзбекстандын өзүндө катуу болуп, газ басымы азайып жатат деп билдирди. Бул маалыматтар чынбы?

Чолпонкулов: Чын. Газ бизге басымы өтө төмөн болуп келип жатат, анткени газды сатуучулардын өздөрүнө жетпей атат, бул тууралуу алар бизге алдын ала маалымат берип билдиришкен. Ошто деле так ушул себептен газдын көлөмү азайып жатат.

"Азаттык": Январь айындагы ар кандай авария, өчүрүүлөргө байланыштуу бир катар жетекчилер кызматтан алынды, бирок абал жакшырып кетпегенин мына убакыт көрсөтүп атат. Мүчүлүштүктөрдү жоюуга мындан ары кандай аракеттер көрүлөт деп айта аласыз?

Чолпонкулов: Жетекчилердин жоопкерчилиги да бар, бирок ушул учурда кырдаалга ал жетекчилердин тиешеси жок, анткени электр энергиясын пайдалануу акыркы жыйырма жылдан ашуун убакта өтө көбөйдү. Эл көгүлтүр отунду кымбаттыгына карап пайдаланууну азайтып, көмүр жагууну да азайтып, электр энергиясын жарыкка да, жылуулукка да, тамак-аш жана башка керектөөлөр үчүн да пайдаланып жатышат. Мен учурдан пайдаланып элибизден суранаар элем: электр энергиясын үнөмдүү пайдалансак, бул кыйын кырдаалдан чыгып кетебиз.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG