Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:27

Токтогул ГЭСиндеги авариядан улам Бишкектен башка бардык аймактарда электр энергиясы убактылуу чектелди.

ГЭСтин бир агрегаты андагы техникалык мүчүлүштүктү аныктап, аны оңдоо үчүн токтотулду. Бул иштер канчага созулары азырынча белгисиз.

Ал арада айрым серепчилер электр энергиясын өндүргөн эмес, аны бөлүштүргөн тармактын жабдууларына эле көңүл бөлүнүп жаткандыктан ГЭСтерде ири авариялар болушу ыктымалдыгын эскертүүдө.

Электр энергиясына чектөө эң көп керектелген маалда кечкисин жана эртең менен эки сааттан өчүрүлүп турат. Улуттук электр тармактары ишканасынын башкы директорунун орун басары Алексей Бородиндин маалымдашынча, бул оңдоо иштери аяктаганга чейин уланат:

- Адамдар эртең менен туруп, чай-пай кайнатып, жумушка кеткени жаткан маалда керектөө көбөйөт. Анан күндүз, күн жылыганда, эл жумушка кеткенде азаят. Анан кечки убакытта кайра көбөйөт. Башкача айтканда эртең мененки саат 7ден түшкү 1, анан кечки саат 5тен түнкү саат 12ге чейин эки сааттан өчүрүлүп турат.

​Токтогул ГЭСиндеги төртүнчү агрегаттын ишиндеги мүчүлүштүк 27-декабрда түнкү саат 2де аныкталган экен. Электр станциялары ишканасынын башчысы Салайдин Авазов мындай авария буга чейин болбогонун, Орусиянын Саян-Шушенск ГЭСиндеги кырсыкка алып келгендей себеп катталганын, бирок убагында байкап калышканын айтып берди:

Токтогул ГЭСи

Токтогул ГЭСи

Биз ГЭСти такай карап, байкап турабыз. Саян-Шушенскте байкабай калышкан. Ушундан улам авариялык абал күчөп чоңоюп кеткен. Биз болсо башталганда эле басып калдык. Мен азыр жеңил эле техникалык мүчүлүштүк болушу мүмкүн деп ойлоп турам. Балким бүгүн түнү менен эле оңдоп бүтүрүп койобуз го.

Авазов ГЭСтеги агрегаттардын эскилиги жетип, тетиктер жешилип баратканын, жакында эле ремонттон өткөнүн белгиледи:

- Бул агрегаттар 37 жылдан бери иштеп жатат. Булардын иштөө кызматы 30-40 жыл болот. Бүгүнкү күндө 80 пайыздан ашыгы кызматын өтөп бүткөн. Бул эми техника экен да. Биз октябрда толугу менен карап ремонт жасаганбыз. Азыр гидротрубинанын капкагынын алдында басым пайда болуптур деп жатпаймынбы. Ал агрегатты да караганбыз. Эч кандай мүчүлүштүк байкалган эмес. Бирок бүгүн түнү ошондой болуп калды. Авариянын көлөмүн, ал качан жоюларын бүгүн түнү гана билебиз. Анткени электр энергиясын эң көп керектелген кечки убак өтмөйүнчө иштегенге болбойт. Себеби аны карап оңдоо үчүн дагы бир генераторду өчүрүш керек. Ошондуктан чектөө көбөйбөш үчүн, керектөө азайганда түнкү саат 2ден 5ке чейин ошол жумуштарды жасашыбыз керек.

Бир агрегаттын иши убактылуу токтотулганын байланыштуу 300 мегаватт электр энергия аз өндүрүлүп калды. Энергетика жана өнөр жай министринин статс-катчысы Батыркул Баетов кемиген мегаватт Бишкектен башка бардык аймактарга текши бөлүштүрүлгөнүн, бул керектөөчүлөргө көп деле таасир этпей турганын айтууда:

- Бардык региондорго теңме-тең бөлүнөт. Бизде көбүрөөк, силерде азыраак өчүп жатат деген болбойт. Жанагы 300 мегаваттын орду чектелет. Биздин баамыбызда, бул авариялык өчүрүүлөрдөн өтө деле байкалбашы керек.

Ал арада айрым серепчилер ГЭС тармагында мамлекеттин саясаты өзгөрбөсө, ири авариялар болушу ыктымалдыгын эскертип келет. Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин баамында, учурда электр энергиясын өндүрүү маселелерине аз көңүл бурулуп жатат:

- Электр энергия өндүрүлбөсө, бөлүштүрүүчү компаниялардын эмне кереги бар? Подстанциялардын эмне кереги бар? Мына ушулардын негизинде Күрп-Сай ГЭСинде ири эки авария болду. Мындай окуя Үч-Коргон жана Ат-Башы ГЭСтеринде да болду. Анткени биздин энергетикалык тармак толугу менен иштен чыгып атат.

Токтогул ГЭСинде жалпысынан төрт агрегат бар. 2009-жылы декабрда да аталган ГЭСтин эки агрегаты иштебей калган.

Кыргызстандыктар бул кырсыкка чейин күн суукта электр энергиясындагы авариялык өчүрүүлөрдүн көптүгүнөн жүдөп жаткан болчу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG