Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:30

Газдын баасы азырынча арзандабайт


“Кыргызгаз” Өзбекстандын “Узтрансгаз” компаниясы менен быйылкы жылдын үч айы үчүн газ сатып алуу боюнча келишимге жетишти.

Андан кийинки мөөнөттөрдө Кыргызстанды газ менен камсыздоо маселеси “Газпромго” жүктөлөөрү күтүлүүдө.

“Кыргызгаздын” жетекчисинин биринчи орун басары Куралбек Наскеевдин билдирүүсүнө караганда, Өзбекстандан быйылкы жылдын алгачкы үч айында газ сатып алуу боюнча келишимге жетишилди:

- Биринчи кварталга келишим түзүп, кол койгонбуз. Былтыркы баада алабыз. 25 млн. куб метр ай сайын алабыз.

​“Кыргызгаздын” маалыматы боюнча, 1 миң куб метр газга былтыркыдай эле 290 доллар төлөнөт. Ошондой эле Казакстандын “КазТрансГаз” компаниясынан да биринчи кварталда 100 млн. куб метр газ сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр, макулдашуулар болду. Казак газынын баасы 224 доллар болмокчу. Эми маселе келишимге кол коюшта калды.

Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, келишимди бир эле кварталга түзүүнүн себеби “Газпромдон” арзаныраак газ алуу максатына жараша жасалды:

​- Эми биз газды колубуздан келишинче арзандатканга аракет кылабыз. Орусиянын Мамлекеттик Думасы келишимди ратификациялап берсе, биз газды түздөн-түз “Газпром” аркылуу алганга аракет кылабыз. Ошон үчүн биз акырындан кадам коюп жатабыз.

Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, азыркы кезде Кыргызстанга келип жаткан газдын басымы жакшы. Ошого жараша өлкө боюнча газды пайдалангандардын саны да арбып баратат. Бишкек Жылуулук борбору да, Канттагы цемент-шифер заводу да жетиштүү газ алышууда.

Кыргызстан “Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу боюнча келишимге өткөн жылы июль айында жетишип, Жогорку Кеңеш ал келишимди жыл соңунда ратификациялады. Орус өкмөтү да ал келишимди жактырып, ратификациялоо үчүн Мамлекеттик Думага жөнөткөн. Орус парламенти жаңы жылдык эс алуудан кийин келишимди карайт деп күтүлүүдө. Бул келишимдин алкагында “Газпром” Кыргызстандын газ тармагына 20 млрд. рубль инвестиция саларын Осмонбек Артыкбаев дагы бир жолу белгилеп кетти.

Газ боюнча Кыргызстанда дагы бир ири долбоор быйылкы жылда ишке ашырыла баштамакчы. Энергетика жана өнөр жай министри Артыкбаевдин маалыматы боюнча, азыркы кезде Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай газ түтүгүнүн Кыргызстан аркылуу өтүүчү багыттарын аныктап-тактоо жана түтүктүн техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү иштери жүрүүдө.

Ал газ түтүгү 2016-жылдан баштап ишке кирмекчи:

- 2016-жылдын аягынан тартып бул газ түтүгү иштей баштайт. 2016-2017-жылдардан баштап Кыргызстандын бюджети түздөн-түз ошол газдан акча ала баштайт. Биринчи жылы түшө турган каражаттын көлөмү 40 млн. доллар. Ал түз бюджетке түшөт, - дейт министр Артыкбаев

“Кыргызгаздын” маалымдоосуна караганда, быйылкы жылдын алгачкы үч айында Кыргызстан калкы бир куб метр газ үчүн 15 сом 27 тыйын төлөйт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG