Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:53

11-декабрда Жогорку Кеңеш “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” компаниясына бир долларга берүү келишимин 2-3-окууда ратификациялады.

Ошентип парламенттеги 120 депутаттын 78инин колдоосу менен "Кыргызгазды" Орусияга берүү маселеси биротоло чечилди. Жогорку Кеңеш аталган келишимди 27-ноябрда биринчи окууда кабыл алган. Эми бул келишимди Орусия парламенти жактырыш керек.

Өкмөт "Газпромдон" башка инвестор көргөн жок

Парламентте аталган келишим тууралуу депутаттардын суроолоруна энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев жооп берди. Анын айтымында, соңку кезде калктын энергияга болгон талабы кескин көтөрүлүп, тескерисинче көгүлтүр отун колдонуучулардын саны кыскарган. Буга соңку жылдардагы газдын үзгүлтүккө учурашы, баанын жылдан жылга кымбатташы себеп болууда. Азыр өкмөт бул тармакты оңдоп, түзөө үчүн инвестор катары Орусиянын “Газпром” ишканасын гана көрүүдө.

Артыкбаевдин белгилешинче, “Кыргызгазды” “Газпромго” берүү ишкананын келечеги жана кыргызстандык көгүлтүр от пайдалануучулар үчүн жакшы болот.

- Орусия бүт бардыгын өзүнүн мойнуна алып 20 млрд. рубль жумшап, 25 жылдын ичинде жоопкерчиликти өзүнө алып жатат. Бул жумушчу топко ушул вариант өтө туура болду. Анткени Кыргызстандын мойнуна карыз илинбейт, экинчиден, газга болгон муктаждыкты чечет. Үчүнчүдөн, инфраструктурага инвестиция кылып жаңыртат. Төртүнчүдөн, 25 жылдан кийин ишкананы" өзүбүзгө кайтарып алганга толук мүмкүнчүлүк бар.

"Кыргызгаз” ачык акционердик коому 26-июлдагы Кыргызстан менен Орусиянын газ тармагындагы кызматташуу келишимине ылайык Орусияга өтүшү керек. Ал 25 жылга, символикалуу түрдө 1 долларга берилүүдө. Макулдашууга ылайык, орус тарап «Кыргызгаздын» ордуна жаңы ишкана түзөт. 5 жыл аралыгында “Кыргызгазга” тиешелүү газ өткөргүчтөрдү жаңыртуу үчүн 20 млрд. рубль, газ корун чалгындоо иштерине 100 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция салууга тийиш. Ишкананын дебитордук жана насыялык карыздарын төлөө да жаңы ишкананын мойнуна жүктөлгөн. Мындан сырткары өкмөт өкүлдөрү “Кыргызгаз” “Газпромго” өткөндөн кийин газдын баасы кыйла арзандайт деп үмүт кылып жатышат.

Анткен менен “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев “Кыргызгаз” ишканасын Орусияга берүү менен Кыргызстан Орусияга буфердик аймак болуп жатканын айтты. Ал Орусия ишкананы саясий кызыкчылыгынан улам 50 млн. доллар карызы менен кошо алып жатканын, орус бийлиги бул маселеде кыргызстандык мигранттардын тагдырын да коюп жатканы белгиледи.

Талкуу учурунда айрым депутаттар “Кыргызгаз” ишканасы тууралуу бирдиктүү кайрылуу кабыл алып, жалпы элдин менчигин, элдин байлыгын чет өлкөлүктөргө кармата берүүгө каршы чыгышты. Маселен, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров бул маселени кеңири, дыкат талкуулоону талап кылды:

- Биз Исмаил Исаков баш болуп кайрылуу бердик. Ал жерде биз колдогула деп берген жерибиз жок. Биз “Кыргызгазды” ушул акыбалга ким алып келди, биз кантип монополдук ишканаларды банкротко алып келип атабыз, эртең Кыргызстандын өзүн башка жакка толук башкарууга өткөрүп бербейлиби деген маселе болуп калбасын деп жатабыз. Андыктан бул маселени кеңири талкуулайлы.

Буга чейин парламенттеги оппозициялык фракциялар "Кыргызгазды" Орусияга берүү келишимине кескин каршы чыгышкан эле.

Ал эми “Ата Мекен”, “Республика” фракциялары келишимге байланыштуу Жогорку Кеңештин токтомуна кошумчаларды киргизүүнү талап кылышты.

- Бир эле адамдын этегин кармабашыбыз керек. Орусияга монополия деп берип койбошубуз керек. Кытай Түркмөнстандын газын Алай, Чоң-Алай аркылуу алып өтүп кетип атат. Эмне үчүн ошондон пайдалансак болбойт. Эмне үчүн Чоң-Алайга “Газпром” газ алып барат деп күтүп отурушубуз керек. Мейли орустар куурду сатып алдыбы ага укугу бар, башка куур коюлуп калса ага “жок” деп айта албагандай болуш керек, - деди "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Келерки жылга келишим түзүлө элек

Эми бул маселе Орусиянын Мамлекеттик Думасында каралып, ратификацияланышы керек. Ага чейин дагы 3-4 ай өтүшү мүмкүн. Министр Осмонбек Артыкбаевдин “Азаттыкка” айтымында, келерки жылдын орто ченинде газды “Газпром” камсыздай башташы керек.

- Ратификациядан өткөндөн кийин ички процедуралар башталат. Ошонун негизинде Орусия Думасынын да ратификациясынан өтүшү керек. Ошондон кийин дароо “Кыргызгаз” менен “Газпром” келишимди аткарууга киришет.

Ал ортодо премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстанды келерки жылы газ менен жабдуу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүү жүрүп жатканын бир күн мурда “Азаттыкка” маегинде билдирген. Анын айтымында, газдын баасын жана көлөмүн ушул жылдагыдай калтыруу боюнча кошуналар менен сүйлөшүлөт.

- Жакында Өзбекстанга газ боюнча жумушчу топ барат. Алар: "Биз мурдагы тартипте эч кандай токтотпой газ берип турганга убадабызды беребиз, силер баа боюнча келишим түзгүлө", - деди. Азыр “Газпром” боюнча келишим күчүнө кире элек, ошондуктан өзүбүздүн камыбызды өзүбүз көрүшүбүз керек. Биз кошуна мамлекеттер менен газ боюнча эмдиги жыл үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Токтоткон жокпуз.

Быйыл Кыргызстан өлкө түштүгүнө Өзбекстандан 100 миллион куб метр, түндүк облустарга Казакстандан 300 миллион куб метр газ алуу тууралуу келишкен. Газды Өзбекстандан миң кубун 253, Казакстандан 224 долларга сатып алабыз.

“Кыргызгаз” өлкөнү газ менен камсыз кылчу жападан-жалгыз ишкана. Анын 90 пайыздан ашуун үлүшү мамлекетке таандык, калган бөлүгү жеке жактарга тиешелүү. Кыргызстан аймагында 3574 чакырым газ түтүгү бар. Өлкө аймагында жылына 1 млрд. куб метр газ пайдаланылат.

Ошентип газдын баасы канча болору азырынча белгисиз. Жаңы жылга болсо саналуу күндөр калды. Кыргызстан газ боюнча сүйлөшүүлөрүн жыл сайын жаңы жылдын башына же өтүп бараткан жылдын акыркы күндөрүнө калтырат. Эл болсо жаңы жылды газсыз тоспосок экен деп тынчсызданууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG