Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

Легендарлуу парламенттин депутаты, тоо-кен тармагы боюнча адис Картайбек Муканбетов Кумтөрдүн айланасындагы окуялар тууралуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кумтөрдү улутташтыруу демилгелерине кандай баа берип жатасыз?

Картайбек Муканбетов: Кумтөр маселесинин кеч болсо да көтөрүлүп жатканы туура. Бул кыргыз элине пайда алып келмек тургай кайра түйшүк түшүрүп, экономикалык жактан жеңдире турган долбоор болуп калган. Анын башында мурдагы-кийинки президенттер өз кызыкчылыгын көздөп туруп ушундай болуп калды окшойт.
Азыр акционерлердин кезексиз жыйынын чакыртып, депутаттар белгилеген былыктардын бардыгын ошол жерде айтыш керек. Акционерлер менен биригип, Кыргызстандын акциясын 50 пайыздан ашырып, башкарууну колго алыш керек...


Азыр депутаттар кызуу кандуулук менен Кумтөрдү дароо эле Кыргызстанга алып койобуз деп жаткандары туура эмес. Анткени 2009-жылдагы келишим боюнча “Центерра" акционердик коому деп түзүлүп, ага бир топ жаңы акционерлер кирген. Алардын ичинде таза иштегендери да бар. Алар акчасын төлөп киришкен. Айрым юристтер келишимди бузуп койсо болот деп атат. Андай болсо эл аралык сотко түшө турган нерсе. Ал эми сот 10 жылга чейин созулуп, убакыттан да уттурабыз, бул жакта калганын дагы алдырабыз.

Ошондуктан азыр акционерлердин кезексиз жыйынын чакыртып, депутаттар белгилеген былыктардын бардыгын ошол жерде айтыш керек. Акционерлер менен биригип, Кыргызстандын акциясын 50 пайыздан ашыруу менен башкарууну колго алыш керек. Ал эми “Центерра” 300 тонна алтын менен киргенбиз деп айтып атат. Алардын убактысын ошону менен бүтүрүп, калган 600 тоннага жаңы, таза өкмөттүк компания түзүп, инфраструктураны пайдаланып, калган алтынды өзүбүз казып алышыбыз керек. Ал эми улутташтыруу дегенде болбой калат.

“Азаттык”: Кыргызстан эгемендикти алган жылдан бери өлкөгө келген ири инвесторлордун бири эле ушул болуп атат. Учурда кыргыз экономикасына бараандуу киреше берген ишкананын бири Кумтөр экени айтылып атат. Бул окуя инвесторлорду чочутпайбы?

Картайбек Муканбетов: Бизге келгендердин баары эле таза инвесторлор эмес. Арасында алдамчылык жол менен пайда көрөйүн дегендери да бар. Айрымдары ушундан кийин Кыргызстан түшүнүп калыптыр деп качса качар. Ал эми чыныгы иштешели дегендери маселени карап көргөндөн кийин качпайт.
Тоо башындагы алтын кендерин цианид менен байытуу такыр туура эмес. Биологиялык, грабитациялык жана башка толгон-токой жолу бар. Кумтөрдөй кылып суунун башында уу заттарды калтырып, түшүп кетчү найзага окшоп үстүбүздө турганы туура эмес...


“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев Кумтөр маселесин оң жагына чечүүгө рычаг жетиштүү дегендей билдирген экен. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов дагы бул
мыйзам чегинде чечилиши керек деп атат. Сиз айткан акционерлерди чогултуудан башка кандай рычагдар болушу мүмкүн?

Картайбек Муканбетов: Акционердик коомдордун 90% алтын запасын биз берет экенбиз. Ошондуктан башкарууну колго алууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар эле жана
ошондой талап койгонго. Экинчи рычаг – директорлор кеңешине саясатчыларды мүчө кылып койбой, адистерди, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштей турган таза адамдарды жибериш керек болчу. Мен Давлетов, Сарыгуловду айтпадымбы. Азыр баргандарды да көрүп жатпайсыңарбы. Алар дагы кыргыз эли үчүн иштейбиз десе бул маселени бир жыл мурда көтөрүп чыгышы керек болчу.

Бизде мындан башка да алтын кендери бар. Алардын көбү бийик тоодо, суунун башында жайгашкан. Аларды цианид менен байытуу такыр туура эмес. Биологиялык, грабитациялык жана башка толгон-токой жол менен алтын быйытып алса болот.

Алар балким азыркыга караганда бир аз кымбатырак турар, бирок Кумтөрдөй кылып суунун башында уу заттарды калтырып, түшүп кетчү найзага окшоп үстүбүздө турганы туура эмес. Сел жүрүп, жер силкинип дамбалар жарылса ошол өрөөндү чоң кырсыкка айлантабыз.

“Азаттык”: Кумтөрдүн тегерегинде талаш пикирлер токтой элек. Аттуу-баштуу саясатчылардын улутташтыруу багытында айткандарынын да жөнү бар чыгар?

Картайбек Муканбетов: Улутташтыруу деген туура болбой калат. Азыр эле акционердик коомдордун башкаруусун колго алып, таза иштетип туруп пайдасын өзүбүз көргөндөй болушубуз керек. Улутташтыруу дегенде мыйзам бузулат. Акционерлер өздөрүнүн акчасын төлөп акциясын сатып алган, алардын арасында да таза иштегендери бар, алар талаада калат да. Эл аралык сот болобу, башкасы болобу биздин пайдабызга чечип бербейт.


Маекти толугу менен бул жерден угуңуз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG